Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бектемир Жаңыбаевич Султаналиевдин берген арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4,7,8,15-пункттарына, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана кайрадан түзүү жөнүндө” Жобого ылайык, ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлундагы чүчүкулактын жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- “Улуу Биримдик” Улуттук-демократиялык партиясынан Султаналиев Бектемир Жаңыбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Сатыбалдиев Чапрашты Жаңыбекович комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
2. Ушул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 27-июлу
№ 59