11.06.2021-ж. № 396 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                    19-майындагы № 200 токтому менен дайындалган Баткен облусунун                            Баткен шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

Баткен облусунун Баткен шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Бурканов Имамназар Апызович көпчүлүк коалициясынан сунушталып катталган.

Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн                    жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен               Баткен шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып,                       И. Буркановго - 31 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен                                     Бурканов Имамназар Апызович Баткен шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.

Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 7-июнундагы Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын                7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Бурканов Имамназар Апызович Баткен облусунун Баткен шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.

2. Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Баткен шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.      

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 396