Советбек уулу Майрамбек Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

10 октября 2019

2019-жылы 10-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Советбек уулу Майрамбекти Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2019-жылы 4-октябрда болуп өттү.

Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Советбек уулу Майрамбек

Туулган датасы:

08.03.1991-ж.

Жашаган жери:

Чүй облусу, Кемин району, Совет айылы.

Yй-бүлөлүк абалы:

Үйлөнгөн.

Билими:

Жогорку, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин “тарых мугалими” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом CD №140032906, каттоо номуру №14652, 2014-ж. 24-апрель).

Эмгек жолу:

2008-2011-ж.ж. – Кемин районунун Жол-Булак айылындагы орто мектеп, окутуучу;
2011-2019-ж.ж. – Кемин районунун Жол-Булак айылындагы орто мектеп, директор.

Соттуулугу жөнүндө маалымат:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 26-сентябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:

28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002103 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү