Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренеси жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын саясий партиясынан депутат болуп шайланган деп табылган акыркы талапкерден кийин турган талапкерге өткөрүп берүү каралган. Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн беренелерди жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин, 4-беренесинин 1-пунктун, 6,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 31-январындагы №16 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Калмаматов Ажибай Айтиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп табылсын.
2.Калмаматов Ажибай Айтиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Калмаматов Ажибай Айтиевичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек шаары, 2014-жылдын 6-февралы
№ 17