Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2019-жылдын 24-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 24-октябрь 2019-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2019-жылы 9-октябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө;
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2019-жылы 18-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө;
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2019-жылы 18-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө;
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө;
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Таш-Көмүр, Сузак, Токмок, Ысык-Ата, Кемин, Өзгөн жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу;
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер.
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөсү А.Б. Абдрахматова Минск шаарында өткөн “Шайлоо институту – эл бийлигин легитимдештирүүнүн механизми” аттуу эл аралык конференцияга катышты
2019-жылы 17-18-октябрда Минск шаарында “Шайлоо институту – эл бийлигин легитимдештирүүнүн механизм” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияны КМШ ПААнын Демократияны, парламентаризмди өнүктүрүүгө, катышуучу мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык институт, Беларусь Республикасынын Шайлоо жана республикалык референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жана КМШ АТ уюштурду.
Иш-чара шайлоолорду жана референдумдарды мыйзам чыгаруу жагынан камсыздоо, эл бийлигинин принциптерин ишке ашырууда конституциялык сот акыйкаттыгынын салымынын, КМШ мейкиндигинде шайлоо процессинин легитимдүүлүгүнүн критерийлеринин маселелерин талкуулоого арналды.
Бул конференцияга улуттук парламенттердин депутаттары, бийликтин региондук жана жергиликтүү органдарынын өкүлдөрү, КМШнын шайлоо комиссияларынын жетекчилери, конституциялык жана шайлоо укугу тармагындагы адистер жана эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын БШКсынын атынан КР БШК мүчөсү Атыр Болотбековна Абдрахматова катышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 18-октябрда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Экинчи турда 12 добуш алган Барыктабасов Кайратбек Алымбекович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кара-Суу айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Шайлоо эки тур менен өттү.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 18-октябрда Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 18-октябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Экинчи турда 14 добуш алган Усупов Эркинбек Джумабекович Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ивановка айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Шайлоо эки тур менен өттү.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдарга пландалган шайлоолордун графиги
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдары шайлоолордун графигин пландаштыруу.
2020-жылдын 12-апрели - 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо (алардын ичинен - 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Майлуу-Суу).
2020-жылдын 4-октябры – Жогорку Кеңешке шайлоо.
2021-жылдын 11-апрели - 418 жергиликтүү кеңешке шайлоо, анын ичинде:
-386 кеңешке шайлоо, алардын ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктайт (370 айылдык кеңеш жана 16 шаар: Бишкек, Нарын, Кара-Көл, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Талас, Өзгөн, Кант, Орловка, Кайыңды, Шопоков, Кербен, Кочкор-Ата, Чолпон-Ата).
-ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктай турган 32 кеңешке шайлоо (26 айылдык кеңеш жана 6 шаар: Жалал-Абад, Көк Жаңгак, Ноокат, Кемин, Кадамжай, Айдаркен)
2021-жылдын 10-октябры – 4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (3 айылдык кеңеш жана 1-Кара-Суу шаары).
2022-жылдын апрели – 16 кеңешке (3 шаар –Таш-Көмүр, Кара-Балта, Токтогул).
2022-жылдын октябры - 1 кеңеш,
2023-жылдын апрели – 14 кеңеш,
2023-жылдын октябры – 1 а/к Саруу айылдык кеңешине шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүү жылында аяктагандыктан, Президентти шайлоо менен бирге өткөрүлөт.
2020-жылдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кыйла убакыт талап кылынат жана кезектеги шайлоолордун мөөнөттөрүнүн сакталышын эске алып пландалган.
БШКнын жалпы чыгымдары 2020-жылы 928 млн. сомду түзүп, анын ичинен:
560 млн. – ЖКга шайлоолорго чыгымдар,
60 млн. шайлоого даярдык көрүүгө жана 2020-жылдын апрелинде жергиликтүү шайлоолорго (31 кеңеш),
197 млн. шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктардын өтүшүнө байланыштуу МККнын бюджетинен БШКнын бюджетине которуу,
100 млн.- БШК Аппаратынын учурдагы бюджети.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкекте аялдардын шайлоого жана шайланма органдарынын ишине жигердүү катышуусу боюнча чараларды талкуулашты
Бүгүн, 2019-жылы 16-октябрда аялдардын шайлоодо шайлоо укуктарын өркүндөтүү маселелери боюнча Коомдук диалог өттү. БУУ – Кыргызстандагы аялдар түзүмү менен биргеликте КР БШК уюштурган бул иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары – аял депутаттардын форумунун мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана гендердик теңчиликти алга жылдыруу чөйрөсүндө иштеген бейөкмөт уюмдардын башчылары катышты.
Коомдук диалогдун максаты 2018-жылы 13-августта Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин чечими менен жактырылган 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында аялдардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун жогорулатууга багытталган билим берүү, түшүндүрүү жана маалыматтык иш-чаралардын концепциясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулоо болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө өз презентациясында КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова шайланма органдарда жана шайланма органдардын башчыларынын арасында аялдардын өкүлчүлүгү төмөн экенин айтып, аялдардын шайлоого жана шайланма органдарга жигердүү катышуусу боюнча чараларды белгиледи.
Стратегияда каралган квоталарды коргоо, ошондой эле шайлоолордун бардык деңгээлдеринде квоталарды сактоо мамилелерин бирдейлештирүү механизмдери мыйзам чыгаруу деңгээлинде 2019-жылы 20-августта күчүнө кирген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу менен жүзөгө ашырылды, ал чаралар төмөнкүлөрдү карайт:
1) айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу;
2) депутаттын бош мандатын өткөрүп берүү тартиби бекитүүнү. Ал ылайык айылдык жана шаардык кеңештерде аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат кийинки аял талапкерге өткөрүлүп берилерин карайт.
Ошентип, пропорциялык (шаардык кеңештерде) жана мажоритардык (айылдык кеңештерде) тутумдарда квоталарды сактап калуу үчүн укуктук негиз түзүлдү.
Жогорку Кеңештин деңгээлинде квоталарды сактап калуу боюнча ченемдер “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына 2017-жылы 5-июнда киргизилген өзгөртүүлөрдө каралган. Бул ченемдер 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Аялдардын шайлоого катышуусун жигердетүү боюнча чаралар 4 этапка бөлүндү:
1-этап: Жаңы ченемдерди колдонуу: 2019-жылы 22-сентябрда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы ченемдерин жана талаптарын колдонуу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо алгач ирет болуп өттү. Шайлоонун жүрүшүндө ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу жол-жобосу колдонулду.
Катталган 79 талапкердин ичинен (67 талапкер өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жана 12 талапкер “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан) 63үн эркектер жана 16сын аялдар түздү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Саруу айылдык кеңешинин 21 депутатынын мандатынын 9ун аял депутаттар алышты. 2019-жылы 4-октябрда Саруу айылдык кеңешинин биринчи сессиясында депутаттардын көпчүлүк (21ден 12син) добушун алган Оморова Айнура Самыйбековна кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Мындан аркы аракеттердин планы мыйзамдарды кабыл алуу жана аларды аткаруу менен катар аялдардын шайлоого жана шайланма органдарына жигердүү катышуусу үчүн билим берүү, түшүндүрүү жана маалыматтык иш-чараларды дайыма өткөрүп турууну карайт. Чаралардын бул комплекси КР БШК тарабынан мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары, жарандык коомдун уюмдары, эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүү аркылуу жүзөгө ашырылмакчы. Билим берүү компоненти КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунун программаларынын алкагында аткарылмакчы.
2-этап: Болжолдоолорго ылайык 2020-жылы апрелде 6 облуста – 25 айылдык жана 5 шаардык кеңеште өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө айылдык кеңештердеги 365 мандаттын 141и аялдар үчүн резервге калтырылат.
3-этап: 2020-жылы КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү жаңы өзгөртүүлөргө ылайык саясий партиялар тарабынан тизме боюнча көрсөтүлүүчү талапкерлердин жалпы саны 75тен кем эмес жана 200дөн ашык эмес болууга тийиш. Талапкерлердин тизмесин аныктоо учурунда саясий партия бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиялардан көрсөтүлүүчү аял жана эркек талапкерлердин тизмелериндеги кезектүүлүктүн айырмасы үч позициядан ашпоого тийиш.
Аял депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат аял талапкерлердин ичинен катталган кийинки аял талапкерге, эркек депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат эркек талапкерлердин ичинен катталган кийинки эркек талапкерге өткөрүлүп берилет.
4-этап: Болжолдоолорго ылайык 2021-жылы бүт республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 22 шаардык жана 396 айылдык кеңештердеги (шаардык кеңештерди кошкондо) мандаттардын жалпы саны 7502ни түзөт, анын ичинде 2658 мандаттын аялдар үчүн резервге калтырылышы күтүлүүдө.
Коомдук диалогдун жүрүшүндө өз ара аракеттешүү үчүн лидер аялдардын арасында аянтча түзүү, маалыматтык контент уюштуруу жана туруктуу негизде аялдардын шайлоо укуктарын алга жылдыруу боюнча макулдашылган иш жүргүзүү сунушталды.
Эл аралык уюмдар аракеттердин андан аркы пландарын жүзөгө ашырууда колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Өз кезегинде катышуучулар демократиянын баалуулуктарын калк арасында алга жылдыруу максатында кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүү сунушун айтышты, мында жабык жамааттардын өкүлдөрү өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышууну каалаган аялдарга кысым көрсөтпөгөндөй болуш керек экени, ошондой эле алдыда – 2020-жылы апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана 2020-жылы октябрда КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуучу келечектеги аял талапкерлерди кесиптик жактан даярдоо үчүн чара көрүү зарылдыгы эске алынды.
Аялдардын айылдык кеңештерде кыйла кеңири өкүлчүлүгү балдардын, аялдардын жана калктын аялуу топторунун кызыкчылыктарына тийиштүү маселелерди, анын ичинде саламаттык сактоо жана билим берүү маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, кеңештин туруктуу иштөөсүнө өбөлгө түзөт, сабырдуулуктун жана биримдиктин бекемделишине салым кошот. Презентация
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына 46 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алган Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына 45 талапкерге жана Жети-Өгүз АШК тарабынан каттоодон баштартылган талапкер Айткулиев Айдар Садыркуловичке киргизилген шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2019-жылы 20-августта киргизилген түзөтүүлөргө ылайык айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн 1 000 сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсү киргизилген.
Шайлоо күрөөсү депутаттыкка талапкерлерге, саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылып берилет:
- добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алса;
- эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
- шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартса.
Ошентип, 46 талапкерге кайра кайтарылып берилчү күрөөнүн жалпы суммасы 46 000 сомду түзөт, күрөөнүн калган суммасы 34 000 сом өлчөмүндө республикалык бюджетке которулат.
КР БШКга караштуу Контролдук-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин беш депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылы 10-октябрда КР БШК Таш-Көмүр, Ысык-Көл, Ак-Суу, Кочкор жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Төмөнкү депутаттар башка жумушка өткөнүнө байланыштуу жеке арыздары боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Жалал-Абад облусу:
Сансызбаев Сулайман (“СДПК” фракциясы, №8, Таш-Көмүр шаардык кеңеши). Мандат Таш-Көмүр АШК чечими менен саясий партиядан №10 талапкер Ормонов Раимбекке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусу:
Керимбеков Майрамбек (Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Келгенбаева Мээримге өткөрүп берилди.
Мукамбетов Эрнис (Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Арипов Нурбекке өткөрүп берилди.
Нарын облусу:
Төлөмүшов Казыбек (Кочкор районунун Ак-Кыян айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сагынбек уулу Алтынбекке өткөрүп берилди.
Талас облусу:
Биримкулов Рамис (Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жолдошев Темирканга өткөрүп берилди.
Нарын облусундагы жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:
Талапкер Асанбеков Адилет (Кочкор районунун Ак-Кыян айылдык кеңеши).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2019-жылдын 10-октябрдагы токтому менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 29-октябрына дайындалып, саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
2019-жылы 4-октябрда жаңы шайланган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өткөн.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Маалымат үчүн:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2019-жылы 20-августта киргизилген түзөтүүлөргө ылайык жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иш стажы же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык “ортодон жогорку” деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тесттен өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча берилүүчү сертификат менен ырасталат.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Советбек уулу Майрамбек Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 10-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Советбек уулу Майрамбекти Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2019-жылы 4-октябрда болуп өттү.
Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Советбек уулу Майрамбек
Туулган датасы:
08.03.1991-ж.
Жашаган жери:
Чүй облусу, Кемин району, Совет айылы.
Yй-бүлөлүк абалы:
Үйлөнгөн.
Билими:
Жогорку, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин “тарых мугалими” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом CD №140032906, каттоо номуру №14652, 2014-ж. 24-апрель).
Эмгек жолу:
2008-2011-ж.ж. – Кемин районунун Жол-Булак айылындагы орто мектеп, окутуучу;
2011-2019-ж.ж. – Кемин районунун Жол-Булак айылындагы орто мектеп, директор.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 26-сентябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002103 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жумалиев Эдил Асыкбаевич Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 10-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Жумалиев Эдил Асыкбаевичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 1-октябрда болуп өттү.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Жумалиев Эдил Асыкбаевич
Туулган датасы:
01.04. 1981-ж.
Жашаган жери:
Чүй облусу, Москва району, Беш-Терек айылы.
Yй-бүлөлүк абалы:
Үйлөнгөн.
Билими:
Жогорку, Кыргыз курулуш, транспорт жана архитектура университетин “инженер” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом CD №070049725, 2007-ж. 30-июнь).
Эмгек жолу:
2012-2016-ж.ж. – Аламүдүн районунун Көк-Жар айылдык кеңеши, депутат;
2017-2019 -ж.ж. – Аламүдүн районунун Көк-Жар айылдык кеңеши, депутат.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 18-сентябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002097 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевич Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 10-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевичти Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 1-октябрда болуп өттү.
Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевич
Туулган жылы:
29.04.1982-ж.
Жашаган жери:
Чүй облусу, Москва району, Беш-Терек айылы.
Yй-бүлөлүк абалы:
Үйлөнгөн.
Билими:
Жогорку, Чүй университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом УБ №150409658, 2015-ж. 20-октябрь).
Эмгек жолу:
2003-2009-ж.ж. – Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтү, жерге жайгаштыруучу;
2015-2018-ж.ж. – Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтү, башчы;
2018-2019-ж.ж. – Москва райондук мамлекеттик администрация, аппараттын жетекчиси.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 23-сентябрда берген маалымкатка ылайык Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевичтин Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002818 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү дэңгээли – С1.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Молдокадыров Нурбек Асыранкулович Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп шайланды
2019-жылы 10-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичти Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп тааныды.
Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылы 1-октябрда болуп өттү.
Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Молдокадыров Нурбек Асыранкулович
Туулган жылы:
17.08.1977-ж.
Жашаган жери:
Нарын облусу, Нарын шаары
Yй-бүлөлүк абалы:
Үйлөнгөн
Билими:
Жогорку, Кыргыз мамлекеттик улуттук университети (менеджмент адистиги боюнча, ГВ №20384 диплому, каттоо номуру 1608, 1999-ж. 30-сентябрь).
Иш стажы:
1999–2002-ж.ж. – Нарын ш., “Нурай” ЖЧК, менеджер;
2002–2004-ж.ж. – Нарын Кызыл Жарым ай Комитети, МГП боюнча кызматкер;
2003–2004-ж.ж. – Нарын ш., Сорос-Кыргызстан фондунун экономикалык маалымат борборунун координатору;
2004–2005-ж.ж. – «Балдарды коргогула» фондунун (Улуу Британия) талаа ассистенти;
2006–2007-ж.ж. – БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) Нарын облусу боюнча адиси;
2008-жылы Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган;
2009–2012-ж.ж. – Нарын шаарынын биринчи вице-мэри;
2012–2013-ж.ж. – ЮСАИД Программасынын Нарын облустук жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү боюнча координатору;
2012–2014-жж. – Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган;
2014–2017-жж. – БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) «Нарын облусу боюнча комплекстүү өнүктүрүү» адиси;
2017–2018-ж. март, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри;
2018-ж. март айынын тартып Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББнын 2019-жылдын 23-сентябрында берилген аныктамасында, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002153 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү дэңгээли (В2).
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 9-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 9-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
8 добуш алган Молдокулов Мурат Джакшимбекович Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ак-Чий айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, алардын 8и катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 10-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 10 -октябрь 2019-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2019-жылдын 1-октябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. 2019-жылы 4-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана кайра шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Таш-Көмүр, Ысык-Көл, Ак-Суу, Кочкор жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда