КР БШК мүчөсү А.Б. Абдрахматова Минск шаарында өткөн “Шайлоо институту – эл бийлигин легитимдештирүүнүн механизми” аттуу эл аралык конференцияга катышты
21 октября 2019
2019-жылы 17-18-октябрда Минск шаарында “Шайлоо институту – эл бийлигин легитимдештирүүнүн механизм” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияны КМШ ПААнын Демократияны, парламентаризмди өнүктүрүүгө, катышуучу мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык институт, Беларусь Республикасынын Шайлоо жана республикалык референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жана КМШ АТ уюштурду.
Иш-чара шайлоолорду жана референдумдарды мыйзам чыгаруу жагынан камсыздоо, эл бийлигинин принциптерин ишке ашырууда конституциялык сот акыйкаттыгынын салымынын, КМШ мейкиндигинде шайлоо процессинин легитимдүүлүгүнүн критерийлеринин маселелерин талкуулоого арналды.
Бул конференцияга улуттук парламенттердин депутаттары, бийликтин региондук жана жергиликтүү органдарынын өкүлдөрү, КМШнын шайлоо комиссияларынын жетекчилери, конституциялык жана шайлоо укугу тармагындагы адистер жана эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын БШКсынын атынан КР БШК мүчөсү Атыр Болотбековна Абдрахматова катышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү



