30.04.2021 №175 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун, Ивановка, Сын-Таш, Юрьевка, Нурманбет, Красная - Речка, Кочкорбаев, Жээк, Ак-Кудук, Бирдик, Узун-Кыр, Интернациональный, Туз, Ысык-Ата, Люксембург, Логвиненко

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун, Ивановка, Сын-Таш, Юрьевка, Нурманбет, Красная - Речка, Кочкорбаев, Жээк, Ак-Кудук, Бирдик, Узун-Кыр, Интернациональный, Туз, Ысык-Ата, Люксембург, Логвиненко, Ново-Покровка жана Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун  Ысык-Ата районунун Кең-Булун, Ивановка, Сын-Таш, Юрьевка, Нурманбет, Красная - Речка, Кочкорбаев, Жээк, Ак-Кудук, Бирдик Узун-Кыр, Интернациональный, Туз, Ысык-Ата, Люксембург, Логвиненко, Ново-Покровка жана Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык – Ата  аймактык шайлоо комиссиясына 6 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги

- Кең-Булун айылдык кеңешинин

- Ивановка айылдык кеңешинин

- Сын-Таш айылдык кеңешинин

- Юрьевка айылдык кеңешинин

- Нурманбет айылдык кеңешинин

- Красная-Речка айылдык кеңешинин

- Кочкорбаев айылдык кеңешинин

- Жээк айылдык кеңешинин

- Ак-Кудук айылдык кеңешинин

- Бирдик айылдык кеңешинин

- Узун-Кыр айылдык кеңешинин

- Интернациональный айылдык кеңешинин

- Туз айылдык кеңешинин

- Ысык-Ата айылдык кеңешинин

- Люксембург айылдык кеңешинин

- Логвиненко айылдык кеңешинин

- Ново-Покровка айылдык кеңешинин

- Милянфан айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды  каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 30-апрели

№ 175