Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү - БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү борборунун директору А. Бейшембаева жана БШК аппаратынын кызматкери Н. Талгатова Индиянын Демократия жана шайлоолорду башкаруу боюнча эл аралык институтунун (IIIDEM) базасында 2026-жылдын 28-сентябрынан 1-октябрына чейин өтүп жаткан шайлоону башкаруу органдарын институционалдык карталоо боюнча эл аралык семинарга (Institutional Mapping Workshop) катышууда.
Семинардын негизги максаты - шайлоону башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесиптик өнүгүүсүнө карата эл аралык ыкмаларды изилдөө, тажрыйба алмашуу, ошондой эле бул багыттагы институционалдык муктаждыктарды аныктоо.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар улуттук шайлоо системаларынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырып, кесиптик даярдоонун учурдагы ыкмаларын карашат, кызыкдар тараптарды карталоону жүргүзүшөт, компетенцияларды, колдонулуп жаткан окутуу программаларын жана жеткиликтүү ресурстарды талдашат. Ошондой эле андан аркы өнүгүү үчүн бар болгон боштуктарды жана муктаждыктарды аныкташат.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар өлкөлөр боюнча иш пландарын иштеп чыгып, шайлоону башкаруу органдарынын кесиптик даярдоо системаларын жана институционалдык потенциалын өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды аныктоону пландашууда.
КР БШК өкүлдөрүнүн семинарга катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы кесиптик потенциалды чыңдоого өбөлгө түзөт.

.jpeg)
