Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тил майрамын белгиледи

19 сентября 2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик тил жөнүндө  мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү, даңазалоо, тил саясатын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааркесин белгилөө үчүн улуу инсандын басып өткөн жолун, эмгектерин эскерип, кызматкерлер арасында “Улут болсом, тилим менен улутмун” деген аталышта сынак өткөрдү.

Сынактын жүрүшүндө кызматкерлер эки топко бөлүнүп, кыргыз элинин күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонулуп келген эски сөздөрдү чечмелеп, А. Орозбековдун өмүр баянына байланыштуу суроолорго жооп берип, андан тышкары макал-ылакап, алым-сабак, элдик оозеки чыгармалардан (эпостон үзүндү, элдик ыр, дастан ж.б.) үзүндүлөрдү аткарышты.

Сынакка жигердүү катышкан кызматкерлерге ыраазычылык кат, белектер берилип, жеңүүчүлөр диплом жана башка сыйлыктар ыйгарылды. КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик кызматчылар кыргыз тилин мындан дагы терең үйрөнүүгө, мамлекеттик тилде сабаттуу жаза жана сүйлөй билүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.

Бүгүнкүгө карата Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын 98 кызматкери, аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү жана тутумдук админстраторлору “Кыргызтест” тутуму боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоого катышкан, анын ичинде 19 кызматкер эң жогорку деңгээлдеги С1 сертификатына ээ болгон.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү