Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына 46 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет
11 октября 2019
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алган Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына 45 талапкерге жана Жети-Өгүз АШК тарабынан каттоодон баштартылган талапкер Айткулиев Айдар Садыркуловичке киргизилген шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2019-жылы 20-августта киргизилген түзөтүүлөргө ылайык айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн 1 000 сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсү киргизилген.
Шайлоо күрөөсү депутаттыкка талапкерлерге, саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылып берилет:
- добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алса;
- эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
- шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартса.
Ошентип, 46 талапкерге кайра кайтарылып берилчү күрөөнүн жалпы суммасы 46 000 сомду түзөт, күрөөнүн калган суммасы 34 000 сом өлчөмүндө республикалык бюджетке которулат.
КР БШКга караштуу Контролдук-текшерүү тобу
