Жумалиев Эдил Асыкбаевич Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

10 октября 2019

2019-жылы 10-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Жумалиев Эдил Асыкбаевичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 1-октябрда болуп өттү.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Жумалиев Эдил Асыкбаевич

Туулган датасы:

01.04. 1981-ж.

Жашаган жери:

Чүй облусу, Москва району, Беш-Терек айылы.

Yй-бүлөлүк абалы:

Үйлөнгөн.

Билими:

Жогорку, Кыргыз курулуш,  транспорт жана архитектура университетин “инженер” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом CD №070049725, 2007-ж. 30-июнь).

Эмгек жолу:

2012-2016-ж.ж. – Аламүдүн районунун Көк-Жар айылдык кеңеши, депутат;
2017-2019 -ж.ж. – Аламүдүн районунун Көк-Жар айылдык кеңеши, депутат.

Соттуулугу жөнүндө маалымат:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 18-сентябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:

28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002097 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү