2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү башталды
21 сентября 2019
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 2 шайлоо участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү башталды.
Шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү ниети жөнүндө бардыгы 3 шайлоочудан арыз түштү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 2-пунктуна ылайык добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
