Эмилбеков Улан Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

20 сентября 2019

2019-жылы 20-сентябрда КР БШКнын мүчөлөрү Тоң аймакктык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Эмилбеков Улан Эмилбековичти Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 10-сентябрда болуп өттү.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Эмилбеков Улан Эмилбекович

1990-жылы 24-октябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылында туулган.

Билими жогорку. Кыргыз-Түрк “Манас”  университетин “финансы” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом №CF120025852, каттоо номуру №12/156, 2012-ж. 20-июнь).

Эмгек жолу:

05.06.2017-10.09.2019-жж. – Улахол айылдык кеңеши, депутат;

18.10.2017-10.09.2019-жж. – “Байкут Агро” дыйкан чарбасы, жетекчи;

01.04.2013-17.06.2013-жж. – “Bishkek Metal Packaging” ЖЧК, коммерциялык директор;

01.11.2012- 21.02.2013-жж. – “Bishkek Metal Packaging” ЖЧК, соода иштери боюнча директор.

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору берген маалымкатка ылайык Эмилбеков Улан Эмилбековичтин Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү