Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
13.09.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылы 13-сентябрда КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Москва, Ат-Башы жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Чүй облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Ташкулов Нурлан (Москва районунун Садовский айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Малоэр Хусеге өткөрүп берилди. Нарын облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Жолдошев Алмаз (“Республика-Ата-Журт” фракциясы, №2, Нарын шаардык кеңеши). Мандат Нарын шаардык АШКнын чечими менен саясий партиядан шайланган депутаттан кийинки №15 талапкер Таалайбек уулу Камчыбекке өткөрүп берилди. Аттокурова Сымбаткан (Ат-Башы районунун Ак-Жар айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Осмонкожоев Турганбекке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Исмаилов Нурбек (“Өнүгүү-Проргесс” фракциясы, №6, Жалал-Абад шаардык кеңеши). Мандат Жалал-Абад АШКнын чечими менен саясий партиядан шайланган депутаттан кийинки №12 талапкер Таев Элдоско өткөрүп берилди. Нарын облусунда төмөнкүлөр өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды: талапкер Турсуналиев Эрмек («Республика-Ата-Журт» фракциясы, № 8, Нарын шаардык кеңеши). талапкер Телтаев Максат («Республика-Ата-Журт» фракциясы, № 11, Нарын шаардык кеңеши а). талапкер Кыдыров Уланбек («Республика-Ата-Журт» фракциясы, № 14, Нарын шаардык кеңеши). КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Нарын шаарынын мэрин шайлоо дайындалды
13.09.2019

Нарын шаарынын мэрин шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2019-жылдын 13-сентябрдагы токтому менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 1-октябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 5-сентябрдагы № 519 буйругу менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек жана Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
13.09.2019

Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек жана Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2019-жылдын 13-сентябрдагы токтому менен Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 1-октябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды. Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №210-р буйругу менен Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Раев Марлис Турусбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 2-сентябрындагы №248-р буйругу менен Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Чакибаев Эмиль Акжолтоевич берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
13.09.2019

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Касымов Бактыбек Өмүркуловичтен, Кыдыева Акылыйма Асангуловнадан жана Мамбеталиев Назарбек Жумабаевичтен комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө түшкөн арыздардын негизинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: - Касымов Бактыбек Өмүркулович – “Кыргызстан социал-демократиялык партия” саясий партиясынан, Кыдыева Акылыйма Асангуловна, Мамбеталиев Назарбек Жумабаевич – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, комиссиянын курамынан чыгарылды; - Сабаев Мирзат Асанович – “Кыргызстандын жашылдар партиясы” саясий партиясынан, комиссиянын резервинен чыгарылды; - Кутунаев Муратбек Борсукович, Кыдыманова Наргиза Абылаевна, Малаев Каныбек Жумалиевич – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, резервден комиссиянын курамына киргизилди. Мүчөлөрдүн шайлоо  комиссиясынын курамынан жана резервинен чыгуусунун себептери: - үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу – 1; - негизги иш менен айкалышпагандыгы – 2; - Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталганына байланыштуу – 1. Өзгөртүүлөргө ылайык шайлоо комиссиясынын учурдагы курамына саясий партиялардан 5 өкүл, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 7 өкүл кирди. Жети-Өгүз АШКнын курамы (12 адам) төмөнкүдөй: - саясий партиялардан 6 өкүл (“Мекен Ынтымагы”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан”, “Туран” демократиялык партиясы, “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана патриотизм партиясы, Эмгек Партиясы); - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 6 өкүл. Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 19 өкүл жана “Кыргызстандын жашылдар партиясы” саясий партиясынан 1 өкүл турат. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 13-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
12.09.2019

2019-жылдын 13-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 13-сентябрь 2019-ж.  Убактысы: 11:00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндо (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Москва, Нарын шаардык, Ат-Башы, Жалал-Абад жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын укуктук ченемдик актыларын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамынын аялдар үчүн мандаттарды резервдөө механизмин ишке ашыруу боюнча ченемдерине ылайык келтирүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Ар түрдүү маселелер Төрага
Кененирээк билүү >>
Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер өз программаларын беришти
12.09.2019

Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер өз программаларын беришти

Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын беришти. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2019-жылы 20-августта күчүнө кирген өзгөртүүлөрүнө ылайык эми талапкерлер жана саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссиясында талапкер, талапкерлердин тизмелери катталган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү шайлоо комиссиясына программаларын берет. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин, саясий партиялардын программаларын расмий сайтта жарыялайт. Талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда олуттуу программалык атаандаштык болбогондуктан жана шайлоочулардын өз тандоосун аныктоо үчүн программалар жөнүндө маалыматы жетишсиз болгондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр киргизилген. Талапкерлердин программалары: №1 Саруу шайлоо округу № Ф., аты-жөнү Көрсөтүү 1 Абдыкеримов Болот Эсентурович Өзүн өзү көрсөтүү 2 Абдыракунов Достукбек Кудайбергенович Өзүн өзү көрсөтүү 3 Акматов Бактияр Амантурович Өзүн өзү көрсөтүү 4 Акпарова Назик Акпаровна Өзүн өзү көрсөтүү 5 Акунов Тынчыбек Казиевич Өзүн өзү көрсөтүү 6 Атабаев Саламат Ашымович Өзүн өзү көрсөтүү 7 Дербишев Нурдоолот Жакыпович Өзүн өзү көрсөтүү 8 Догдурбек уулу Улан Өзүн өзү көрсөтүү 9 Ибраева Үмүткөр Ишенбаевна «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы 10 Илесбек уулу Руслан Өзүн өзү көрсөтүү 11 Исаев Адылбек Жолочиевич Өзүн өзү көрсөтүү 12 Искаков Нурлан Табалдиевич Өзүн өзү көрсөтүү 13 Искаков Сатыбалды Өзүн өзү көрсөтүү 14 Касымбаев Санжар Бактыбекович Өзүн өзү көрсөтүү 15 Кыдыкбаев Алтынбек Омурбаевич Өзүн өзү көрсөтүү 16 Мамбетов Эсенболот Шадыканович Өзүн өзү көрсөтүү 17 Мендибаев Кубанычбек Бейшеевич «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы 18 Мукамбетов Талайбек Асанбаевич Өзүн өзү көрсөтүү 19 Нурбек уулу Алишер Өзүн өзү көрсөтүү 20 Орозобеков Уланычбек Орозобекович Өзүн өзү көрсөтүү 21 Сатинов Нурбек Бекболотович Өзүн өзү көрсөтүү 22 Сатыбалдиев Талайбек Исакунович Өзүн өзү көрсөтүү 23 Токтонбаев Таалайбек Үсөнкадырович Өзүн өзү көрсөтүү 24 Токторбаев Темирлан Бейшеналиевич Өзүн өзү көрсөтүү 25 Усенов Кайратбек Аскербекович Өзүн өзү көрсөтүү 26 Учубаев Дамирбек Аскербекович «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы 27 Үлүшбаев Гүлжигит Муканбетович Өзүн өзү көрсөтүү 28 Үмөталиева Шайымкүл Өзүн өзү көрсөтүү 29 Чыналиев Айбек Жаныбекович Өзүн өзү көрсөтүү 30 Чыныбаев Бакай Казыбекович «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы 31 Шүкүров Акжолтой Карыпбаевич «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы 32 Эсенгелдиев Төлөмүш Саякович Өзүн өзү көрсөтүү №2 Санаторий шайлоо округу № Ф., аты-жөнү Көрсөтүү 1 Абдиев Бакыт Дюшенович Өзүн өзү көрсөтүү 2 Абдрасулова Гульмира Аманбековна Өзүн өзү көрсөтүү 3 Абдрахманов Данияр Карасартович Өзүн өзү көрсөтүү 4 Абдыраев Жыргалбек Турсунович Өзүн өзү көрсөтүү 5 Апенов Калысбек Бекболотович Өзүн өзү көрсөтүү 6 Аскарбек уулу Улукбек Өзүн өзү көрсөтүү 7 Жумабаева Асель Дүйшөналиевна «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы 8 Закирбек уулу Арзымат «Мекен Ынтымагы» ​​​​​​​саясий партиясы 9 Зарлыков Элмурат Кубатович Өзүн өзү көрсөтүү 10 Искаков Талгат Сабырович Өзүн өзү көрсөтүү 11 Искаков Элмирбек Бакирович Өзүн өзү көрсөтүү 12 Искакова Венера Замировна Өзүн өзү көрсөтүү 13 Калиев Улан Усенович Өзүн өзү көрсөтүү 14 Кенжебаев Улукбек Садырович Өзүн өзү көрсөтүү 15 Керимов Кубанычбек Жумагулович Өзүн өзү көрсөтүү 16 Конокбаев Жаныбек Асылбекович Өзүн өзү көрсөтүү 17 Кыдыева Акылыйма Асангуловна Өзүн өзү көрсөтүү 18 Маданов Бекназар Акылбекович Өзүн өзү көрсөтүү 19 Мамбеткалыков Мурзабек Токтобаевич Өзүн өзү көрсөтүү 20 Оморова Айнур Самыйбековна Өзүн өзү көрсөтүү 21 Өмүрбаев Алмазбек Асангазиевич Өзүн өзү көрсөтүү 22 Сагыналиева Радгуль Сейдакматовна Өзүн өзү көрсөтүү 23 Усупбаев Жыргалбек Абдыбекович Өзүн өзү көрсөтүү 24 Чибутова Эльвира Макишовна «Мекен Ынтымагы» ​​​​​​​саясий партиясы 25 Шамбетов Канатбек Дуйшонкулович Өзүн өзү көрсөтүү 26 Шахматова Эльзат Ачеевна Өзүн өзү көрсөтүү 27 Шералиев Аскарбек Эсенбаевич Өзүн өзү көрсөтүү 28 Эсенкожоев Азамат Шаршенбекович Өзүн өзү көрсөтүү №3 Чабалдаев шайлоо округу № Ф., аты-жөнү Көрсөтүү 1 Айыпов Адилет Эрмекович «Мекен Ынтымагы» ​​​​​​​саясий партиясы 2 Акматова Самара Тентимишовна Өзүн өзү көрсөтүү 3 Базарбаев Сабырбек Акматович Өзүн өзү көрсөтүү 4 Досалиев Сагымбек Акматжанович Өзүн өзү көрсөтүү 5 Дуйшеева Ардак Кеңешовна Өзүн өзү көрсөтүү 6 Зарылбеков Нурбек Зарылбекович Өзүн өзү көрсөтүү 7 Иманалиев Канат Тойчубекович Өзүн өзү көрсөтүү 8 Калыкова Салтанат Кусеиновна «Мекен Ынтымагы» ​​​​​​​саясий партиясы 9 Качкымбаева Айымкан Маткеримовна  Өзүн өзү көрсөтүү 10 Курманов Кенжебек Дүйшөбекович Өзүн өзү көрсөтүү 11 Мендибаев Замирбек Кубанычбекович Өзүн өзү көрсөтүү 12 Сартбаев Эмир Жыргалбекович «Мекен Ынтымагы» ​​​​​​​саясий партиясы 13 Сулайманов Алмаз Шергазиевич Өзүн өзү көрсөтүү 14 Узаков Капарбек Мокешович «Мекен Ынтымагы» ​​​​​​​саясий партиясы 15 Ургазиев Бактияр Аскерович Өзүн өзү көрсөтүү 16 Усенбаев Арсен Арзыматович Өзүн өзү көрсөтүү 17 Усенбаев Рысбек Мукамбетович Өзүн өзү көрсөтүү 18 Чыныбаев Алмазбек Абдрасулович Өзүн өзү көрсөтүү 19 Шекенбаева Клара Октябревна Өзүн өзү көрсөтүү КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 9-сентябрына карата Саруу айылдык кеӊешинин талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
10.09.2019

2019-жылдын 9-сентябрына карата Саруу айылдык кеӊешинин талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2019-жылдын 9-сентябрына карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат. Саруу айылдык кеӊеши № Талапкерлер/              саясий партиялар Келиптүштү Чыгымдалды Калдык 1 п/п "Мекен Ынтымагы" 27050 26910 140 2 Сатинов Н.Б. 1050 1020 30 3 Мукамбетов Т.А. 1025 1020 5 4 Кыдыкбаев А.О. 1050 1020 30 5 Досалиев С.А. 1050 1020 30 6 Керимов К.Ж. 1030 1020 10 7 Усенбаев Р.М. 1030 1020 10 8 Токтонбаев Т.У. 1042 1020 22 9 Шералиев А.Э. 1030 1020 10 10 Шамбетов К.Д. 1030 1020 10 11 Сатыбалдиев Т.И. 1030 1020 10 12 Усенбаев А.А. 1020 1020 0 13 Догдурбек У.У. 1020 1020 0 14 Акматов Б.А. 1030 1020 10 15 Иманалиев К.Т. 1030 1020 10 16 Атабаев С.А. 1150 1150 0 17 Курманов К.Д. 1150 1150 0 18 Абдыкеримов Б.Э. 1020 1020 0 19 Абдиев Б.Д. 1020 1020 0 20 Дербишев Н.Ж. 1150 1150 0 21 Искаков Т.С. 1020 1020 0 22 Эсенкожоев А.Ш. 1020 1020 0 23 Мамбеткалыков М.Т. 1020 1020 0 24 Маданов Б.А. 1020 1020 0 25 Зарылбеков Н.З. 1020 1000 20 26 Конокбаев Ж.А. 1020 1020 0 27 Кенжебаев У.С. 1020 1020 0 28 Базарбаев С.А. 1020 1020 0 29 Качкымбаева А.М. 1020 1020 0 30 Айткулиев А.С. 2040 2040 0 31 Ургазиев Б.А. 2282 1020 1262 32 Абдыракунов Д.К. 2120 1020 1100 33 Искаков С. 1540 1540 0 34 Орозобеков У.О. 1020 1020 0 35 Апенов К.Б. 1030 1020 10 36 Чыныбаев А.А. 2270 1020 1250 37 Илесбек У.Р. 2270 1020 1250 38 Омурбаев А.А. 1020 1020 0 39 Искакова В.З. 1020 1020 0 40 Шахматова Э.А. 1020 1020 0 41 Токторбаев Т.Б. 1250 1020 230 42 Умоталиева Ш.К. 1020 1020 0 43 Эсенгелдиев Т.С. 1500 1020 480 44 Искаков Н.Т. 1500 1020 480 45 Нурбек у. А. 1500 1020 480 46 Калиев У.У. 1250 1020 230 47 Мендибаев З.К. 1150 1150 0 48 Чыналиев А.Ж. 2170 2170 0 49 Усенов К.А. 1150 1150 0 50 Акпарова Н.А. 1150 1150 0 51 Усупбаев Ж.А. 1150 1150 0 52 Касымбаев С.Б. 2170 2170 0 53 Дуйшеева А.К. 1150 1150 0 54 Зарлыков Э.К. 1150 1150 0 55 Кыдыева А.А. 1150 1150 0 56 Исаев А.Ж. 1150 1150 0 57 Улушбаев Г.М. 1150 1150 0 58 Шекенбаева К.О. 1150 1150 0 59 Абдрахманов Д.К. 1150 1150 0 60 Искаков Э.Б. 1150 1150 0 61 Сулайманов А.Ш. 1150 1150 0 62 Абдыраев Ж.Т. 1150 1150 0 63 Мамбетов Э.Ш. 1150 1150 0 64 Акунов Т.К. 1150 1150 0 65 Аскарбек У.У. 1150 1150 0 66 Абдрасулова Г.А. 1150 1150 0 67 Оморова А.С. 1150 1150 0 68 Сагыналиева Р.С. 1150 1150 0 69 Акматова С.Т. 1150 1150 0 БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 79 талапкер катталды
07.09.2019

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 79 талапкер катталды

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 21 мандатка 79 талапкер катталды. Анын ичинде өзүн өзү көрсөтүү жолу менен – 67, саясий партиялардан – 12  адам көрсөтүлсө, алардын арасында 16 аял бар. Жети-Өгүз АШК документтердин талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктуулугун текшерди. 2019-жылы 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктаганын эске салабыз. Шайлоо алдындагы үгүт иштери айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2019-жылдын 7-сентябрынан тартып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда (2019-жылы 21-сентябрда  саат 8.00дө) аяктайт. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылы 22-сентябрда өтөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нурбаев Кубатали Мураталиевич Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
06.09.2019

Нурбаев Кубатали Мураталиевич Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 6-сентябрда Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Нурбаев Кубатали Мураталиевичти Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы деп таанышты. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2019-жылы 28-августта болуп өттү. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок. Нурбаев Кубатали Мураталиевич 1969-жылы 2-декабрда Ош облусунун Ноокат районунун Бел айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин “география” адистиги боюнча бүтүргөн (ГВ №10674 диплому, 1998-ж. 21-июнда №983 номуру менен катталган). Эмгек жолу: 2019-ж.–Ноокат районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, жетектөөчү адис; 2018-2019-жж.–Ноокат районунун Бел айылындагы А.Калыков атындагы орто мектеп, окуу бөлүмүнүн башчысы; 2012-2018-жж.–Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы, башкы адис; 2011-2012-жж.–Ноокат районунун балдардын чыгармачыл борбору, жетекчи; 2008-2011-жж.–Ноокат районунун билим берүү бөлүмү, инспектор; 2006-2008-жж.–Ноокат районунун билим берүү бөлүмү, методист; 2004-2006-жж.–Ноокат районунун Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектеби, окуу бөлүмүнүн башчысы; 1995-2004-жж.–Ноокат районунун Бел айылындагы Ю.А. Гагарин атындагы орто мектеп, география жана экономика мугалими; 1990-1995-жж.–Ноокат районунун Бел айылындагы Ю.А. Гагарин атындагы орто мектеп, эмгек мугалими. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 9-августта берген маалымкатка ылайык К.М. Нурбаевдин Кыргыз  Республикасынын аймагында соттуулугу жок. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
Шеримбеков Бакыт Кеменканович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
06.09.2019

Шеримбеков Бакыт Кеменканович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 6-сентябрда Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Шеримбеков Бакыт Кеменкановичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы деп таанышты. Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына байланыштуу КР БШКга депутат Ж.А. Өмүралиевден Шеримбеков Бакыт тараптан депутаттарды сатып алуу болгон деген жүйөө менен башчыны шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу зарылдыгы тууралуу арыз түшкөн. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ Ж.А. Өмүралиевдин даттануусун,  арыз ээсинин, депутаттыкка талапкердин жана Аламүдүн ИИБнин өкүлүнүн катышуусу менен карап чыгып, даттанууну канааттандыруудан баш тартты. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный   айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 23-августта болуп өткөнүн эске салабыз. Шеримбеков Бакыт Кемелканович 1901-жылы 1-ноябрда Ош облусунун Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын “финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн (2013-ж. 25-мартта катталган диплом №CD130327090). Эмгек жолу: 2017-2019 -жж. – Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный   айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын м.а.; 2013-2016 -жж. – “Азон” ЖЧК, башкы директор; 2004-2008 -жж.– “Red&White” ЖЧК,  бухгалтер. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 14-августта берген маалымкатка ылайык Б.К. Шеримбековдун Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.09.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин төрт депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылы 6-сентябрда КР БШК Ноокат, Ат-Башы, Аксы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Ош облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Акматов Мурзарахим (Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Шамиева Раатка өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Минбаев Дөөлөтбек (Аксы районунун Кара-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Нурманбетов Нурланбекке өткөрүп берилди. Жамгырбек кызы Кундуз (“Ата-Журт” Мекенчил партиясы” фракциясы, №3, Токтогул шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жапаров Элдиярга өткөрүп берилди (“Ата-Журт” Мекенчил партиясы” фракциясы, №4). Соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Нарын облусунун төмөнкү депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду: Бокоев Абдылдабек (Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кадырмамбетова Жылдызга өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2019-жылы 6-сентябрда Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке өткөрүп берди
06.09.2019

КР БШК 2019-жылы 6-сентябрда Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н. Мусаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу мандат депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүк боюнча Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке өткөрүп берилди. 2019-жылы 6-сентябрда КР БШК “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мусаев Насыр Исмазовичтин ыйгарым укуктарын түшкөн жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты бар болгондугуна байланыштуу КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды. Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич 1966-жылы Чүй облусунун шаарында туулган. Жогорку билимдүү. К.И. Скрябин атындагы КАЧИни “агроном” адистиги боюнча (1988-ж., Фрунзе ш.), СССРдин МКК Жогорку мектебин (1992-ж., Ташкент ш.), СССРдин Ю. Андропов атындагы МКК Кызыл Туулуу Институтун (1994-ж., Москва ш.) бүтүргөн. Эмгек жолу: 2014-2015-ж.ж. – КР УКМКнын Казакстан Республикасындагы расмий өкүлү, Астана ш.; 2011-2014-ж.ж. – КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Антикоррупциялык кызматтын директору; 2008-2011-ж.ж. – КР УКМКнын чалгындоо башкармалыгынын начальниги; 1993-2008-ж.ж.  – КР УКМКнын чалгындоо бөлүмчөлөрүндө кызматта; 1991-ж. – КР Улуттук коопсуздук органдарында кызматта; 1990-1991-ж.ж. – Кыргызстан ЛКЖС Чүй райкому, комсомол уюмдары: 1988-1990-ж.ж. –  Чүй районунун С. Ибраимов атындагы ишкана, агроном. Аскердик наамы – полковник. КР Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн мезгилде төмөнкү мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган: - “Данк” медалы (2006-ж.) – чалгындоо ишиндеги сиңирген эмгеги үчүн; - “Эрдик” медалы (2013-ж.) – чет өлкөдө кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн. 2015-ж. январдан тартып “Кыргызстан” саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү              
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 6-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
05.09.2019

2019-жылдын 6-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 6-сентябрь 2019-ж.  Убактысы: 12-00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. 2019-жылдын 23-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. 2019-жылдын 28-августунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө  (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокат, Ат-Башы, Аксы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 3-сентябрына карата Саруу айылдык кеӊешинин талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
04.09.2019

2019-жылдын 3-сентябрына карата Саруу айылдык кеӊешинин талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2019-жылдын 3-сентябрына карата талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат. Саруу айылдык кеӊеши № Талапкерлер/              саясий партиялар Келиптүштү Чыгымдалды Калдык 1 "Мекен Ынтымагы" с/п 17050 12020 5030 2 Сатинов Н.Б. 1050 1020 30 3 Мукамбетов Т.А. 1025 1020 5 4 Кыдыкбаев А.О. 1050 1020 30 5 Досалиев С.А. 1050 1020 30 6 Керимов К.Ж. 1030 1020 10 7 Усенбаев Р.М. 1030 1020 10 8 Токтонбаев Т.У. 1042 1020 22 9 Шералиев А.Э. 1030 1020 10 10 Шамбетов К.Д. 1030 1020 10 11 Сатыбалдиев Т.И. 1030 1020 10 12 Усенбаев А.А. 1020 1020 0 13 Догдурбек У.У. 1020 1020 0 14 Акматов Б.А. 1030 1020 10 15 Иманалиев К.Т. 1030 1020 10 16 Атабаев С.А. 1150 1150 0 17 Курманов К.Д. 1150 1150 0 18 Абдыкеримов Б.Э. 1020 1020 0 19 Абдиев Б.Д. 1020 1020 0 20 Дербишев Н.Ж. 1150 1150 0 21 Искаков Т.С. 1020 1020 0 22 Эсенкожоев А.Ш. 1020 1020 0 23 Мамбеткалыков М.Т. 1020 1020 0 24 Маданов Б.А. 1020 1020 0 25 Зарылбеков Н.З. 1020 1000 20 26 Конокбаев Ж.А. 1020 1020 0 27 Кенжебаев У.С. 1020 1020 0 28 Базарбаев С.А. 1020 1020 0 29 Качкымбаева А.М. 1020 1020 0 30 Айткулиев А.С. 2020 1020 1000 31 Ургазиев Б.А. 2282 1020 1262 32 Абдыракунов Д.К. 2120 1020 1100 33 Искаков С. 1020 1020 0 34 Орозобеков У.О. 1020 1020 0 35 Апенов К.Б. 1030 1020 10 36 Чыныбаев А.А. 2270 1020 1250 37 Илесбек У.Р. 2270 1020 1250 38 Омурбаев А.А. 1020 1020 0 39 Искакова В.З. 1020 1020 0 40 Шахматова Э.А. 1020 1020 0 41 Токторбаев Т.Б. 1250 1020 230 42 Умоталиева Ш.К. 1020 1020 0 43 Эсенгелдиев Т.С. 1500 1020 480 44 Искаков Н.Т. 1500 1020 480 45 Нурбек у. А. 1500 1020 480 46 Калиев У.У. 1250 1020 230 47 Мендибаев З.К. 1150 1150 0 48 Чыналиев А.Ж. 2150 1150 1000 49 Усенов К.А. 1150 1150 0 50 Акпарова Н.А. 1150 1150 0 51 Усупбаев Ж.А. 1150 1150 0 52 Касымбаев С.Б. 2150 1150 1000 53 Дуйшеева А.К. 1150 1150 0 54 Зарлыков Э.К. 1150 1150 0 55 Кыдыева А.А. 1150 1150 0 56 Исаев А.Ж. 1150 1150 0 57 Улушбаев Г.М. 1150 1150 0 58 Шекенбаева К.О. 1150 1150 0 59 Абдрахманов Д.К. 1150 1150 0 60 Искаков Э.Б. 1150 1150 0 61 Сулайманов А.Ш. 1150 1150 0 62 Абдыраев Ж.Т. 1150 1150 0 63 Мамбетов Э.Ш. 1150 1150 0 64 Акунов Т.К. 1150 1150 0 65 Аскарбек У.У. 1150 1150 0 66 Абдрасулова Г.А. 1150 1150 0 67 Оморова А.С. 1150 1150 0 68 Сагыналиева Р.С. 1150 1150 0 БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер шайлоо фондуларын түзүштү жана күрөө киргизишти
03.09.2019

Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер шайлоо фондуларын түзүштү жана күрөө киргизишти

Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына 80 талапкердин ичинен 79у шайлоо фондуларын түзүштү жана күрөө киргизишти. 2019-жылы 20-августта күчүнө кирген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер жана саясий партиялардан талапкерлер шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондуларын түзүштү, ошондой эле мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он эсе өлчөмүндө б.а. бир талапкер1 000 сом күрөө киргизишти. Эми өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге жана саясий партиялардан талапкерлерге шайлоо фондуларын түзбөсө, жумуштарга жана кызматтарга акы төлөө, шайлоо алдындагы үгүт, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды жүргүзүү үчүн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.  Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартылган учурда шайлоо фондуна түшкөн каражаттар талапкерлерге, кайрымдуулук кылган жана которгон уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет. 2019-жылы 29-августта Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алууну аяктады. Бардыгы 80 талапкерден арыз берилди, анын ичинде “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан – 12, өзүн өзү көрсөткөн 68 талапкер бар. 2019-жылдын 22-сентябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн эске салабыз. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча календардык планга өзгөртүүлөр киргизилди
30.08.2019

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча календардык планга өзгөртүүлөр киргизилди

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында 2019-жылы 30-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына өзгөртүүлөрдү киргизишти. Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 343 345 … 483