26.06.20ж. №110 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар үчүн документтердин тизмеги, формалары жана усулдук материалдары жөнундө»
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар үчүн документтердин тизмеги, формалары жана усулдук материалдары жөнундө»
«Кыргыз Республикансынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 60, 61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумун өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик-укуктук актыларын шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүүлөргө ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар берген документтердин тизмеги №1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар берген документтеринин төмөнкүдөй формалары бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкандыгы жөнүндө саясий партиянын кабарлоо формасы (№1 форма);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын съездинин чечиминин формасы (№2 форма);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинин формасы (№3 форма);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы (№4 форма);
- Башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө маалыматтардын формасы (№5 форма).
- Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды, байкоочуларды каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар берген документтеринин төмөндөгүдөй формалары бекитилсин:
- Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн, ишенимдүү адамдардын, саясий партиялардын байкоочуларынын тизмесинин формасы (№6 форма);
- Ыйгарым укуктуу өкүл, саясий партиянын ишенимдүү адамы болууга макулдугу жөнүндө арыздын формасы (№7 форма);
- Ыйгарым укуктуу өкүлдү, саясий партиянын ишенимдүү адамын кайра чакыртып алуу жөнүндө кабарламанын формасы (№8 форма).
- Шайлоо комиссиялары берген документтердин төмөнкүдөй формалары бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ырастамасынын формасы (№9 форма);
- Ыйгарым укуктуу өкүлдү каттоо күбөлүгүнүн формасы (№10 форма);
- Саясий партиянын өкүлүнүн ырастамасынын формасы (№11форма);
- Саясий партиянын ишенимдүү адамынын ырастамасынын формасы (№12 форма);
- Саясий партиянын байкоочусунун ырастамасынын формасы (№13 – форма).
- 2–пункттун, 3, 4–пунктчаларында, 3–пункттун, 1- пунктчасында, көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар тарабынан кагаз түрүндө, ошондой эле машинада окулуучу түрүндө, анын ичинде «Электрондук талапкер» маалыматтык программасы аркылуу берилет.
Ушул токтом менен бекитилген документтердин машинада окулуучу түрүндөгү формалары шайлоочуларга талапкерлер жөнүндө маалымдоо, ошондой эле мыйзам менен бекитилген ведомстволор аралык өз ара тутум аркылуу талапкерлер жөнүндөгү маалыматтарды текшерүү үчүн колдонулат.
Көрсөтулгөн формалар алынып салынуучу маалымат каражаттарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилет.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялар үчүн усулдук материалдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйнагы жактырылсын.
- Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсун.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 26-июну
№110