Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды
17 сентября 2019
Депутаттар талапкерге салыштырмалуу “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көпчүлүк добуш бергенине байланыштуу 2019-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды.
Ильич айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
