16.10.20 № 255 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р. А. Казакбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

“Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-октябрындагы №197 буйругу менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалган.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Казакбаев Руслан Айтбаевичичтин  ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Казакбаев Руслан Айтбаевичичтин  күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 16 октябры
№ 255