06.09.2019. №130 2019-жылдын 28-августунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-авгусундагы №121 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер катталган - Жолдошов Улан Апсатарович, Нурбаев Кубатали Мураталиевич. Алар жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Добуш берүүгө Бел айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 депутат катышкан. Добуш берүүдө Жолдошов У.А. - 0 добуш, Нурбаев К.М. - 18 добуш алган, жараксыз бюллетен -1, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына -2 добуш берилген.

Шайлоонун натыйжасында Нурбаев К.М., Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 28-августундагы кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2 Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Нурбаев Кубатали Мураталиевич табылсын.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Бел айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                         А.БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2019-жылдын  6-сентябры 
130