Жалал-Абад облусундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 12-мартындагы № 21-чечиминин, Нарын облусундагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 12-мартындагы № 6-чечиминин, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 11-мартындагы № 7-чечиминин негизинде шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча сунуштарына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт, Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ
УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2014-жылдын 13-марты
№ 46
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 13-марты
№ 46 токтомуна тиркеме
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин шайлоо участкаларынын чек аралары
№ 2062 “Кенжекулов” шайлоо участкасы.
Борбору: Ш.Кенжекулов атындагы орто мектеби.
Чек арасы: Уч-Малай айылынын чегинде.
Шайлоочулардын саны: 436
№ 2063 “Көк-Арт” гимназиясынын шайлоо участкасы.
Борбору: Көк-Арт гимназиясы.
Чек аралары: Жалгыз-Жаңгак айылынын Э.Чокморов атындагы көчөнүн чыгыш тарабынан айылдын аягына чейинки аймактын чегинде.
Шайлоочулардын саны: 1550
№ 2414 “Б.Төрөгелдиев” шайлоо участкасы.
Борбору: Б.Төрөгелдиев атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Жалгыз-Жаңгак айылынын Э.Чокморов атындагы көчөнүн батыш тарабынан баштап айылдын аягына чейинки аймактын чегинде.
Шайлоочулардын саны: 866
№ 2064 “Орозалиев” шайлоо участкасы.
Борбору: М.Орозалиев атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Жерге-Тал айылы Катмы участкасынын башкасы толугу менен кирген аймактын чектеринде.
Шайлоочулардын саны: 1639
№ 2415 “Мазар-Булак” шайлоо участкасы.
Борбору: Ж.Шабданов атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Мазар-Булак айылы толугу менен жана Жерге-Тал айылынын Т.Азимбаев, С.Жунусов көчөлөрүнүн баш жагы, Катмы участкасы кошулган аймактын чектеринде.
Шайлоочулардын саны: 681
Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин шайлоо участкаларынын чек аралары
№ 4121 “Көк-Ой” шайлоо участкасы.
Борбору: С.Турусбеков атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Көк-Ой айылы толугу менен кирет.
Шайлоочулардын саны: 1160
№ 4122 “Эмел” шайлоо участкасы.
Борбору: Эмел айылдык дүкөнүнүн имараты.
Чек аралары: Кичи-Арал айылы толугу менен кирет.
Шайлоочулардын саны: 111
№ 4123 “Арал” шайлоо участкасы.
Борбору: Б.Кожоналиев атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Арал айылы толугу менен кирет.
Шайлоочулардын саны: 128
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин шайлоо участкаларынын чек аралары
№ 4013 “Казыбек” шайлоо участкасы.
Борбору: Н.Үсөналиев атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Казыбек айылынын калктуу конушу толугу менен жана анын аймагындагы сарайлар, бөксө кыштоолор кирет.
Шайлоочулардын саны: 2217
№ 4014 “Жаңы-Күч” шайлоо участкасы.
Борбору: Ж.Кайыпов атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Жаңы-Күч айылынын калктуу конушу толугу менен жана анын аймагындагы сарайлар, бөксө кыштоолор кирет.
Шайлоочулардын саны: 497