Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Москва, Панфилов, Каракол, Ат-Башы жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
• Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Колоева Бактыгүл Раимбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Пашунько Татьяна Сергеевнага өткөрүлүп берилди;
* Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Осмоналиев Жеңиш Калыбековичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Егембердиев Урмат Каратаевичке (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык партиясынан) өткөрүлүп берилди;
• Каракол шаардык кеңешинин депутаттары Омуркулов Бактыбек Конокбековичтин жана Торобеков Азамат Нурлановичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Казакбаев Кайрат Аныварбековичке жана Сагынбек уулу Эрланга (“Ынтымак” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;
• Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Муратова Жасмина Муратовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;
* Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары Иманбеков Бактыярдын жана Сыдыков Кенжебек Бакасовичтин (“Жаштар” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Оморкулов Улан Тынарбековичке жана Тургуналиев Замирбек Бактыбековичке (“Жаштар” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди.