26.04.2021 №144 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл, Б. Мамбетов, Көл-Төр, Ак-Терек, Көк-Мойнок и Улахол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссияс

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл, Б. Мамбетов, Көл-Төр, Ак-Терек, Көк-Мойнок и Улахол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң, Күн-Чыгыш,     Төрт-Күл, Б. Мамбетов, Көл-Төр, Ак-Терек, Көк-Мойнок и Улахол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өткөн.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Тоң аймактык шайлоо комиссиясына 3, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги

- Тоң айылдык кеңешинин

- Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин

- Төрт-Күл айылдык кеңешинин

- Б. Мамбетов айылдык кеңешинин

- Көл-Төр айылдык кеңешинин

- Ак-Терек айылдык кеңешинин

- Көк-Мойнок айылдык кеңешинин

- Улахол айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-апрели

144