13.06.2021 № 431 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн ТаласоблусунунТаласрайонунунКөк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын21-майындагы №262токтому менен дайындалган ТаласоблусунунТаласрайонунун Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Көк-Ойайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Мурат Шамилькатталган. ТалапкерКөк-Ойайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Таласаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Көк-Ойайылдык кеңешиндеги 21 депутатын 19 депутаты катышып,Мурат Шамиль-17 добуш, жараксызбюллетень 1,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Таласаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Мурат ШамильКөк-Ойайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер –Борбашов Музурбек Турмабекович,Дүйшеналиев Канат Куштарбекович, Тажыканов Эмил Талантбекович Бердике баатырайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Шайлоо эки турда өттү. Таласаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу мененБердике баатырайылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,биринчи турунда М.Т. Борбашов – 1 добуш, К.К. Дүйшеналиев - 5 добуш,Э.М. Тажыканов– 4 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш, экинчи турунда К.К. Дүйшеналиев - 4 добуш, Э.М. Тажыканов – 6 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш, берилгендиги белгиленген.
Таласаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Тажыканов Эмил ТалантбековичБердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Таласоблусунун Таласрайонунун Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-июнундагыТаласаймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Таласоблусунун ТаласрайонунунКөк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонуннатыйжалары тууралуу Таласаймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын8-июнундагы протоколдорубекитилсин.
1.1. Таласоблусунун ТаласрайонунунКөк-ОйжанаБердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мурат ШамильТаласоблусунун Таласрайонунун Көк-Ойайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Тажыканов Эмил Талантбекович Таласоблусунун Таласрайонунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Таласаймактык шайлоо комиссиясы шайланганКөк-Ой жана Бердике баатыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-июну
№ 431