01.05.2021 №186 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ №21 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кант шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Кант шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 13 шайлоо участок түзүлгөн. Кант шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 10 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 6 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: “Бирге” - 19,79% (8 мандат); “Патриот Ынтымагы” - 15,63% (7 мандат); “Уулу-Журт” - 12,61% (5 мандат); “Республика” - 12,08% (5 мандат); “Калк Ынтымагы” - 7,93№ (3 мандат); “Эмгек” - 7,37% (3 мандат).
Шайлоочулардын саны 14 210 түзүп, анын ичинен 14 807 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 33,83% түзөт.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 даттануу келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жана Кант шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кант шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-майы
№ 186