КР БШК Жети-Өгүз районунун шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутту
18 сентября 2019
Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу алкагында КР БШКнын борбордук аппаратынын эксперти жана атайын өкүлү 2019-жылдын 14-сентябрынан 17-сентябрына чейин аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын 50 мүчөсүн окутту.
Окутуу шайлоо комиссияларынын ишин натыйжалуу пландоонун көндүмдөрүн калыптандырууга, АШК жана УШКлардын иш-милдеттерин аткара билүүсүнө, бийликтин жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттешүүсүнө багытталган.
Окутуу программасына төмөнкү маселелер киргизилди:
-шайлоо комиссияларынын шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү боюнча ишинин этаптары;
-АШК жана УШКлардын ишинин эрежелери боюнча нускама;
-шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендери менен иштөө боюнча маселелер;
-добуш берүү күнүнө чейин, добуш берүү күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдануу;
-ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоонун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, жайдан тышкары добуш берүү боюнча УШКлардын проблемалары;
-ыйгарым укуктарын аткарбаган шартта АШК мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жана ыйгарым укуктарын аткарбагандыктын кесепеттери;
-УШКлардын жана талапкерлер менен ЖМК өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын өз ара аракеттешүүсү.
Маалымат катары:
2019-жылы 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
