|
2013-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 39 токтому менен дайындалган Кыргыз Республикасынын төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын: Баткен облусунун Кадамжай районунун Чаувай, Ак-Турпак айыл өкмөттөрүнүн, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү. Аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-,24-пункттарына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2013-жылдын 15-апрелиндеги Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын. Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин. Талапкер Торалиев Алчыбай Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелинсин. 2. 2013-жылдын 15-апрелиндеги Баткен облусунун Кадамжай районунун Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын. Баткен облусунун Кадамжай районунун Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин. Талапкер Кошбаева Халыйпа Ташболотовна Баткен облусунун Кадамжай районунун Чаувай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелинсин. 3. 2013-жылдын 15-апрелиндеги Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын. Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин. Талапкер Таиров Болотбек Эркебаевич Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелинсин. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 13-майы № 73 |
|
|
|
|