Бишкекте 2020-жылы КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдануу алкагында муктаждыктарды баалоо боюнча жана жалпысынан 2019-2021-жылдардагы шайлоолор циклин колдоо үчүн БУУӨПнын Баалоо Миссиясы менен консультациялар өттү

18 сентября 2019

2019-жылы 18-сентябрда БУУӨПнын Баалоо Миссиясынын КР БШКнын башчысы Н. Шайлдабекова жана КР БШКнын негизги бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү.

Баалоо миссиясынын курамында төмөндөгүлөр болду: Европа Комиссиясынын жана БУУӨПнын шайлоо өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча биргелешкен максаттуу топтун координатору, шайлоолор боюнча улук кеңешчи Жанпиреро Катоцци, БУУӨПнын шайлоо саясаты боюнча талдоочусу Риса Арай, ошондой эле шайлоолордо чыр-чатактарды болтурбай коюу боюнча БУУӨПнын кенже кызматкери Сари Нуп.

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУӨП миссиясы Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессинде жаңы технологияларды колдонуунун алкагында жетишилген натыйжалар, 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Стратегиясынын алкагында чараларды ишке ашыруунун көз натыйжасында жарандардын шайлоолорго, жаңычылдыктарга ишеним деңгээлин жогорулатуу боюнча Боршайком тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, шайлоо боюнча талаш-тартыштарды чечүү, саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди каржылоонун ачык-айкындыгын камсыздоо маселелери, ошондой эле жаңжалдардын алдын алуу, шайлоо укуктарын бузууда ыкчам чара көрүү, шайлоолордун коопсуздугун тынч жол менен камсыздоо, шайлоо процессинин катышуучуларынын теңдиги үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жаатында Кыргызстандын тажрыйбасы менен тааныштырылды. Ошондой эле, шайлоолорду көз карандысыз уюштуруучу катары шайлоо комиссияларынын дараметин жана жарандардын укук маданиятын жогорулатуу тутумдары жөнүндө маалымат берилди.

БУУӨПнын баалоо миссиясы КР БШКнын шайлоо процессин өркүндөтүүдөгү тажрыйбасын жана жетишкендиктерин жогору баалады жана шайлоо тутумунун жолугушуунун жүрүшүндө макулдашылган муктаждыктарды, атап айтканда – процесстерди мындан ары санариптештирүүдө, жергиликтүү деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн керектүү жабдыктар жана техникалык каражаттар менен жабдууда, программалык өнүмдөрдү иштеп чыгууда, IT команданы, жогорку квалификациялуу эксперттерди ж.б. колдоо маселелери боюнча эске алуу менен мындан ары эл аралык уюмдардын ресурстарын тартууга колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуулардын жана өткөрүлгөн 2020-жылдагы КР ЖК депутаттарын шайлоо боюнча КРнын муктаждыктарды баалоонун натыйжалары боюнча, 2019-2021-жылдагы шайлоолор циклин колдоо максатында Миссия Долбоордук документ даярдайт, ал ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстарды тартуу максатында эл аралык өнөктөштөрдүн кароосуна жиберилет.

Мындан тышкары, миссия тарабынан шайлоолор боюнча талаш-тартыштарды чечүүнү натыйжалуу уюштуруу, ыкчам чара көрүү жана бүтүндөй шайлоолордун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо маселелерине кызыкканы көрсөтүлдү.

Бул маселелерге атайын жолугушуу арналып, ал КР БШКда 2019-жылдын 19-сентябрында, КР БШКнын бирге аракеттешүүсү жана жалпы координациясы астында шайлоолордун коопсуздугун камсыздаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусу менен болуп өттү.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү