Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК КР ЖКнын депутаттары менен биргеликте айылдык кеңештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
07.10.2019

БШК КР ЖКнын депутаттары менен биргеликте айылдык кеңештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу ченеми жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова “Өнүккөн аял – өнүккөн регион, өнүккөн мамлекет” деген темада 2019-жылы 5-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн республикалык конференцияга катышты. КР ЖКнын депутаты, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары А. Касымалиева бул конференцияны уюштуруунун демилгечиси болду. Конференцияга КР ЖКнын депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, ошондой эле 7 облустан окутуучулар жана мугалимдер катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Н.К. Шайлдабекова шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жекече алганда, айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу боюнча жаңы ченемди ишке ашыруу жөнүндө айтып берди. Акыркы 15 жылда айылдык кеңештердин депутаттарынын арасында аялдардын саны туруктуу азайып баратканы байкалууда. Маселен, 2004-жылы өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерде алар 19% шайланса, 2008-жылы – 17%,  2012-жылы –  13%, в 2016-жылы – 10% шайланган. Азыркы кезде 86 айылдык кеңеште б.а. ар бир бешинчи айылдык кеңеште бир дагы аял шайланган эмес. Ушул өкүм сүрүп келаткан тенденцияда айылдык кеңештерде депутат аялдардын болбой калуу ыктымалдыгы кыйла жогору. Ушуга байланыштуу аялдардын жергиликтүү кеңештерде өкүлчүлүгүн көбөйтүү үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-1-беренесине айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө ченемдер киргизилди. Алдыда – 2020-жылы апрелде өтүүчү шайлоодо 26 айылдык кеңеште мандаттардын болжолдуу саны 376ны түзөт, алардын 137 мандаты аялдар үчүн резервге калтырылат. Ушуга байланыштуу КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова жаңы ченемди толук ишке ащыруу үчүн бардык катышуучуларды алдыдагы шайлоолорго жигердүү катышууга чакырды. Н.К. Шайлдабекова Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы ченемдерин жана талаптарын колдонуунун ийгиликтүү тажрыйбасы бар экени жөнүндө маалымат берди. Саруу айылдык кеңешинин 21 депутатынын мандатынын 9ун аял депутаттар алышты. 2019-жылы 4-октябрда Саруу айылдык кеңешинин биринчи сессиясында депутаттардын  добушунун көпчүлүк (21ден 12син) добушун алган Оморова Айнура Самыйбековна кеңештин төрагасы болуп шайланды. Аялдардын айылдык кеңештерде кыйла кеңири өкүлчүлүгү балдардын, аялдардын жана калктын аялуу топторунун кызыкчылыктарына тийиштүү маселелерди, анын ичинде саламаттык сактоо жана билим берүү маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, кеңештин туруктуу иштөөсүнө өбөлгө түзөт, сабырдуулуктун жана биримдиктин бекемделишине салым кошот. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администратору Бакиров Байгазы Эркиналыевичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу КР БШК көңүл айтат
07.10.2019

КР БШКнын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администратору Бакиров Байгазы Эркиналыевичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу КР БШК көңүл айтат

КР БШКнын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администратору Бакиров Байгазы Эркиналыевичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат жана орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөт. Бакиров Байгазы Эркиналыевич 1981-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында туулган. Өзүнүн эмгек жолун 2003-жылы Базар-Коргон районунун аймактык ооруканасында оператор болуп иштөөдөн баштаган. 2004-2005-ж.ж. – Базар-Коргон районунун айыл чарба департаментинде оператор; 2005-2011-ж.ж. – Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында “ШАЙЛОО” ГАСтын тутумдук администратору; 2011-жылдын августунан тартып, КР БШКнын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администратору болуп иштеп келди. Жемиштүү эмгеги үчүн Бакиров Б.Э. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору деген класстык ченге ээ болгон. Эмгектенген мезгилинде Байгазы Эркиналыевич өзүн кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ жогорку деңгээлдеги адис катары көрсөткөн. Байгазы Эркиналыевич мыкты бүлөчүл адам, камкор жубай жана төрт баланын сүйгөн атасы болгон. Н.К. Шайлдабекова, А.Г. Бекматов, А.Ж. Эшимов, А.Т. Асаналиев, Г.М. Баатырова, Г.К. Джурабаева, Е.Дж. Джилкичиева, Н.Т. Арипов, Б.С. Кадыров, А.Б. Абдрахматова, А.С. Сатыгулов, К.М. Осмоналиев жана КР БШКнын аппараты
Кененирээк билүү >>
Оморова Айнура Самыйбековна Саруу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды
07.10.2019

Оморова Айнура Самыйбековна Саруу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

2019-жылы 4-октябрда жаңы шайланган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат Үметалиева Шайымкүл ачты. Төраганын кызмат ордуна 3 депутаттын – Узаков Капарбек Мокешовичтин,  Иманалиев Канат Тойчубековичтин жана Оморова Айнура Самыйбековнанын талапкерлиги каралды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча экинчи турда депутаттардын 21 добушунун 12 добушун алган Оморова Айнура Самыйбековна Саруу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Маалымат үчүн: Оморова Айнура Самыйбековна, 1967-жылы 20-ноябрда туулган, кесиби – врач, Жети-Өгүз Жалпы дарыгерлик практика борборунда иштейт, бир нече жолу чакырылган жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Эки баланын энеси. Сессиянын алдында КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекованын, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими М.С.Раматовдун жана аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүнүн ж.б. катышуусунда Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган депутаттарга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болду. Куттуктоо сөзүндө КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо – бул “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Жогорку Кеңеш кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон жакында киргизилген өзгөртүүлөрдөгү жаңы ченемдерди жана талаптарды колдонуу менен болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын биринчи шайлоо болгонун белгиледи: 1. Айылдык кеңештерде ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ын резервде калтыруу жөнүндө жол-жобо колдонулду; 2. Айылдык кеңештерге мыйзам менен белгиленген эсептик он эсе көрсөткүч өлчөмүндөгү (1 000 сом) шайлоо күрөөсү киргизилди; 3. Талапкерлердин билими, соттолгондугу, жарандыгы жана паспортунун катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды текшерүү мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн “Түндүк”электрондук тутуму аркылуу ишке ашырылды; 4. Депутаттыкка талапкерлер катталган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде коомчулук таанышсын үчүн өз программаларын беришти, алар КР БШКнын расмий сайтында жарыяланды жана шайлоо участокторунда илинди; 5. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана шайлоочуларды иденттештирүү боюнча иш-аракеттердин комплекси КРӨ МККдан БШКнын жүргүзүүсүнө жана жоопкерчилигине өтүүдө; 6.  Шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралуу жарандарга маалымат берүү үчүн ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлүп, өз ишин жүргүздү, анын курамына КР БШКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, прокуратуранын, КР ИИМдин облустук жана райондук мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги кирди. КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова талапкерлердин программаларын жарыялоо жарандардын депутаттар жөнүндө, жергиликтүү жамааттын маселелерин чечүү боюнча алардын көз караштары, мамилелери жөнүндө  маалымат алуусун арттыруу үчүн маанилүү чара болуп саналарын белгиледи. Депутаттын бир жылдын ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз катышпай коюусу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негизи болору жөнүндө ченем депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатууга кызмат кылат. Мыйзамдын жаңы ченемине ылайык резервге калтырылган мандаттардын негизинде мандат алган депутат аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат тиешелүү шайлоо округунда добуштардын көпчүлүгүн алган кийинки талапкер аялга өткөрүлүп берилет. Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда мандат ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык бөлүштүрүлөт. Кеңештин биринчи сессиясынан кийин Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөрүн эске алып, депутаттарга айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерге карата жаңы талаптар жөнүндө кеңири маалымат берилди. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-49-беренелерине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына талапкерлерге карата “Кыргызтесттин”  сертификаты менен ырасталган мамлекеттик тилди “ортодон жогорку” деңгээлде милдеттүү түрдө билүү талабы киргизилген. Мында “Кыргызтест”  менен талапкерлерге сертификатты өз убагында берүү боюнча иш жүргүзүлдү. Мурда мыйзам менен проблемалары болгон адамдар башкаруу тутумуна шайлоо аркылуу келбесин деген жарандардын каалоолору шайлоо  жөнүндө мыйзамдарга түзөтүүлөрдө парламент тарабынан эске алынды жана жактырылды. Оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жарандардын ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчылыгына талапкер болууга укугу жок деген ченемдер киргизилди. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан бошотулган учурда, эгерде бошотуу жөнүндө кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу даттанылса, соттун акыркы кароосуна чейин айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы шайлоону дайындоо токтотула турат. Жети-Өгүз районунун акими М.С. Раматов өз сөзүндө жаңы шайланган айылдык кеңештин дарамети жогору экенин белгиледи, себеби жаңы шайланган  21 депутаттын 18инин жогорку билими бар (мурда жогорку билими бар 15 депутат болгон) жана ал региондогу иш тажрыйбага токтолду. Депутаттарга жергиликтүү жамааттын актуалдуу маселелерин чечүүгө бардык күч-аракеттерин жумшоосун каалады. Аксакалдар кеңешинин төрагасы Ж.М. Жаркымбаев депутаттарды аларга чоң ишеним көрсөткөн жарандардын кызыкчылыктары үчүн ырааттуу, конструктивдүү иштөөгө чакырды, депутаттын миссиясын татыктуу аткарып, кеңештин, жалпы эле Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошуусун каалады. Ошондой эле ал аялдардын катышуусу айыл аймагынын социалдык, билим берүү жана көрктөндүрүү маселелерин кыйла кылдат чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Улуу муундун атынан айылдык кеңештин азыркы чакырылышы натыйжалуу иши менен белгилүү болуп, жарандардын эсинде жакшы иштери менен калат деп ишенерин билдирди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 4-октябрда Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү
04.10.2019

2019-жылы 4-октябрда Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү

2019-жылы 4-октябрда Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. 9 добуш алган Советбек уулу Майрамбек Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ильич айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, алардын 9у катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган. Депутаттар талапкерге салыштырмалуу “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көпчүлүк добуш бергенине байланыштуу 2019-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калганын эске салабыз. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 1-октябрда Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү
01.10.2019

2019-жылы 1-октябрда Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү

2019-жылы 1-октябрда Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. 25 добуш алган Молдокадыров Нурбек Асыранкулович Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Нарын шаардык кеңешинде бардыгы 31 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Нарын шаарынын мэри кызмат ордуна 3 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 1-октябрда Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
01.10.2019

2019-жылы 1-октябрда Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 1-октябрда Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 10 добуш алган Дубанаев Алмазбек Джылкыбаевич Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Беш-Терек айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын 10у катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 1-октябрда Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
01.10.2019

2019-жылы 1-октябрда Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 1-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 8 добуш алган Джумалиев Эдиль Асыкбаевич Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Көк-Жар айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик. Студенттик иш-чаралар – 2019-жылдын күзү
01.10.2019

Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик. Студенттик иш-чаралар – 2019-жылдын күзү

Шайлоо укуктары жөнүндө жаштарга маалымат берүү боюнча өнөктүктүн алкагында КР БШКнын өкүлдөрү Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада жолугушуу өткөрүштү. Жаштардын өлкөнүн маанилүү коомдук-саясий процесстерине – республикалык жана жергиликтүү шайлоолорго катышуусун жогорулатуу агартуу иш-чараларынын башкы максаты болуп саналат. Маселен, шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жаш шайлоочулардын үлүшү республика боюнча 34%ды түзөт, бул болжол менен 1 051 000ден ашык адам. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын келүүсү жалпысынан шайлоочулардын санынан 56%ды түздү. Мында 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы жаш шайлоочулардын катышуусу жалпысынан республика боюнча 41%ды түздү б.а. жалпы шайлоочуларга салыштырмалуу жаштардын жигердүүлүгү төмөн. Бул көрсөткүч бардык жерлерде бирдей эмес. Маселен, Жалал-Абад шаарында 2017-жылдагы шайлоого жаштардын 36%ы добуш берүүгө катышты, бул республика боюнча жаштардын орточо келүүсүнөн 5%га төмөн. Ошол эле учурда Ош шаарында жаштардын жигердүүлүгү жаштардын арасында 63%га барабар, бул жаштардын республика боюнча катышуусуна  салыштырмалуу жогору. Жолугушуулардын жүрүшүндө Боршайкомдун жетекчилери студенттерге жаштардын шайлоого жигердүү катышуусунун маанилүүлүгү, шайлоону уюштурууда шайлоо органдарынын ролу, аң-сезимдүү, эркин жана жооптуу тандоонун мааниси, жашыруун добуш берүүнүн кепилдиктери жөнүндө айтып беришти. Жигердүү катышуунун жүрүшүндө студенттер шайлоо процессинин айкындуулугун жана аныктыгын, маалыматтарды өткөрүп берүүнүн коопсуздугун, саясий партияларды жана талапкерлерди каржылоонун айкындуулугун камсыздоого, автоматтык эсептөөчү урналардын мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу маселелерге кызыгышты. Ошондой эле студенттер шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелерине, шайлоо алдындагы өнөктүктү жана шайлоону чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүнө, үгүт ишинин ыкмаларына, өкүлчүлүктүү органдардын ыйгарым укуктарына, бузууларга, шайлоо укуктарын бузгандык үчүн тиешелүү санкцияларга кызыгышты. КР БШКнын өкүлдөрү аң-сезимдүү тандоо үчүн кабардар болуп, катышып жаткан шайлоо процессин түшүнүү зарыл экенин айтып беришти. Жарандар татыктуу талапкерлерди тандоосу үчүн шайлоого катышып  жаткан партиялар жана талапкерлер жөнүндө маалымат алуусу мааниге ээ. Жашыруун добуш берүүнүн кепилдигин сактоо эркин тандоо үчүн негиз болуп саналат. Кыргыз Республикасында шайлоо жалпы таанылган эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлүүдө, мамлекет добуш берүүнүн жашыруундуулугун сактоого кепилдик берүүдө, аны бузгандык үчүн жазык жоопкерчилиги каралган. КР БШК шайлоочуларды жооптуу тандоого, добуштарды сатууга жана администрациялык ресурска алдырбоого чакырды. КР БШКда Жарандык билим берүү борборун ишке киргизүү пландалууда, жарандар үчүн иш-чаралардын кеңири спектрин, анын ичинде жаштар, аялдар, шайлоочулардын башка категориялары үчүн, демократиялык институттарды жана процесстерди, өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда шайлоонун ролун түшүнүүнү хакшыртуу үчүн билим берүүчү атайын чараларды дайыма өткөрүп туруу анын миссиясы болмокчу. Кыргызстандын шайлоо моделин түшүндүрүү үчүн автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) орнотулду, анын жардамы менен студенттерге добуш берүүнүн айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоочу добуш берүүнүн жана жыйынтыктарды чыгаруунун тартибин көрсөтүштү. Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн түзүү жана укук маданиятын арттыруу боюнча стратегиялык милдеттердин алкагында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн тең укуктарды камсыздоо боюнча биринчи даражадагы милдеттерди баса белгилеп, КР БШК учурдан пайдаланып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар коомдук негизде пайдалансын үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин китепканасына Брайл тамгалары менен мамлекеттик жана расмий тилдерде басылып чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” китебинин эки нускасын өткөрүп берди. КР БШК бул чаралар менен өсүп келаткан муундун Кыргызстандын шайлоо тутуму жөнүндө маалымат алуусуна жана шайлоо тутумун түшүнүүсүн, шайлоого катышуусун жигердетүү менен жарандык жигердетүүлүктү жана жоопкерчиликти калыптандырууга умтулат. Жаштар менен иштер ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосунда жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн башка региондорундагы ЖОЖдордо дагы мындан ары лекцияларды өткөрүп туруу пландалууда. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин шайланган депутаттарынын тизмеси
30.09.2019

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин шайланган депутаттарынын тизмеси

2019-жылы 22-сентябрда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз АШКнын протоколуна ылайык: Талапкер аялдар үчүн резервде калтырылган мандаттар боюнча төмөнкүлөр Саруу айылдык кеңешинин депутаттары болуп шайланды: 7 мандаттуу №1 Саруу шайлоо округу боюнча №   Талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү Шайлоочулардын  талапкер үчүн берген добуштарынын саны       Акпарова Назик Акпаровна 62     Үмөталиева Шайымкүл 56     Ибраева Үмүткөр Ишенбаевна 45   7 мандаттуу № 2 Санаторий шайлоо округу боюнча №   Талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү Шайлоочулардын  талапкер үчүн берген добуштарынын саны       Оморова Айнур Самыйбековна 190     Абдрасулова Гульмира Аманбековна 160     Кыдыева Акылыйма Асангуловна 157   7 мандаттуу № 3 Чабалдаев шайлоо округу боюнча №   Талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү Шайлоочулардын  талапкер үчүн берген добуштарынын саны       Шекенбаева Клара Октябревна 172     Качкымбаева Айымкан Маткеримовна 130     Акматова Самара Тентимишовна 127   Шайлоонун натыйжалары боюнча төмөнкү талапкерлер Саруу айылдык кеңешинин депутаттары болуп шайланды: 7 мандаттуу № 1 Саруу шайлоо округу боюнча №   Талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү Шайлоочулардын  талапкер үчүн берген добуштарынын саны       Үлүшбаев Гулжигит Муканбетович 182     Абдыкеримов Болот Эсентурович 163     Илесбек уулу Руслан 151     Мамбетов Эсенболот Шадыканович 143   7 мандаттуу № 2 Санаторий шайлоо округу боюнча №   Талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү Шайлоочулардын  талапкер үчүн берген добуштарынын саны       Зарлыков Элмурат Кубатович 216     Абдыраев Жыргалбек Турсунович 182     Аскарбек уулу Улукбек 174     Усупбаев Жыргалбек Абдыбекович 174   7 мандаттуу № 3 Чабалдаев шайлоо округу боюнча №   Талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү Шайлоочулардын  талапкер үчүн берген добуштарынын саны       Мендибаев Замирбек Кубанычбекович 217     Узаков Капарбек Мокешович 215     Ургазиев Бактияр Аскерович 201     Иманалиев Канат Тойчубекович 173   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
30.09.2019

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2019-жылдын 30-сентябрдагы токтому менен Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 18-октябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды. Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 25-сентябрындагы №191-б. буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Кабаев Шекербек, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 12-июлундагы №55-р. буйругу менен Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы Касыров Тилек Касырович, Ивановка айылдык кеңешинин ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү 2018-жылдын 6-июлундагы №40/х-28 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин сегиз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30.09.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин сегиз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылы 30-сентябрда КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай, Чоң-Алай, Токтогул, Ысык-Ата, Кемин, Тоң, Түп жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Төмөнкү депутаттар өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту Ош облусу: Карыпбеков Бактияр (Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Маркаев Дүйшөбайга өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусу: Жумалиев Алмаз (Токтогул районунун М.Абдылдаев айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Озубеков Миргазыга өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусу: Абдиев Жыргалбек (Тоң районунун Төрт-Күл айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Намазов Кбунычбекке өткөрүп берилди. Баткен облусу: Имаралиев Шарабидин (Баткен районунун Кыштут айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Атамалиев Айдаралиге өткөрүп берилди. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалганына байланыштуу, берген арыздарынын негизинде төмөнкү депутаттар өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту Ош облусу: Раимбеков Абдыганы (Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Масабиров Нурсейитке өткөрүп берилди. Чүй облусу: Усупов Эркинбек (Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Джусумалиев Куванычка өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусу: Асанбеков Таланбек (Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Казыбеков Уланга өткөрүп берилди. Каза болгонуна байланыштуу Чүй облусунун төмөнкү депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду: Байгазиев Бакытбек (Кемин районунун Чоң-Кемин айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Султангзиев Нурбекке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунда төмөнкүлөр өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды: Талапкер Молдалиев Максат (Тоң районунун Төрт-Күл айылдык кеңеши). Талапкер Мамбекова Гульзат (Тоң районунун Төрт-Күл айылдык кеңеши). КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Дуулатов Равшанбек Пайызкулович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
30.09.2019

Дуулатов Равшанбек Пайызкулович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 30-сентябрда КР БШКнын мүчөлөрү Ала-Бука аймакктык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Дуулатов Равшанбек Пайызкулович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды. Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 17-сентябрда болуп өттү. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок. Дуулатов Равшанбек Пайызкулович 1982-жылы 26-февралда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ызар айылында туулган. Билими жогорку. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин “экономика жана компанияда башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом №УВ150037383 2015-ж. 4-март). Эмгек жолу: 11.02.2017 ж.- азыркы кунго чеин – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, каржы жана экономика бөлүмдүн башчысы; 01.09.2016 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, каржы жана экономика бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу; 02.11.2015 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, инвестиция тартуу боюнча башкы адиси; 10.10.2014 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, мат. Бухгалтери; 09.08.2013 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, бухгалтер-кассир; 01.08.2011 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, билим берүү бөлүмдүн мат. бухгалтери; 05.01.2011 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, эсеп бухгалтери; 09.08.2008 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, аскердик-эсепке алуу столдун инспектору; 1999ж. - “Тендик” дыйкан чарбасы, мүчө. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, эки баланын атасы Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору берген маалымкатка ылайык Дуулатов Равшанбек Пайызкуловичтин Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары бекитилди
30.09.2019

КР БШК Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары бекитилди

2019-жылы 30-сентябрда КР БШК 2019-жылы 22-сентябрда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн 3 көп мандаттуу шайлоо округу (7 депутаттык мандат боюнча) түзүлдү. Добуш берүү 4 шайлоо участогунда уюштурулду. Шайлоого катышуу үчүн 79 талапкер катталды: алардын 16сы – аял, 63ү – эркек. Мыйзамга ылайык ар бир округ боюнча талапкер аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмес мандат резервде калтырылды. Добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине киргизилген 5 193 шайлоочунун 1 797 шайлоочу катышты, бул 34,6%ды түздү. Саруу айыл аймагындагы шайлоочулардын тизмесине бардыгы 2 657 эркек киргизилип, алардын 942си добуш берди, тизмеге киргизилген 2 536 аялдын 855и добуш берди. Шайлоочулардын арасында добуш берүүгө жигердүү катышуу 31 жаштан 61 жашка чейинки шайлоочулар арасында байкалды (1536 шайлоочу). Катышкан эң улгайган шайлоочу 91 жашта. Жети-Өгүз АШКнын протоколуна  ылайык 21 депутат шайланды, алардын ичинде 9у – аял, 12си – эркек. Добуш берүү күнү талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 17 байкоочу байкоо жүргүздү. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун маалыматына ылайык шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар, даттануулар түшкөн жок. Шайлоо процессинин убагында жергиликтүү кеңештин шайлоо участокторунда МККнын жабдыктарынын жана АЭУлардын иштөөсүндө үзгүлтүк болгон жок. 2018-2020-жылдардагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында Жогорку Кеңеш тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга бир катар түзөтүүлөр киргизилгенин белгилей кетүү керек.  Маселен, аялдар үчүн мандаттардын 30%ын резервде калтыруу жөнүндө ченемди колдонуунун натыйжасында Саруу айылдык кеңешинде эми 9 депутат аял бар. Жергиликтүү кеңештерге талапкерлер үчүн 1000 өлчөмүндөгү  шайлоо күрөөсү киргизилди. Ал күрөө мыйзамга ылайык шайлоочулардын добушунун 15%ынан көпчүлүгүн алган 46 талапкерге кайтарылып берилет, күрөөнүн калдыгы республикалык бюджетке өткөзүлөт. Талапкердин программасын шайлоочулар таанышсын үчүн милдеттүү түрдө КР БШКнын расмий сайтында жарыялоо жана шайлоо участокторунда илип коюу жөнүндө талап мыйзамдагы маанилүү жаңычылдык болду. Мындан тышкары, мыйзам менен талапкерлерге карата ортодон төмөн эмес билим жөнүндө милдеттүү талап белгиленди, ал Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо учурунда дагы колдонулду. Андан сырткары, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине депутаттыкка талапкер катары шайлоого катышууга мурда колдонулуп келген  тыюу салуу жокко чыгарылды. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана аларды иденттештирүү боюнча функциялардын МККдан БШКга өтүшү шайлоону көз карандысыз уюштуруу фактору болуп калды. Курамына тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын кызматкерлери кирген ыкчам чара көрүүчү координациялык топторду (ЫЧКТ) милдеттүү түрдө түзүү жөнүндө ченемдер киргизилди. ЫЧКТнын  негизги милдети шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралуу жарандарга маалымат берүү болуп саналат. Жаңы ченемдер  талапкерлер жөнүндө шайлоочуларын маалымат алуусун олуттуу түрдө жакшыртат, депутаттардын шайлоочулар алдында жоопкерчилигин жогорулатууга таасир этет, шайлоонун айкындуулугун, мыйзамдуулугун жакшыртат. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 30-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
27.09.2019

2019-жылдын 30-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  30 -сентябрь 2019-ж. Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы протоколун бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2019-жылдын 17-сентябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай,Чоң-Алай,Токтогул, Ысык-Ата, Кемин, Тоң, Түп жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5.Ар түрдүү маселелер Төрага
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын БШКсы Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар ассоциациясынын Аткаруу кеңешинин (ACEEEO) курамына шайланды
27.09.2019

Кыргызстандын БШКсы Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар ассоциациясынын Аткаруу кеңешинин (ACEEEO) курамына шайланды

Кыргызстандын БШКсы Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар  ассоциациясынын Аткаруу кеңешинин (ACEEEO) курамына шайланды. Бул тууралуу чечим 2019-жылы 24-сентябрда Любляна шаарында (Словения) ACEEEOнун Башкы Ассамблеясынын жыйналышынын жүрүшүндө кабыл алынды. Бул практикалык маселелерди чечүүнү талкуулоодо, шайлоого байланыштуу заманбап технологияларды колдонууда, эркин, адил жана демократиялык шайлоо өткөрүү максаттарына жетүүдө Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө шексиз түрдө көмөктөшөт. Аткаруу кеңешинин курамына Кыргызстандын БШКсы менен катар Болгариянын, Латвиянын, Литванын, Молдованын, Румыниянын, Хорватиянын борбордук шайлоо органдары кирди. Аткаруу кеңеши Ассоциациянын жыйналыштарында катышуучу мамлекеттердин 3 жыл мөөнөткө жашыруун добуш берүү жолу менен шайланган  Институциялык мүчөлөрүнүн жети өкүлүнөн турат. Төраганын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жыл менен чектелет жана ал, эреже катары, ACEEEOнун кезектеги жыл сайын өтүүчү конференциясын уюштуруучу өлкөнүн өкүлү болуп саналат. Башкы Ассамблеяда Грузиянын БШКсын Башкы Ассамблеянын жаңы төрагалыгына шайлашканын белгилейбиз. Бул  Башкы Ассамблея 2020-жылы Грузияда өтөт дегенди билдирет. Уставга ылайык Башкы Ассамблеянын төрагасы, ошондой эле Аткаруу кеңешинин дагы төрагасы болуп саналат. 2019-жылы 25-28-сентябрда Словениянын Любляна шаарында ACEEEOнун жыл сайын өтүүчү конференциясы өтүүдө. Бул жылы Башкы Ассамблеянын темасы “Шайлоо укуктарын соттук коргоо жана шайлоонун айкындуулугу” болду. Бул иш-чарага дүйнөнүн 150 өлкөсүнүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү катышууда. Конференциянын максаты – шайлоо укуктарын соттук коргоону жана шайлоонун айкындуулугун окуп-үйрөнүү. Мындан тышкары, борбордук шайлоо органдары менен соттордун, ЖМК өкүлдөрүнүн жана жарандардын социалдык түйүндөр аркылуу өз ара натыйжалуу аракеттешүүсүнө көмөктөшүүнүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланмакчы. Башкы Ассамблеянын жана эл аралык конференциянын ишине КР БШК мүчөсү Н. Арипов жана БШКнын аппаратынын эл аралык кызматтатык бөлүмүнүн эксперти Л. Кутуева катышууда. Пленардык жыйналыштардын биринде КР БШК мүчөсү Н. Арипов “Кыргыз Республикасындагы шайлоолордогу инновациялык технологиялар жана айкындуулук” деген темада баяндама жасады. Баяндамада КР БШК тарабынан шайлоолордогу айкындуулукка жетишүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу тажрыйбасы тааныштырылды. Шайлоо процессинде инновациялык технологияларды колдонуу шайлоолордогу айкындуулукка жана аныктыкка жетишүүгө өбөлгө түөт, ал болсо, өз кезегинде шайлоого ишеним деңгээлин арттырууга алып келет. Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ACEEEOго 2006-жылы ассоциацияланган мүчө катары кошулса, 2013-жылдан тартып, толук даражадагы институциялык мүчө болуп саналат. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Жаңы технологияларды колдонууда жана шайлоонун айкындуулугун камсыздоодо Кыргызстандын тажрыйбасы Түркияда презентацияланды
26.09.2019

Жаңы технологияларды колдонууда жана шайлоонун айкындуулугун камсыздоодо Кыргызстандын тажрыйбасы Түркияда презентацияланды

Жаңы технологияларды колдонууда жана шайлоонун айкындуулугун камсыздоодо Кыргызстандын тажрыйбасы Анкара шаарында дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн шайлоо комиссияларынын 40тан ашык мүчөсү, ошондой эле шайлоо процесси чөйрөсүндөгү эксперттери катышкан “Айкындуулук жана байкоо жүргүзүү: шайлоодо маалыматтык технологияларды натыйжалуу пайдалануу” деген Эл аралык симпозиумда презентацияланды. Симпозиумга КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары Эшимов А.Ж., КР БШК мүчөлөрү Джурабаева Г.К. жана Сатыгулов А.С. катышты. КР БШК мүчөсү Джурабаева Г.К. “Айкындуулукту камсыздоодо каражат катары маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы жөнүндө” деген темада баяндама жасады. Маалыматтык технологиялар дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө шайлоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп калууда. Кыргызстан шайлоонун айкындуулугуна жана аныктыгына жетүүгө көмөктөшүүчү шайлоо процессине алдыңкы технологияларды киргизген Орто Азия өлкөлөрүндөгү алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп калды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 340 342 … 483