КР БШК жергиликтүү кеңештердин жети депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

20 сентября 2019

2019-жылы 20-сентябрда КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Көл, Аксы, Базар-Коргон, Кадамжай, Жети-Өгүз, Түп жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:

Бабаканов Эркиналы (“Энергетик” фракциясы, №10, Кара-Көл шаардык кеңеши). Мандат Кара-Көл АШКнын чечими менен саясий партиядан шайланган депутаттан кийинки №17 талапкер Култаев Бакытка өткөрүп берилди.

Токсонов Маратбек (Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Токоев Алмазга өткөрүп берилди.

Баткен облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:

Усенов Даниярбек (Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Манатов Имамидинге өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:

Алиев Нурлан (Жети-Өгүз районунун Даркан айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Алдашев Русланга өткөрүп берилди.

Акматов Бактыбек (Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Исаев Төлөмүшкө өткөрүп берилди.

Соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаты өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:

Жунусбаев Алтынбек (Аксы районунун Ш. Назаралиев айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Шайымкулов Мадаминге өткөрүп берилди.

Каза болгонуна байланыштуу Ош облусунун төмөнкү депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:

Кадыров Мансур (Кара-Суу районунун Нариман айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Усманов Одилге өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү