Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды
20 сентября 2019
Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калганына байланыштуу 2019-жылы 20-сентябрда КР БШК жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2019-жылдын 4-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындады.
Депутаттар талапкерге салыштырмалуу “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көпчүлүк добуш бергенине байланыштуу 2019-жылдын 17-сентябрына дайындалган Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калган.
Кемин АШКга шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
