Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү башталды
21.09.2019

2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү башталды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 2 шайлоо участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү башталды. Шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү ниети жөнүндө бардыгы 3 шайлоочудан арыз түштү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 2-пунктуна ылайык добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Эмилбеков Улан Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
20.09.2019

Эмилбеков Улан Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 20-сентябрда КР БШКнын мүчөлөрү Тоң аймакктык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Эмилбеков Улан Эмилбековичти Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды. Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 10-сентябрда болуп өттү. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок. Эмилбеков Улан Эмилбекович 1990-жылы 24-октябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылында туулган. Билими жогорку. Кыргыз-Түрк “Манас”  университетин “финансы” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом №CF120025852, каттоо номуру №12/156, 2012-ж. 20-июнь). Эмгек жолу: 05.06.2017-10.09.2019-жж. – Улахол айылдык кеңеши, депутат; 18.10.2017-10.09.2019-жж. – “Байкут Агро” дыйкан чарбасы, жетекчи; 01.04.2013-17.06.2013-жж. – “Bishkek Metal Packaging” ЖЧК, коммерциялык директор; 01.11.2012- 21.02.2013-жж. – “Bishkek Metal Packaging” ЖЧК, соода иштери боюнча директор. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору берген маалымкатка ылайык Эмилбеков Улан Эмилбековичтин Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
20.09.2019

Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2019-жылдын 20-сентябрындагы токтому менен Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 9-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 11-сентябрындагы №52 буйругу менен Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Баялиев Кайрат Сатыбаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин жети депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
20.09.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин жети депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылы 20-сентябрда КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Көл, Аксы, Базар-Коргон, Кадамжай, Жети-Өгүз, Түп жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Бабаканов Эркиналы (“Энергетик” фракциясы, №10, Кара-Көл шаардык кеңеши). Мандат Кара-Көл АШКнын чечими менен саясий партиядан шайланган депутаттан кийинки №17 талапкер Култаев Бакытка өткөрүп берилди. Токсонов Маратбек (Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Токоев Алмазга өткөрүп берилди. Баткен облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Усенов Даниярбек (Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Манатов Имамидинге өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Алиев Нурлан (Жети-Өгүз районунун Даркан айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Алдашев Русланга өткөрүп берилди. Акматов Бактыбек (Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Исаев Төлөмүшкө өткөрүп берилди. Соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаты өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Жунусбаев Алтынбек (Аксы районунун Ш. Назаралиев айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Шайымкулов Мадаминге өткөрүп берилди. Каза болгонуна байланыштуу Ош облусунун төмөнкү депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду: Кадыров Мансур (Кара-Суу районунун Нариман айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Усманов Одилге өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды
20.09.2019

Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды

Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калганына байланыштуу 2019-жылы 20-сентябрда КР БШК жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2019-жылдын 4-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындады. Депутаттар талапкерге салыштырмалуу “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көпчүлүк добуш бергенине байланыштуу 2019-жылдын 17-сентябрына дайындалган Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калган. Кемин АШКга шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БУУӨП шайлоо талаш-тартыштарын чечүүдө, ыкчам чара көрүүдө жана шайлоонун коопсуздугу менен туруктуулугун камсыздоодо санариптештирүүгө жана натыйжалуу уюштурууга мындан ары колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдирди
19.09.2019

БУУӨП шайлоо талаш-тартыштарын чечүүдө, ыкчам чара көрүүдө жана шайлоонун коопсуздугу менен туруктуулугун камсыздоодо санариптештирүүгө жана натыйжалуу уюштурууга мындан ары колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдирди

БУУӨПнын Баалоо Миссиясынын иш сапарынын жүрүшүндө шайлоо боюнча талаш-тартыштарды натыйжалуу чечүү, ыкчам чара көрүү, шайлоонун коопсуздугу жана туруктуулугу маселелери боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын окуп-үйрөнүүгө жана баалоого кызыккандыгын көрсөттү. Бул маселеге атайын жолугушуу арналып, ал КР БШКда 2019-жылдын 19-сентябрында КР БШКнын өз ара аракеттешүүсү жана жалпы координациясы астында шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусу менен болуп өттү. Баалоо миссиясынын курамында төмөндөгүлөр болду: Европа Комиссиясынын жана БУУӨПнын шайлоо өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча биргелешкен максаттуу топтун координатору, шайлоолор боюнча улук кеңешчи Жанпиреро Катоцци, БУУӨПнын шайлоо саясаты боюнча талдоочусу Риса Арай, ошондой эле шайлоолордо чыр-чатактарды болтурбай коюу боюнча БУУӨПнын кенже кызматкери Сари Нуп. Кыргыз тараптан жолугушууга төмөнкүлөр катышты: КР БШКнын башчысы Н. Шайлдабекова, КР Жогорку Сотунун, КР Башкы прокуратурасынын, КР Ички иштер министрлигинин, ошондой эле КРӨга караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап, 2017-жылдагы КР Президентин шайлоонун жүрүшүндө ийгиликтүү колдонулган, курамына КР БШКнын, прокуратуранын жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү кирген Ыкчам чара көрүү координциялык топтун (ЫЧКТ) иш жүргүзүүсүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын көрсөттү.  Мындай атайын топтор тиешелүү маалыматтар түшүшү менен шайлоо мыйзамдарынын бузууларга сергек жана дароо чара көрүү жана укук бузуулардын жоюу көрүлгөн чаралар тууралуу жарандарга маалымат берүү максатында шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлөт. 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы менен мыйзамдын милдеттүү ченеми катарында бекитүүнүн эсебинен ЫЧКТ түзүү боюнча КР БШК тарабынан киргизилген практиканын туруктуулугу камсыз болду. КР БШКнын Төрагасы Н.Шайлдабекова миссиянын өкүлдөрүн бул тутум Кыргызстанда кандай уюшулгандыгы, арыздарды, данттанууларды жана кайрылууларды берүү үчүн кандай линиялар жана жарандар үчүн мүмкүн болуучу каналдар бар экендиги, шайлоолордун коопсуздугун камсыздоо жана чыр-чатакты болтурбоо боюнча алдын алуу чараларын көрүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуу тутуму кандай түрдө түзүлгөндүгү ж.б. менен тааныштырды.  КР БШК киргизген жарандардын даттанууларынын жана кайралууларынын электрондук реестринин алкагында, жарандардын даттанууларды жана кайрылууларды электрондук берүүсүнүн, аларды карап чыгуу жана чечим кабыл алуунун натыйжаларын алыстан контролдоо жана байкоо жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана ачык-айкындыгы ачык көрсөтүлдү. Миссиянын башчысы Жанпиреро Катоцци өз кезегинде кыргыз тарапты шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу жана ыкчам чара көрүү маселелери боюнча эл аралык тажрыйба менен тааныштырды.  ЫЧКТнын жөнгө салынган ишине жогору баа берди жана шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу жана ыкчам чара көрүү маселелеринде Кыргызстан өз тажрыйбасын топтогондугун тааныды. Процессти санариптештирүүнү кеңейтүү жаатында жергиликтүү деңгээлде дараметти жогорулатуунун, кошумча программалык камсыздоонун (бардык деңгээлдерде абалга байкоо жүргүзүү үчүн веб-сайт), жергиликтүү деңгээлде зарыл болгон жабдыктар жана байланыш каражаттары менен камсыздоонун, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүү жол-жоболорун жана тартибин киргизүүнүн эсебинен Кыргызстан колдонуп жаткан моделди мындан ары өркүндөтүүнүн мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү келечекте чыр-чатактарды болтурбай коюуга, тутумду аналитикалык жана статистикалык маалыматтарды түзүүгө колдонууга, жаңжалдарды текшерип көрүү жана классификациялоону, глобалдык жалпы улуттук деңгээлдеги тенденцияларга байкоо жүргүзүүгө жана келип чыгып жаткан жаңжалдарга андан аркы стратегиялык жактан баа берүүгө мүмкүндүк берет. Миссиянын башчысы бул багытта БУУӨП көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, жолугушуулардын натыйжалары жана 2020-жылдагы КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү, бүтүндөй 2019-2021-жылдардагы шайлоо циклин колдоонун алкагында жүргүзүлгөн муктаждыктарды баалоонун долбоордук документинде белгилеп кетээрин билдирди. Өз кезегинде, мамлекеттик органдар шайлоолордун коопсуздугун камсыздоо жана шайлоо боюнча талаш-тартыштарды чечүү боюнча өз ишмердүүлүгүн чагылдырышты  жана бул багытта өз ишин өркүндөтүү боюнча сунуш катары кездешип болуп жаткан муктаждыктарды жана идеяларды айтып беришти. КР ИИМ: алдыда келе жаткан шайлоолорго карата окутууларды өткөрүү, чара көрүү топтору тартип бузууларды аныктоосу үчүн уюштуруу техникасы жана шайлоолордун коопсуздугун уюштуруу боюнча башка техникалар (металл издөөчү) менен камсыздоо, долбоорду андан ары ишке ашыруу үчүн эки региондун деңгээлинде пилоттук негизде өткөрүү мүмкүнчүлүгү.   КР Башкы прокуратурасы: санариптештирүүгө жана тартип бузуулар жөнүндө маалыматтарды ыкчам түрдө берүүдө өз ара аракеттешүүсүнө көмөк көрсөтүү, программалык камсыздоодо прокуратура органдары үчүн бузууларга байкоо жүргүзүүнү жана аларды талдоону уюштуруу. Жогорку Соттун шайлоодогу талаш-тартыштарды кароо боюнча соттук коллегиясы: электрондук сот өндүрүшүнүн тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү – коллегияга арыз жана даттануунун электрондук форматы, арызды же даттанууну кароо учурунда арыз берүүчүлөрдүн онлайн катышуусу, процесстерди санариптештирүү – тенденцияларга байкоо жүргүзүү, шайлоолордун коопсуздугун камсыздоодогу превентивдүү чаралар. КР БШК: шайлоолордун коопсуздугун камсыздоо тутумунун туруктуулугун камсыздоо боюнча жооптуу Жумушчу органды шайлоолордун коопсуздугун камсыздоо боюнча аналитикалык кызмат түрүндө уюмдаштыруу, ыкчам чара көрүү тобунун дараметин жогорулатуу, жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте шайлоолордун коопсуздугун камсыз камсыздоо боюнча топтун иштөөсүнүн усулун иштеп чыгуу, ыкчам чара көрүү процессин, шайлоолордун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоочу топтордун ишин андан ары санариптештирүү, төмөнкү деңгээлдерди байланыш каражаттары менен камсыздоо, Кыргызстандын тажрыйбасына кызыккан өлкөлөр үчүн мисал катары жана тажрыйба алмашуу үчүн колдонулуп жаткан технологиялар боюнча кейстерди иштеп чыгууда КР БШКнын колдонууга киргизген практикаларынын туруктуулугун камсыздоодо БУУӨПнын көмөктөшүүсү. Корутунду бөлүгүндө Миссиянын башчысы Жанпиреро Катоцци жолугушуулардын жана 2020-жылдагы КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча КРнын муктаждыктарын баалоонун натыйжалары боюнча жолугушуулардын катышуучулары тарабынан айтылган учурдагы муктаждыктар жана Кыргыз Республикасында шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан процесстерди мындан ары өркүндөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чагылдыраарын, жана бул долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстарды тартуу максатында КР БШК менен макулдашылган Долбоордук документти БУУӨПнын эл аралык өнөктөштөрүнө берээрин дагы бир жолу белгиледи. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады
19.09.2019

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады

2019-жылы 19-сентябрда саат 18:00дө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады. Шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө бардыгы 3 арыз түштү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 2-пунктуна ылайык добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. 2019-жылы 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тил майрамын белгиледи
19.09.2019

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тил майрамын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик тил жөнүндө  мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү, даңазалоо, тил саясатын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааркесин белгилөө үчүн улуу инсандын басып өткөн жолун, эмгектерин эскерип, кызматкерлер арасында “Улут болсом, тилим менен улутмун” деген аталышта сынак өткөрдү. Сынактын жүрүшүндө кызматкерлер эки топко бөлүнүп, кыргыз элинин күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонулуп келген эски сөздөрдү чечмелеп, А. Орозбековдун өмүр баянына байланыштуу суроолорго жооп берип, андан тышкары макал-ылакап, алым-сабак, элдик оозеки чыгармалардан (эпостон үзүндү, элдик ыр, дастан ж.б.) үзүндүлөрдү аткарышты. Сынакка жигердүү катышкан кызматкерлерге ыраазычылык кат, белектер берилип, жеңүүчүлөр диплом жана башка сыйлыктар ыйгарылды. КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик кызматчылар кыргыз тилин мындан дагы терең үйрөнүүгө, мамлекеттик тилде сабаттуу жаза жана сүйлөй билүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи. Бүгүнкүгө карата Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын 98 кызматкери, аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү жана тутумдук админстраторлору “Кыргызтест” тутуму боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоого катышкан, анын ичинде 19 кызматкер эң жогорку деңгээлдеги С1 сертификатына ээ болгон. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 20-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
19.09.2019

2019-жылдын 20-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  20 -сентябрь 2019-ж.  Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2019-жылы 10-сентябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнун башчысын кайра шайлоону жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону  дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтнүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Көл, Аксы,  Базар-Коргон, Кадамжай, Жети-Өгүз, Түп жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер Төрага
Кененирээк билүү >>
Бишкекте 2020-жылы КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдануу алкагында муктаждыктарды баалоо боюнча жана жалпысынан 2019-2021-жылдардагы шайлоолор циклин колдоо үчүн БУУӨПнын Баалоо Миссиясы менен консультациялар өттү
18.09.2019

Бишкекте 2020-жылы КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдануу алкагында муктаждыктарды баалоо боюнча жана жалпысынан 2019-2021-жылдардагы шайлоолор циклин колдоо үчүн БУУӨПнын Баалоо Миссиясы менен консультациялар өттү

2019-жылы 18-сентябрда БУУӨПнын Баалоо Миссиясынын КР БШКнын башчысы Н. Шайлдабекова жана КР БШКнын негизги бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү. Баалоо миссиясынын курамында төмөндөгүлөр болду: Европа Комиссиясынын жана БУУӨПнын шайлоо өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча биргелешкен максаттуу топтун координатору, шайлоолор боюнча улук кеңешчи Жанпиреро Катоцци, БУУӨПнын шайлоо саясаты боюнча талдоочусу Риса Арай, ошондой эле шайлоолордо чыр-чатактарды болтурбай коюу боюнча БУУӨПнын кенже кызматкери Сари Нуп. Жолугушуунун жүрүшүндө БУУӨП миссиясы Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессинде жаңы технологияларды колдонуунун алкагында жетишилген натыйжалар, 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Стратегиясынын алкагында чараларды ишке ашыруунун көз натыйжасында жарандардын шайлоолорго, жаңычылдыктарга ишеним деңгээлин жогорулатуу боюнча Боршайком тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, шайлоо боюнча талаш-тартыштарды чечүү, саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди каржылоонун ачык-айкындыгын камсыздоо маселелери, ошондой эле жаңжалдардын алдын алуу, шайлоо укуктарын бузууда ыкчам чара көрүү, шайлоолордун коопсуздугун тынч жол менен камсыздоо, шайлоо процессинин катышуучуларынын теңдиги үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жаатында Кыргызстандын тажрыйбасы менен тааныштырылды. Ошондой эле, шайлоолорду көз карандысыз уюштуруучу катары шайлоо комиссияларынын дараметин жана жарандардын укук маданиятын жогорулатуу тутумдары жөнүндө маалымат берилди. БУУӨПнын баалоо миссиясы КР БШКнын шайлоо процессин өркүндөтүүдөгү тажрыйбасын жана жетишкендиктерин жогору баалады жана шайлоо тутумунун жолугушуунун жүрүшүндө макулдашылган муктаждыктарды, атап айтканда – процесстерди мындан ары санариптештирүүдө, жергиликтүү деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн керектүү жабдыктар жана техникалык каражаттар менен жабдууда, программалык өнүмдөрдү иштеп чыгууда, IT команданы, жогорку квалификациялуу эксперттерди ж.б. колдоо маселелери боюнча эске алуу менен мындан ары эл аралык уюмдардын ресурстарын тартууга колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Жолугушуулардын жана өткөрүлгөн 2020-жылдагы КР ЖК депутаттарын шайлоо боюнча КРнын муктаждыктарды баалоонун натыйжалары боюнча, 2019-2021-жылдагы шайлоолор циклин колдоо максатында Миссия Долбоордук документ даярдайт, ал ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстарды тартуу максатында эл аралык өнөктөштөрдүн кароосуна жиберилет. Мындан тышкары, миссия тарабынан шайлоолор боюнча талаш-тартыштарды чечүүнү натыйжалуу уюштуруу, ыкчам чара көрүү жана бүтүндөй шайлоолордун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо маселелерине кызыкканы көрсөтүлдү. Бул маселелерге атайын жолугушуу арналып, ал КР БШКда 2019-жылдын 19-сентябрында, КР БШКнын бирге аракеттешүүсү жана жалпы координациясы астында шайлоолордун коопсуздугун камсыздаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусу менен болуп өттү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жети-Өгүз районунун шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутту
18.09.2019

КР БШК Жети-Өгүз районунун шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутту

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу алкагында КР БШКнын борбордук аппаратынын эксперти жана  атайын өкүлү 2019-жылдын 14-сентябрынан 17-сентябрына чейин аймактык жана  участоктук шайлоо комиссияларынын 50 мүчөсүн окутту. Окутуу шайлоо комиссияларынын ишин натыйжалуу пландоонун көндүмдөрүн калыптандырууга, АШК жана УШКлардын иш-милдеттерин аткара билүүсүнө, бийликтин жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттешүүсүнө багытталган. Окутуу программасына төмөнкү маселелер киргизилди: -шайлоо комиссияларынын шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү боюнча ишинин этаптары; -АШК жана УШКлардын ишинин эрежелери боюнча нускама; -шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендери менен иштөө боюнча маселелер; -добуш берүү күнүнө чейин, добуш берүү күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдануу; -ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоонун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, жайдан тышкары добуш берүү боюнча УШКлардын проблемалары; -ыйгарым укуктарын аткарбаган шартта АШК мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жана ыйгарым укуктарын аткарбагандыктын кесепеттери; -УШКлардын жана талапкерлер менен ЖМК өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын өз ара аракеттешүүсү. Маалымат катары: 2019-жылы 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды
17.09.2019

Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды

Депутаттар талапкерге салыштырмалуу “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көпчүлүк добуш бергенине байланыштуу 2019-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды. Ильич айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
17.09.2019

2019-жылы 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Экинчи турда 18 добуш алган Дуулатов Равшанбек Пайызкулович Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Т. Балтагулов айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, алардын 19у катышты. Шайлоо эки тур менен өттү. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 16-сентябрына карата Саруу айылдык кеӊешинин талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
17.09.2019

2019-жылдын 16-сентябрына карата Саруу айылдык кеӊешинин талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2019-жылдын 16-сентябрына карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат. Саруу айылдык кеӊеши № Талапкерлер/саясий партиялар Келиптүштү Чыгымдалды Калдык 1 п/п "Мекен Ынтымагы" 33050 32920 130 2 Сатинов Н.Б. 1050 1020 30 3 Мукамбетов Т.А. 1025 1020 5 4 Кыдыкбаев А.О. 1050 1020 30 5 Досалиев С.А. 1050 1020 30 6 Керимов К.Ж. 1030 1020 10 7 Усенбаев Р.М. 1030 1020 10 8 Токтонбаев Т.У. 1042 1020 22 9 Шералиев А.Э. 1030 1020 10 10 Шамбетов К.Д. 1030 1020 10 11 Сатыбалдиев Т.И. 1030 1020 10 12 Усенбаев А.А. 1020 1020 0 13 Догдурбек У.У. 1020 1020 0 14 Акматов Б.А. 1030 1020 10 15 Иманалиев К.Т. 1030 1020 10 16 Атабаев С.А. 1150 1150 0 17 Курманов К.Д. 1150 1150 0 18 Абдыкеримов Б.Э. 1540 1540 0 19 Абдиев Б.Д. 1020 1020 0 20 Дербишев Н.Ж. 1150 1150 0 21 Искаков Т.С. 1020 1020 0 22 Эсенкожоев А.Ш. 1020 1020 0 23 Мамбеткалыков М.Т. 1020 1020 0 24 Маданов Б.А. 3020 2020 1000 25 Зарылбеков Н.З. 2020 1500 520 26 Конокбаев Ж.А. 1020 1020 0 27 Кенжебаев У.С. 1020 1020 0 28 Базарбаев С.А. 1020 1020 0 29 Качкымбаева А.М. 1020 1020 0 30 Ургазиев Б.А. 2282 2220 62 31 Абдыракунов Д.К. 2120 2120 0 32 Искаков С. 1540 1540 0 33 Орозобеков У.О. 1020 1020 0 34 Апенов К.Б. 1030 1020 10 35 Чыныбаев А.А. 2270 2220 50 36 Илесбек У.Р. 2290 2270 20 37 Омурбаев А.А. 1020 1020 0 38 Искакова В.З. 1020 1020 0 39 Шахматова Э.А. 1020 1020 0 40 Токторбаев Т.Б. 1250 1020 230 41 Умоталиева Ш.К. 1020 1020 0 42 Эсенгелдиев Т.С. 1500 1020 480 43 Искаков Н.Т. 1500 1500 0 44 Нурбек у. А. 4400 4230 170 45 Калиев У.У. 1250 1020 230 46 Мендибаев З.К. 1670 1670 0 47 Чыналиев А.Ж. 2170 2170 0 48 Усенов К.А. 1150 1150 0 49 Акпарова Н.А. 1650 1650 0 50 Усупбаев Ж.А. 1150 1150 0 51 Касымбаев С.Б. 2170 2170 0 52 Дуйшеева А.К. 1150 1150 0 53 Зарлыков Э.К. 1150 1150 0 54 Кыдыева А.А. 1150 1150 0 55 Исаев А.Ж. 1150 1150 0 56 Улушбаев Г.М. 1670 1670 0 57 Шекенбаева К.О. 1650 1650 0 58 Абдрахманов Д.К. 1150 1150 0 59 Искаков Э.Б. 1150 1150 0 60 Сулайманов А.Ш. 1660 1650 10 61 Абдыраев Ж.Т. 1150 1150 0 62 Мамбетов Э.Ш. 1150 1150 0 63 Акунов Т.К. 1150 1150 0 64 Аскарбек У.У. 1150 1150 0 65 Абдрасулова Г.А. 1150 1150 0 66 Оморова А.С. 1150 1150 0 67 Сагыналиева Р.С. 1150 1150 0 68 Акматова С.Т. 1150 1150 0 БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
КР БШК айылдык кеңештерде аял талапкерлер үчүн мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин резервге калтырууну эсепке алуу менен мандаттарды бөлүштүрүүнүн механизмин ченемдик негизде бекитти
13.09.2019

КР БШК айылдык кеңештерде аял талапкерлер үчүн мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин резервге калтырууну эсепке алуу менен мандаттарды бөлүштүрүүнүн механизмин ченемдик негизде бекитти

2019-жылы 13-сентябрда КР БШК мүчөлөрү аялдар үчүн мандаттарды резервге калтыруунун механизмин ишке ашыруу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколду толтуруу тартиби жаатында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобону кабыл алышты. Жеке алганда, аймактык шайлоо комиссиясы ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин добуштарын кошкондон кийин маалыматтарды рейтинг боюнча протоколго киргизет. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча аялдар үчүн мандаттардын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат. Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот: 1) 2 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат; 2) 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат; 3) 4 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат; 4) 5 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат; 5) 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат; 6) 7 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 7) 8 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 8) 9 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 9) 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 10) 11 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат; 11) 12 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат; 12) 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат; 13) 14 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат; 14) 15 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат; 15) 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо адегенде резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат. Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат. Талапкерлер добуштардын бирдей санына ээ болгондо мурда катталган талапкер шайланган болуп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет. Мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга мандат берилет. Эгерде талапкер аялдар калбаса, тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына 79 талапкердин ичинен 16 аял катталганын эске салабыз. Бул Саруу айылдык кеңешинин үч округунун ар биринде 30% б.а. ар бир шайлоо округунда 3төн кем эмес мандат талапкер аялдар үчүн резервге калтырылат дегенди билдирет. Саруу айылдык кеңешине бардыгы 21 депутат шайланат,  шайлоо 2019-жылы 22-сентябрда 7 мандаттуу үч округда өткөрүлөт. Өзгөртүүлөргө ылайык Саруу айылдык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үч шайлоо округунда мандаттар төмөнкүчө резервге калтырылат: 1. 7 мандаттуу №1 Саруу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 2. 7 мандаттуу №2 Санаторий шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 3. 7 мандаттуу №3 Чабалдаев шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат. Саруу айылдык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоодо бардыгы 21 мандатка 9 мандат резервге калтырылат КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жети-Өгүз АШКга шайлоо бюллетендерин өткөрүп берди
13.09.2019

КР БШК Жети-Өгүз АШКга шайлоо бюллетендерин өткөрүп берди

2019-жылы 13-сентябрда “Учкун” ААК имаратында КР БШК мүчөлөрү жана аппараттын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендери Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилди. Мамлекеттик тилде бардыгы 5199 бюллетень даярдалды. Аппараттын кызматкерлери тарабынан “Учкун” ААКта бюллетендерди даярдоо процессине байкоо жүргүзүлдү. Кайтаруу укук коргоо органдарынын (УКМК жана ИИМ) кызматкерлери тарабынан камсыздалды. “Учкун” ААКтын басып чыгаруу цехинде басылган шайлоо бюллетендерин тесттен өткөрүүчү жабдыктын комплекти орнотулган. Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы коргоосу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын коргоо боёгу менен боёлот. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 342 344 … 483