Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевич Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

10 октября 2019

2019-жылы 10-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевичти Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 1-октябрда болуп өттү.

Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевич

Туулган жылы:

29.04.1982-ж.

Жашаган жери:

Чүй облусу, Москва району, Беш-Терек айылы.

Yй-бүлөлүк абалы:

Үйлөнгөн.

Билими:

Жогорку, Чүй университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом УБ №150409658, 2015-ж. 20-октябрь).

Эмгек жолу:

2003-2009-ж.ж. – Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтү, жерге жайгаштыруучу;
2015-2018-ж.ж. – Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтү, башчы;
2018-2019-ж.ж. – Москва райондук мамлекеттик администрация, аппараттын жетекчиси.

Соттуулугу жөнүндө маалымат:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 23-сентябрда берген маалымкатка ылайык Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевичтин Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:

28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002818 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү дэңгээли – С1.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү