2019-жылы 18-октябрда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
18 октября 2019
2019-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Экинчи турда 12 добуш алган Барыктабасов Кайратбек Алымбекович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кара-Суу айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Шайлоо эки тур менен өттү.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
