КР БШК жергиликтүү кеңештердин беш депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
10 октября 2019
2019-жылы 10-октябрда КР БШК Таш-Көмүр, Ысык-Көл, Ак-Суу, Кочкор жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Төмөнкү депутаттар башка жумушка өткөнүнө байланыштуу жеке арыздары боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Жалал-Абад облусу:
Сансызбаев Сулайман (“СДПК” фракциясы, №8, Таш-Көмүр шаардык кеңеши). Мандат Таш-Көмүр АШК чечими менен саясий партиядан №10 талапкер Ормонов Раимбекке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусу:
Керимбеков Майрамбек (Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Келгенбаева Мээримге өткөрүп берилди.
Мукамбетов Эрнис (Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Арипов Нурбекке өткөрүп берилди.
Нарын облусу:
Төлөмүшов Казыбек (Кочкор районунун Ак-Кыян айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сагынбек уулу Алтынбекке өткөрүп берилди.
Талас облусу:
Биримкулов Рамис (Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жолдошев Темирканга өткөрүп берилди.
Нарын облусундагы жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:
Талапкер Асанбеков Адилет (Кочкор районунун Ак-Кыян айылдык кеңеши).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
