Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылы 4-ноябрда КР БШК Сүлүктү, Нарын шаардык, Аксы, Ысык-Көл жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Төмөнкү депутаттар өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Баткен облусу:
Таирова Салкынай (“Республика Ата-Журт” фракциясы, №3, Сүлүктү шаардык кеңеши). Мандат Сүлүктү АШК чечими менен саясий партиядан №10 талапкер Сабурова Айжамалга өткөрүп берилди.
Нарын облусу:
Таалайбек уулу Камчыбек (“Республика Ата-Журт” фракциясы, №15, Нарын шаардык кеңеши). Мандат Нарын шаардык АШК чечими менен саясий партиядан №6 талапкер Жакыпов Рысбекке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусу:
Султанмуратов Нурдин (“Кыргызстан” фракциясы, №2, Кербен шаардык кеңеши). Мандат Аксы АШК чечими менен саясий партиядан №5 талапкер Султанмуратов Бакытбекке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусу:
Тагулуков Бердибек (“Республика Ата-Журт” фракциясы, №1, Чолпон-Ата шаардык кеңеши). Мандат Ысык-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №10 талапкер Асаналиев Рыспекке өткөрүп берилди.
Ош облусу:
Тажибай уулу Нурбек (Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Шакиров Улукбекке өткөрүп берилди.
Төмөнкү Ысык-Көл облусунун депутаты муниципалдык кызматка өткөнүнө байланыштуу жеке арызы боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту:
Жаманакова Динара (“Республика Ата-Журт” фракциясы, №6, Чолпон-Ата шаардык кеңеши). Мандат Ысык-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №16 талапкер Исаева Гульжамалга өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:
Талапкер Кыдыралиев Уланбек Кенешбекович (“Республика Ата-Журт” с/п, №9 Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши);
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Искаков Нурлан Табалдиевич Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 4-ноябрда КР БШКнын мүчөлөрү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Искаков Нурлан Табалдиевичти Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 29-октябрда болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Искаков Нурлан Табалдиевич
Туулган датасы:
18.02.1970-ж.
Жашаган жери:
Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы.
Билими:
Жогорку, Бишкек шаары Кыргыз агрардык академиясынын “Жерге жайгаштыруу адистиги боюнча инженер” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом ГВ №29792, каттоо номери 4042004 2000-жыл 26-июль).
Эмгек жолу:
1987-ж - Жети-Өгүз районундагы Куйбышев атындагы колхозу, оператор;
1988-1990-жж. - Советтик армиянын катары, солдат;
1991-1992-жж. - Жети-Өгүз районунда Покровка керек жарак коому, айдоочу;
1993-1995-жж. - Жети-Өгүз райондук даярдоо мекемеси, жумушчу, даярдоочу;
1995-1999-жж. - Жети-Өгүз райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгы, жетектөөчү адис, башкы адис;
1999-2000-жж. - Ысык-Көл областтык кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары зоналдык борбору, башкы адис, башчынын орун басары;
2000-2002-ж.ж. - Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы, агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси, агрардык өнүктүрүү жана айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү секторунун башчысы, курулуш, транспорт жана коммуникация секторунун башчысы;
2003-2004-ж.ж. - Жети-Өгүз райондук туризм жана инвестиция тартуу борбору, башчы, ошондой эле Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, башчысы-акимдин коомдук башталышта кеңешчиси.
2004-2006 - ж.ж. - Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, аппарат жетекчи;
2006-2015-ж.ж. - Ысык-Көл областтык миграция жана жумуштуулук комитети, төрага.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык - аналитикалык борбору 2019-жылдын 27-августунда берген маалыматка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
14.10.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №2001710 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 4-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 4 -ноябрь 2019-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2019-жылы 29-октябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекиүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сокулук районунун Фрунзе жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнон мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сүлүктү, Нарын шаардык, Аксы, Ысык-Көл жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад облусунда алдыдагы шайлоолорго карата актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү
2019-жылы 30-октябрда КР БШК Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте райондордун акимдери, облустун ЖӨБүнүн аткаруу органдарынын башчылары, АШК төрагалары, БШКнын Жалал-Абад облусу боюнча атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү.
Кеңешменин катышуучулары шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана алдыда – 2020-жылы өтүүчү жергиликтүү кеңештерге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго байланыштуу зарыл актуалдуу чаралар жөнүндө маалымат алышты.
КР БШКнын Төрагасы Н.К.Шайлдабекова кеңешменин катышуучуларына республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолордун графиги тууралуу маалымат берди. Маселен, графикке ылайык 2020-жылы 12-апрелде Жалал-Абад облусунда Майлуу-Суу шаардык кеңеште, Аксы жана Тогуз-Торо райондорунун 3 айылдык кеңеште, 2021-жылы апрелде 65 жергиликтүү кеңеште, 2021-жылы октябрда 3 айылдык кеңеште, 2022-жылы 4 жергиликтүү кеңеште депутаттарды шайлоо өтөт.
Маалымат үчүн: Жалал-Абад облусунда төрт шаарлар – Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр – облустук маанидеги шаарлар, сегиз район жана 417 калктуу пункт бар. 76 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 8 шаардык (Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кербен, Токтогул, Кочкор-Ата, Көк-Жаӊгак), 68 айылдык кеңеш бар, алардагы мандаттардын жалпы саны 1646ны түзөт. Жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолор 264 көп мандаттуу округда өтөт. Шайлоону уюштуруу үчүн 12 аймактык, 426 участоктук шайлоо комиссиялары иштейт.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын саны дайыма өсүп келатат: 2 жыл ичинде жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын саны 2017-жылдын октябрындагы шайлоочулардын тизмесине карата 300 миңден ашык адамга көбөйдү жана 3 335 718 адамды түздү.
Жалал-Абад облусунда шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 618 220 адамды түзөт б.а. 2017-жылга салыштырганда 78,5 миң адамга көбөйдү. Ошону менен бирге биометрикалык каттоодон өтпөгөн, ошол себептүү шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандардын саны республика боюнча аз эмес жана жарандарды биометрикалык каттоо үчүн натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруу чараларын көрүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү талап кылынат.
БШКнын Төрагасы мурда – 2017-жылы БШК, Өкмөт, маморгандар жана ЖӨБ органдары тарабынан жер-жерлерде көчөлөрдүн жана калктуу пункттардын аталыштарын инвентарлаштыруу боюнча натыйжалуу чоң иштер жүргүзүлгөнүн, анын негизинде “Даректүү регистр” МТ маалыматтары, ошол сыяктуу эле – шайлоо участокторунун чек аралары жана схемалары жаңыланып, ал өз кезегинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жакшыртууга түрткү болгонун эске салды.
Бул чаралар жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын, биометрикалык паспортторду берүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен бирге 2017-жылдагы шайлоонун алдында 200 миңден ашык жаранды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
БШК алдыда 2020-жылы апрелде Жалал-Абад облусунда 4 жергиликтүү кеңешке жана 2020-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорду эске алуу менен ошондой ишти алдын ала жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикирин билдирди.
Өз тарабынан БШК жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун өтө зарыл ушул маселелери боюнча маморгандар жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле мыйзамдардагы өзгөртүүлөр, өткөрүлгөн шайлоолордун райондор жана айыл аймактары боюнча статистикасы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү БШК тарабынан улантыла бермекчи.
Маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү республиканын башка облустарында дагы улантылмакчы.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусунда алдыдагы шайлоолорго карата актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү
Үстүбүздөгү жылы 30-октябрда КР БШК Өкмөттүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте райондордун акимдери,мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери, облустун ЖӨБүнүн аткаруу органдарынын башчылары, АШК төрагалары, БШКнын Ош облусу боюнча атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү.
Кеңешменин катышуучулары шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана алдыда – 2020-жылы өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого байланыштуу зарыл актуалдуу чаралар жөнүндө маалымат алышты.
КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова кеңешменин катышуучуларына республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолордун графиги тууралуу маалымат берди. Маселен, графикке ылайык 2020-жылы апрелде Ош шаардык жана сегиз жергиликтүү кенештеринде (1 шаардык, 8 айылдык), 2021-жылы апрелде Ош облусунда 75 жергиликтүү кеңештерде (2 шаардык, 73 айылдык), 2021-жылы октябрда 1 шаардык, 2022-жылы апрелде 3 айылдык кеңештерде, 2023-жылы апрелде 4 айылдык кеңештерде депутаттарды шайлоо өтөт.
Маалымат үчүн: – Ош – республикалык маанидеги шаар, Ош облусунда үч шаар, жети район жана 484 калктуу пункт бар. 91 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 3 шаардык (Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн), 88 айылдык кеңеш бар, алардагы мандаттардын жалпы саны 1951ди түзөт. Жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолор 350 көп мандаттуу округда өтөт. Шайлоону уюштуруу үчүн 7 аймактык, 489 участоктук шайлоо комиссиялары иштейт.
БШКнын Төрагасы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын саны дайыма өсүп келатканын белгиледи: 2 жыл ичинде жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын саны 2017-жылдын октябрындагы шайлоочулардын тизмесине карата 300 миңден ашык адамга көбөйдү жана 3 335 718 адамды түздү. Ош шаарында шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 120574 адамды түзөт Ош облусунда шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 716918 адамды түзөт б.а. 2017-жылга салыштырганда 129597 миң адамга көбөйдү. Ошону менен бирге биометрикалык каттоодон өтпөгөн, ошол себептүү шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандардын саны республика боюнча аз эмес жана жарандарды биометрикалык каттоо үчүн натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруу чараларын көрүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү талап кылынат.
БШКнын Төрагасы мурда – 2017-жылы БШК, Өкмөт, мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тарабынан жер-жерлерде көчөлөрдүн жана калктуу пункттардын аталыштарын инвентарлаштыруу боюнча натыйжалуу чоң иштер жүргүзүлгөнүн, анын негизинде “Даректүү регистр” МТ маалыматтары, ошол сыяктуу эле – шайлоо участокторунун чек аралары жана схемалары жаңыланып, ал өз кезегинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жакшыртууга түрткү болгонун эске салды.
Бул чаралар жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын, биометрикалык паспортторду берүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен бирге 2017-жылдагы шайлоонун алдында 200 миңден ашык жаранды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
БШК алдыда 2020-жылы апрелде Ош шардык кеңешине, Ош облусунда 8 жергиликтүү кеңешке жана 2020-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорду эске алуу менен ошондой ишти алдын ала жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикирин билдирди.
Өз тарабынан БШК жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун өтө зарыл ушул маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле мыйзамдардагы өзгөртүүлөр, өткөрүлгөн шайлоолордун райондор жана айыл аймактары боюнча статистикасы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү БШК тарабынан улантыла бермекчи.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 29-октябрда Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 29-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Экинчи турда 13 добуш алган Искаков Нурлан Табалдиевич Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Саруу айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Шайлоо эки тур менен өттү.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунда шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана кезектеги шайлоолордун графигин эске алуу менен шайлоого даярдануунун актуалдуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү
Үстүбүздөгү жылы 28-октябрда КР БШК Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте райондордун акимдери, облустун ЖӨБүнүн аткаруу органдарынын башчылары, АШК төрагалары, БШКнын Чүй облусу боюнча атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү.
Кеңешменин катышуучулары шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана алдыда – 2020-жылы өтүүчү жергиликтүү кеңештерге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго байланыштуу зарыл актуалдуу чаралар жөнүндө маалымат алышты.
КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова кеңешменин катышуучуларына республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолордун графиги тууралуу маалымат берди. Маселен, графикке ылайык 2020-жылы 12-апрелде Чүй облусунда Токмок шаардык кеңешти шайлоону кошо алганда 3 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. 2021-жылы апрелде 5 шаардык кеңешти шайлоону кошо алганда 101 жергиликтүү кеңеште, 2022-жылы 5 айылдык кеңеште жана Кара-Балта шаардык кеңешине, ошондой эле 2023-жылы 2 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт.
Маалымат үчүн: Чүй облусунда облустук маанидеги бир шаар –– Токмок шаары, сегиз район жана 332 калктуу пункт бар. 112 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 7 шаардык (Токмок, Кемин, Орловка, Кант,Шопоков,Кара-Балта, Кайында), 105 айылдык кеңеш бар, алардагы мандаттардын жалпы саны 1 812ни түзөт. Жергиликтүү шайлоолор көп мандаттуу 283 округда өтөт. Шайлоону уюштуруу үчүн 9 аймактык жана 396 участоктук шайлоо комиссиялары иштейт.
БШКнын Төрагасы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын саны дайыма өсүп келатканын белгиледи: 2 жыл ичинде жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын саны 2017-жылдын октябрындагы шайлоочулардын тизмесине карата 300 миңден ашык адамга көбөйдү жана 3 335 718 адамды түздү.
Чүй облусунда шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 550 018 адамды түзөт б.а. 2017-жылга салыштырганда 59 901 миң адамга көбөйдү. Ошону менен бирге биометрикалык каттоодон өтпөгөн, ошол себептүү шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандардын саны республика боюнча аз эмес жана жарандарды биометрикалык каттоо үчүн натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруу чараларын көрүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү талап кылынат.
БШКнын Төрагасы мурда – 2017-жылы БШК, Өкмөт, маморгандар жана ЖӨБ органдары тарабынан жер-жерлерде көчөлөрдүн жана калктуу пункттардын аталыштарын инвентарлаштыруу боюнча натыйжалуу чоң иштер жүргүзүлгөнүн, анын негизинде “Даректүү регистр” МТ маалыматтары, ошол сыяктуу эле – шайлоо участокторунун чек аралары жана схемалары жаңыланып, ал өз кезегинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жакшыртууга түрткү болгонун эске салды.
Бул чаралар жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын, биометрикалык паспортторду берүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен бирге 2017-жылдагы шайлоонун алдында 200 миңден ашык жаранды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
БШК алдыда 2020-жылы апрелде Чүй облусунда 3 жергиликтүү кеңешке жана 2020-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорду эске алуу менен ошондой ишти алдын ала жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикирин билдирди.
Өз тарабынан БШК жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун өтө зарыл ушул маселелери боюнча маморгандар жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле мыйзамдардагы өзгөртүүлөр, өткөрүлгөн шайлоолордун райондор жана айыл аймактары боюнча статистикасы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү БШК тарабынан улантыла бермекчи.
Маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү республиканын башка облустарында дагы улантылмакчы.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК делегациясы Молдова Республикасындагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты
Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча 2019-жылы 20-октябрда жалпы жергиликтүү жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолорго КР БШК мүчөсү А.Б. Абдрахматова жана шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн эксперти Б.М. Мамбетов Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык байкоочу катары катышты.
Шайлоолордун жүрүшүнө 145 эл аралык байкоочу, анын ичинде Молдова Республикасында аккредиттелген 11 дипломатиялык миссия, 11 чет өлкөлүк шайлоо органдары жана 3 эл аралык бейөкмөт уюмдар, ошондой эле 11 уюмдан 1 600 улуттук байкоочу байкоо жүргүзүштү.
Эл аралык байкоочулар өз ишин Молдова Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык шайлоо процессине жана мамлекеттин суверенитетине кийлигишпестен аткарышты.
Эл аралык байкоочулар төрт бир мандаттуу округдарында жалпы жергиликтүү жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолор ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүп, Молдова Республикасынын мыйзамдарына жана шайлоонун жалпы таанылган эл аралык стандарттарына ылайык болгонун белгилешти. Жалпы жергиликтүү шайлоодо 898 примар жана 11 680 жергиликтүү кеңешчи шайланды.
Мындан тышкары, байкоо жүргүзүү миссиясынын алкагында Молдова Республикасынын БШК төрагасы Ч. Дорин, ошондой эле СICDE директору Павел Кобаченко менен жолугушуу болуп өттү. (СICDE – Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Шайлоо тутуму чөйрөсүндөгү үзгүлтүксүз билим берүү борбору – бул шайлоо тутуму чөйрөсүндөгү эл аралык ченемдерге ылайык эркин жана адил шайлоо уюштурууга жөндөмдүү кызматчыларды даярдоо, ошондой эле шайлоо процессинин кызыкдар башка катышуучуларын окутуу менен алектенген мамлекеттик уюм). Молдованын Билим берүү борборунун тажрыйбасы Кыргыз Республикасындагы Жарандык билим берүү борбору үчүн изилденүүдө.
Маалымат үчүн:
2018-жылы апрелде Кыргыз Республикасынын БШКсы менен Молдова Республикасынын БШКсы ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө, шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууну, заманбап маалыматтык тутумдарды жана технологияларды өркүндөтүү тармагында шайлоо комиссияларынын иш тажрыйбасын алмашуу максатында, шайлоолорду уюштуруучуларга жана шайлоочуларга жарандык билим берүүнү жана аларды электрондук окутууну уюштуруу, ошондой эле шайлоонун башка өңүттөрү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2019-жылдын 24-октябрдагы токтому менен Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 12-ноябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.
Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 2/3 буйругу менен Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Эгембердиев Саатбек Искендерович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2019-жылдын 24-октябрдагы токтому менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 12-ноябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.
Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 9-октябрындагы № Б-16/VI буйругу менен Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Укеев Марлис Нуркасымович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин он бир депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылы 24-октябрда КР БШК Таш-Көмүр, Сузак, Токмок, Ысык-Ата, Кемин, Өзгөн жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Төмөнкү депутаттар өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Жалал-Абад облусу:
Эрназаров Эсенбай (“СДПК” фракциясы, №1, Таш-Көмүр шаардык кеңеши). Мандат Таш-Көмүр АШК чечими менен саясий партиядан №13 талапкер Тостоков Кубатбекке өткөрүп берилди.
Абдураимов Ниязбек (“СДПК” фракциясы, №5, Таш-Көмүр шаардык кеңеши). Мандат Таш-Көмүр АШК чечими менен саясий партиядан №14 талапкер Дуйшенов Канатка өткөрүп берилди.
Абдыкалыков Абдыбек (Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мамбетаипов Кеӊешбекке өткөрүп берилди.
Чүй облусу:
Байсеркеев Мирлан (“СДПК” фракциясы, №8, Орловка шаардык кеңеши). Мандат Кемин АШК чечими менен саясий партиядан №10 талапкер Колкобаев Керезге өткөрүп берилди.
Поломаренко Галина (“СДПК” фракциясы, №6, Кемин шаардык кеңеши). Мандат Кемин АШК чечими менен саясий партиядан №20 талапкер Тентиев Талгарбекке өткөрүп берилди.
Абдырахманов Марс (“Кыргызстан” фракциясы, №1, Кемин шаардык кеңеши). Мандат Кемин АШК чечими менен саясий партиядан №4 талапкер Чуштуков Ильичбекке өткөрүп берилди.
Идрисов Садырбек (“Кыргызстан” фракциясы, №1, Токмок шаардык кеңеши). Мандат Токмок АШК чечими менен саясий партиядан №13 талапкер Сокубашев Кубанга өткөрүп берилди.
Мадинцев Рашид (Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Ибрагимов Рамазанга өткөрүп берилди.
Ош облусу:
Ахмедов Хосилжон (“СДПК” фракциясы, №16, Өзгөн шаардык кеңеши). Мандат Өзгөн АШК чечими менен саясий партиядан №20 талапкер Исмаилов Турсунбайга өткөрүп берилди.
Мамадалиев Ильхамжан (“СДПК” фракциясы, №11, Өзгөн шаардык кеңеши). Мандат Өзгөн АШК чечими менен саясий партиядан №26 талапкер Курбанов Негматка өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусу:
Сыдыков Аманат (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №5, Балыкчы шаардык кеңеши). Мандат Балыкчы АШК чечими менен саясий партиядан №9 талапкер Алиев Муратка өткөрүп берилди.
Төмөнкүлөр жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:
Чүй облусунда:
Талапкер Якупова Айана Базарбековна (“СДПК” с/п, №9 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Чекиров Урмат Бекенович (“СДПК” с/п, №11 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Дуйшебаева Анара Дуйшебековна (“СДПК” с/п, №12 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Райдугин Федор Федорович (“СДПК” с/п, №13 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Острожнова Татьяна Николаевна (“СДПК” с/п, №15 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Сарыкеев Улан Телебекович (“СДПК” с/п, №16 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Русина Наталья Васильевна (“СДПК” с/п, №18 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Иващенко Евгений Александрович (“СДПК” с/п, №19 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Руденко Ольга Михайловна (“СДПК” с/п, №21 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Саматбекова Бурул (“СДПК” с/п, №23 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Асанбаева Асель Кудайбергеновна (“СДПК” с/п, №25 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Сокубашева Роза Жамашевна (“СДПК” с/п, №26 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Захарова Галина Александровна (“СДПК” с/п, №28 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Куватова Анна Рамильевна (“СДПК” с/п, №29 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Мисилимова ДамираСагыналиевна (“СДПК” с/п, №31 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Ешимбекова Айжан Чынгызовна (“СДПК” с/п, №32 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Токтакунова Рахат Дуйшобаевна (“СДПК” с/п, №34 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Кулмамбетова Жыргал Темирбековна (“СДПК” с/п, №35 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Осмоналиева Назира Айтыбековна (“СДПК” с/п, №38 Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши);
Талапкер Айталиев Улан Русланович (“Кыргызстан” с/п, №10 Токмок шаардык кеңеши);
Талапкер Джунушова Нургуль Ташкеевна (“Кыргызстан” с/п, №12 Токмок шаардык кеңеши).
Ош облусунда:
Талапкер Полотбеков Эрмекбай Айткулович (“СДПК” с/п, №16 Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши);
Талапкер Узгенбаев Ибайдилло Турсунбаевич (“СДПК” с/п, №17 Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши);
Талапкер Пратов Ботир Махаматпазылович (“СДПК” с/п, №20 Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Барыктабасов Кайратбек Алымбекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 24-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Барыктабасов Кайратбек Алымбековичти Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 18-октябрда болуп өттү.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Барыктабасов Кайратбек Алымбекович
Туулган датасы:
07.09.1982-ж.
Жашаган жери:
Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы.
Билими:
Жогорку, Евразия университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом №УВ150344900, каттоо номуру 34/ю 2015-ж. 10-август).
Эмгек жолу:
2013-2015-ж.ж. - Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтү, адис;
2016-жылдын декабрь айынан азыркы азыркы күнгө чеин - Кара-Суу айылдык кеңеши, депутат.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 7-октябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002109 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Усупов Эркинбек Джумабекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 24-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Усупов Эркинбек Джумабековичти Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 18-октябрда болуп өттү.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Усупов Эркинбек Джумабекович
Туулган датасы:
22.08.1980-ж.
Жашаган жери:
Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка айылы.
Билими:
Жогорку, Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетин “жол кыймылын уюштуруу” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом №ЕВ70754, каттоо номуру №6132, 2003-ж. 30-июнь).
Эмгек жолу:
2008-2012-ж.ж. - Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңеши, депутат;
2012-2016-ж.ж. – Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңеши, депутат;
2016-2019-ж.ж. - Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңеши, депутат;
02.09.2019 г. - Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтү, башчынын орун басары.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 9-октябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002161 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунда шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана кезектеги шайлоолордун графигин эске алуу менен шайлоого даярдануунун актуалдуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү
Үстүбүздөгү жылы 22-октябрда КР БШК Өкмөттүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте райондордун акимдери, облустун ЖӨБүнүн аткаруу органдарынын башчылары, АШК төрагалары, БШКнын Нарын облусу боюнча атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү.
Кеңешменин катышуучулары шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана алдыда – 2020-жылы өтүүчү жергиликтүү кеңештерге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго байланыштуу зарыл актуалдуу чаралар жөнүндө маалымат алышты.
КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова кеңешменин катышуучуларына республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолордун графиги тууралуу маалымат берди. Маселен, графикке ылайык 2020-жылы 11-апрелде Нарын облусунда 8 айылдык кеңеште, 2021-жылы Нарын шаардык кеңешти кошо алганда 52 жергиликтүү кеңеште, 2022 жана 2023-жылдары 4 жергиликтүү кеңеште депутаттарды шайлоо өтөт.
Маалымат үчүн: Нарын облусунда бир шаар – Нарын – облустук маанидеги шаар, беш район жана 135 калктуу пункт бар. 64 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 1 шаардык, 63 айылдык кеңеш бар, алардагы мандаттардын жалпы саны 834тү түзөт. Жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолор 134 көп мандаттуу округда өтөт. Шайлоону уюштуруу үчүн 5 аймактык, 167 участоктук шайлоо комиссиялары иштейт.
БШКнын Төрагасы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын саны дайыма өсүп келатканын белгиледи: 2 жыл ичинде жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын саны 2017-жылдын октябрындагы шайлоочулардын тизмесине карата 300 миңден ашык адамга көбөйдү жана 3 335 718 адамды түздү. Нарын облусунда шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 197 436 адамды түзөт б.а. 2017-жылга салыштырганда 35,5 миң адамга көбөйдү. Ошону менен бирге биометрикалык каттоодон өтпөгөн, ошол себептүү шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандардын саны республика боюнча аз эмес жана жарандарды биометрикалык каттоо үчүн натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруу чараларын көрүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү талап кылынат.
БШКнын Төрагасы мурда – 2017-жылы БШК, Өкмөт, маморгандар жана ЖӨБ органдары тарабынан жер-жерлерде көчөлөрдүн жана калктуу пункттардын аталыштарын инвентарлаштыруу боюнча натыйжалуу чоң иштер жүргүзүлгөнүн, анын негизинде “Даректүү регистр” МТ маалыматтары, ошол сыяктуу эле – шайлоо участокторунун чек аралары жана схемалары жаңыланып, ал өз кезегинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жакшыртууга түрткү болгонун эске салды.
Бул чаралар жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын, биометрикалык паспортторду берүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен бирге 2017-жылдагы шайлоонун алдында 200 миңден ашык жаранды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
БШК алдыда 2020-жылы апрелде Нарын облусунда 8 жергиликтүү кеңешке жана 2020-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорду эске алуу менен ошондой ишти алдын ала жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикирин билдирди.
Өз тарабынан БШК жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун өтө зарыл ушул маселелери боюнча маморгандар жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле мыйзамдардагы өзгөртүүлөр, өткөрүлгөн шайлоолордун райондор жана айыл аймактары боюнча статистикасы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү БШК тарабынан улантыла бермекчи.
Кеңешмени аяктап жатып, Өкмөттүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А. Алымкулов жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусу үчүн эң жогорку деңгээлдеги шарттарды түзүү максатында жергиликтүү маморгандардын жана ЖӨБ органдарынын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле кезектеги шайлоолорго карата даярдануу мезгилинде көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү республиканын башка облустарында дагы улантылмакчы.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Молдокулов Мурат Джакшимбекович Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 24-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Молдокулов Мурат Джакшимбековичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 9-октябрда болуп өттү.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Молдокулов Мурат Джакшимбекович
Туулган датасы:
02.05.1964-ж.
Жашаган жери:
Талас облусу, Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы.
Yй-бүлөлүк абалы:
Үй-бүлөлүү.
Билими:
Жогорку, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институту (адистиги-зоотехник, диплом ТВ-1 № 124413, каттоо номуру №51665, 1990-ж 16-июнь).
Эмгек жолу:
1981-1985-ж.ж. - Лущихин атындагы совхоз, чабан;
1990-1994-ж.ж. - Лущихин атындагы госплемзавод, зоотехник;
2000-2001-ж.ж. - Ак-Чий айыл өкмөтү, салык боюнча инспектору;
2003-2006-ж.ж. - Кара-Буура райондук СФ башкармалыгы, жетектөөчү адис;
2009-2019-ж.ж. - “АВП-Жоон-Дөбө”, директор.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 10-октябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
30.09.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002108 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарында “Жаштар жана шайлоолор. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада студенттер менен жолугушуу өттү
2019-жылы 22-октябрда Нарын шаарында жаштарга шайлоо укуктары жөнүндө маалымат берүү боюнча дайыма өткөрүлүп келаткан өнөктүктүн алкагында КР БШКнын өкүлдөрү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, Нарын педагогикалык колледжинин, Нарын медициналык колледжинин жана Борбордук Азия университетинин студенттери менен “Жаштар жана шайлоолор. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун максаты өлкөдөгү маанилүү коомдук-саясий процесстерге – республикалык жана жергиликтүү шайлоолорго жаштардын катышуусун жогорулатуу болуп саналат.
Нарын облусунда 161 895 шайлоочу бар. Алардын ичинен 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы жаштардын саны 32%ды же 53 017 адамды түзөт. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо 18 834 же 35,5% жаш шайлоочу катышты.
КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова шайлоо укуктары, шайлоонун түрлөрү, шайлоого түшүнүү жана жигердүү катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө, добуш берүүнүн жашыруундуулугунун кепилдиктери жана тандоо эркиндиктери, жаштардын шайлоого жигерсиз катышып жаткандыгынын негизги себептери жөнүндө студенттерге айтып берди. Ошондой эле студенттерге айрым түзөтүүлөр, анын ичинде үгүт мезгилинде талапкерлердин ортосундагы дебаттардын көлөмүнүн кеңейтилгени жөнүндө жана жаштардын шайлоо процессин түшүнүүсү жана алардын шайлоого катышуусун жогорулатуу жөнүндө маалымат берди.
Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти жана жаштарды жигерлештирүү боюнча сунуштарын айтышты. Суроолор негизинен шайлоо процессинин айкындуулугуна жана жыйынтыктарды чыгаруунун аныктыгына, ак ниет эмес талапкерлерге карата көрүлүп жаткан чараларга, талапкерлерге карата талаптарга, шайлоо укуктарын бузууларга, жаштардын шайлоого катышуусунун маанисине тийиштүү болду. Ошондой эле студенттер шайлоо жөнүндө билим жана маалымат алуусун жакшыртууга, шайлоо процессине шайлоочу катары эле эмес, байкоочу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү ж.б. катары катышууга кызыкдар экенин билдиришти.
Жаштар менен диалогдун жүрүшүндө КР БШКнын өкүлдөрү демократиялык институттарды жана процесстерди, өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда шайлоонун ролун түшүнүүнү жакшыртуу максатында миссиясы жаштар, аялдар, шайлоочулардын башка категориялары үчүн атайын билим берүү чараларын кошуп алганда, кеңири спектрдеги иш-чараларды дайыма өткөрүп туруу аркылуу демократиянын жана парламентаризмдин баалуулуктарын жарандар арасында түшүндүрүү жана жайылтуу болгон Жарандык билим берүү борборун иштетүү планы тууралуу айтып беришти.
Кыргызстандын маалыматтык шайлоо тутумунун ишин, автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсүн, БШКнын борбордук серверине кандай маалыматтар кантип түшөөрүн Кочкор районунун АШКсынын тутумдук администратору Иманалиев К.О. студенттерге көрсөтүп берди. Жолугушуунун катышуучулары менен көрсөтмө добуш берүү уюштурулду, анда студенттер толтурулган бюллетендерди урнага салып, АЭУнун маалыматтарын добуш берүүнүн иш жүзүндөгү жыйынтыктарын кол менен саноо аркылуу жеке өздөрү салыштырып көрүштү.
Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү жана укук маданиятын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттердин алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн тең укуктарды камсыздоо боюнча биринчи даражадагы милдеттерди баса көрсөтүү менен С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин китепканасына көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жалпы пайдалануусу үчүн Брайл тамгалары менен басылып, чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын эки нускасы өткөрүлүп берилди.
КР БШК бул чаралар менен жаш муундарда Кыргызстандын шайлоо тутумун түшүнүүсүн жана кабардар болуусун, жарандык жигердүүлүктү жана жоопкерчиликти калыптандырууга умтулууда. Жаштар менен иш ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн башка региондорундагы ЖОЖдордо дагы лекцияларды өткөрүү пландалууда.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда