Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады
19 сентября 2019
2019-жылы 19-сентябрда саат 18:00дө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады.
Шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө бардыгы 3 арыз түштү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 2-пунктуна ылайык добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
2019-жылы 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
