Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
20 сентября 2019
КР БШКнын 2019-жылдын 20-сентябрындагы токтому менен Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 9-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 11-сентябрындагы №52 буйругу менен Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Баялиев Кайрат Сатыбаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
