11.06.2021-ж. № 398 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 202 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэринин кызмат ордуна 3 талапкер – Исмаилов Каныбек Арзибекович «Ынтымак» депутаттык фракциясынан, Тагаев Мирлан Конурович «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынан, Халбеков Абдысамат Диканбаевич «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.
Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Сүлүктү шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, К. Исмаиловго - 9 добуш, М. Тагаевге - 6 добуш, А. Халбековго - 16 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Халбеков Абдысамат Диканбаевич Сүлүктү шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Халбеков Абдысамат Диканбаевич Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Сүлүктү шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну
№ 398