№82 Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 12-июндагы № 130-буйругу менен Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманов Улугбек Исманович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 13-июндагы № 11-б буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Молдогазиев Максатбек Аманкулович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 09-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Кара-Суу жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 20-июну
№ 82