Башкы Жаңылыктар БУУӨП шайлоо талаш-тартыштарын чечүүдө, ыкчам чара көрүүдө жана …

БУУӨП шайлоо талаш-тартыштарын чечүүдө, ыкчам чара көрүүдө жана шайлоонун коопсуздугу менен туруктуулугун камсыздоодо санариптештирүүгө жана натыйжалуу уюштурууга мындан ары колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдирди

19-Сен, 2019

БУУӨПнын Баалоо Миссиясынын иш сапарынын жүрүшүндө шайлоо боюнча талаш-тартыштарды натыйжалуу чечүү, ыкчам чара көрүү, шайлоонун коопсуздугу жана туруктуулугу маселелери боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын окуп-үйрөнүүгө жана баалоого кызыккандыгын көрсөттү.

Бул маселеге атайын жолугушуу арналып, ал КР БШКда 2019-жылдын 19-сентябрында КР БШКнын өз ара аракеттешүүсү жана жалпы координациясы астында шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусу менен болуп өттү.

Баалоо миссиясынын курамында төмөндөгүлөр болду: Европа Комиссиясынын жана БУУӨПнын шайлоо өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча биргелешкен максаттуу топтун координатору, шайлоолор боюнча улук кеңешчи Жанпиреро Катоцци, БУУӨПнын шайлоо саясаты боюнча талдоочусу Риса Арай, ошондой эле шайлоолордо чыр-чатактарды болтурбай коюу боюнча БУУӨПнын кенже кызматкери Сари Нуп.

Кыргыз тараптан жолугушууга төмөнкүлөр катышты: КР БШКнын башчысы Н. Шайлдабекова, КР Жогорку Сотунун, КР Башкы прокуратурасынын, КР Ички иштер министрлигинин, ошондой эле КРӨга караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап, 2017-жылдагы КР Президентин шайлоонун жүрүшүндө ийгиликтүү колдонулган, курамына КР БШКнын, прокуратуранын жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү кирген Ыкчам чара көрүү координциялык топтун (ЫЧКТ) иш жүргүзүүсүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын көрсөттү.  Мындай атайын топтор тиешелүү маалыматтар түшүшү менен шайлоо мыйзамдарынын бузууларга сергек жана дароо чара көрүү жана укук бузуулардын жоюу көрүлгөн чаралар тууралуу жарандарга маалымат берүү максатында шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлөт.

2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы менен мыйзамдын милдеттүү ченеми катарында бекитүүнүн эсебинен ЫЧКТ түзүү боюнча КР БШК тарабынан киргизилген практиканын туруктуулугу камсыз болду.

КР БШКнын Төрагасы Н.Шайлдабекова миссиянын өкүлдөрүн бул тутум Кыргызстанда кандай уюшулгандыгы, арыздарды, данттанууларды жана кайрылууларды берүү үчүн кандай линиялар жана жарандар үчүн мүмкүн болуучу каналдар бар экендиги, шайлоолордун коопсуздугун камсыздоо жана чыр-чатакты болтурбоо боюнча алдын алуу чараларын көрүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуу тутуму кандай түрдө түзүлгөндүгү ж.б. менен тааныштырды.  КР БШК киргизген жарандардын даттанууларынын жана кайралууларынын электрондук реестринин алкагында, жарандардын даттанууларды жана кайрылууларды электрондук берүүсүнүн, аларды карап чыгуу жана чечим кабыл алуунун натыйжаларын алыстан контролдоо жана байкоо жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана ачык-айкындыгы ачык көрсөтүлдү.

Миссиянын башчысы Жанпиреро Катоцци өз кезегинде кыргыз тарапты шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу жана ыкчам чара көрүү маселелери боюнча эл аралык тажрыйба менен тааныштырды.  ЫЧКТнын жөнгө салынган ишине жогору баа берди жана шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу жана ыкчам чара көрүү маселелеринде Кыргызстан өз тажрыйбасын топтогондугун тааныды. Процессти санариптештирүүнү кеңейтүү жаатында жергиликтүү деңгээлде дараметти жогорулатуунун, кошумча программалык камсыздоонун (бардык деңгээлдерде абалга байкоо жүргүзүү үчүн веб-сайт), жергиликтүү деңгээлде зарыл болгон жабдыктар жана байланыш каражаттары менен камсыздоонун, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүү жол-жоболорун жана тартибин киргизүүнүн эсебинен Кыргызстан колдонуп жаткан моделди мындан ары өркүндөтүүнүн мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү келечекте чыр-чатактарды болтурбай коюуга, тутумду аналитикалык жана статистикалык маалыматтарды түзүүгө колдонууга, жаңжалдарды текшерип көрүү жана классификациялоону, глобалдык жалпы улуттук деңгээлдеги тенденцияларга байкоо жүргүзүүгө жана келип чыгып жаткан жаңжалдарга андан аркы стратегиялык жактан баа берүүгө мүмкүндүк берет.

Миссиянын башчысы бул багытта БУУӨП көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, жолугушуулардын натыйжалары жана 2020-жылдагы КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү, бүтүндөй 2019-2021-жылдардагы шайлоо циклин колдоонун алкагында жүргүзүлгөн муктаждыктарды баалоонун долбоордук документинде белгилеп кетээрин билдирди.

Өз кезегинде, мамлекеттик органдар шайлоолордун коопсуздугун камсыздоо жана шайлоо боюнча талаш-тартыштарды чечүү боюнча өз ишмердүүлүгүн чагылдырышты  жана бул багытта өз ишин өркүндөтүү боюнча сунуш катары кездешип болуп жаткан муктаждыктарды жана идеяларды айтып беришти.

КР ИИМ: алдыда келе жаткан шайлоолорго карата окутууларды өткөрүү, чара көрүү топтору тартип бузууларды аныктоосу үчүн уюштуруу техникасы жана шайлоолордун коопсуздугун уюштуруу боюнча башка техникалар (металл издөөчү) менен камсыздоо, долбоорду андан ары ишке ашыруу үчүн эки региондун деңгээлинде пилоттук негизде өткөрүү мүмкүнчүлүгү.

 

КР Башкы прокуратурасы: санариптештирүүгө жана тартип бузуулар жөнүндө маалыматтарды ыкчам түрдө берүүдө өз ара аракеттешүүсүнө көмөк көрсөтүү, программалык камсыздоодо прокуратура органдары үчүн бузууларга байкоо жүргүзүүнү жана аларды талдоону уюштуруу.

Жогорку Соттун шайлоодогу талаш-тартыштарды кароо боюнча соттук коллегиясы: электрондук сот өндүрүшүнүн тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү – коллегияга арыз жана даттануунун электрондук форматы, арызды же даттанууну кароо учурунда арыз берүүчүлөрдүн онлайн катышуусу, процесстерди санариптештирүү – тенденцияларга байкоо жүргүзүү, шайлоолордун коопсуздугун камсыздоодогу превентивдүү чаралар.

КР БШК: шайлоолордун коопсуздугун камсыздоо тутумунун туруктуулугун камсыздоо боюнча жооптуу Жумушчу органды шайлоолордун коопсуздугун камсыздоо боюнча аналитикалык кызмат түрүндө уюмдаштыруу, ыкчам чара көрүү тобунун дараметин жогорулатуу, жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте шайлоолордун коопсуздугун камсыз камсыздоо боюнча топтун иштөөсүнүн усулун иштеп чыгуу, ыкчам чара көрүү процессин, шайлоолордун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоочу топтордун ишин андан ары санариптештирүү, төмөнкү деңгээлдерди байланыш каражаттары менен камсыздоо, Кыргызстандын тажрыйбасына кызыккан өлкөлөр үчүн мисал катары жана тажрыйба алмашуу үчүн колдонулуп жаткан технологиялар боюнча кейстерди иштеп чыгууда КР БШКнын колдонууга киргизген практикаларынын туруктуулугун камсыздоодо БУУӨПнын көмөктөшүүсү.

Корутунду бөлүгүндө Миссиянын башчысы Жанпиреро Катоцци жолугушуулардын жана 2020-жылдагы КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча КРнын муктаждыктарын баалоонун натыйжалары боюнча жолугушуулардын катышуучулары тарабынан айтылган учурдагы муктаждыктар жана Кыргыз Республикасында шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан процесстерди мындан ары өркүндөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чагылдыраарын, жана бул долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстарды тартуу максатында КР БШК менен макулдашылган Долбоордук документти БУУӨПнын эл аралык өнөктөштөрүнө берээрин дагы бир жолу белгиледи.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>