2019-жылы 18-октябрда Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
18 октября 2019
2019-жылы 18-октябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Экинчи турда 14 добуш алган Усупов Эркинбек Джумабекович Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ивановка айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Шайлоо эки тур менен өттү.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
