КР БШК Жети-Өгүз АШКга шайлоо бюллетендерин өткөрүп берди

13 сентября 2019

2019-жылы 13-сентябрда “Учкун” ААК имаратында КР БШК мүчөлөрү жана аппараттын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендери Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилди.

Мамлекеттик тилде бардыгы 5199 бюллетень даярдалды.

Аппараттын кызматкерлери тарабынан “Учкун” ААКта бюллетендерди даярдоо процессине байкоо жүргүзүлдү. Кайтаруу укук коргоо органдарынын (УКМК жана ИИМ) кызматкерлери тарабынан камсыздалды.

“Учкун” ААКтын басып чыгаруу цехинде басылган шайлоо бюллетендерин тесттен өткөрүүчү жабдыктын комплекти орнотулган.

Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы коргоосу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын коргоо боёгу менен боёлот.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү