Молдокадыров Нурбек Асыранкулович Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

10 октября 2019

2019-жылы 10-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичти Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп тааныды.

Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылы 1-октябрда болуп өттү.

Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Молдокадыров Нурбек Асыранкулович

Туулган жылы:

17.08.1977-ж.

Жашаган жери:

Нарын облусу, Нарын шаары

Yй-бүлөлүк абалы:

Үйлөнгөн

Билими:

Жогорку, Кыргыз мамлекеттик улуттук университети (менеджмент адистиги боюнча, ГВ №20384 диплому, каттоо номуру 1608, 1999-ж. 30-сентябрь).

Иш стажы:

1999–2002-ж.ж. Нарын ш., Нурай ЖЧК, менеджер;
2002–2004-ж.ж. Нарын Кызыл Жарым ай Комитети, МГП боюнча кызматкер;
2003–2004-ж.ж. Нарын ш., Сорос-Кыргызстан фондунун экономикалык маалымат борборунун координатору;
2004–2005-ж.ж. «Балдарды коргогула» фондунун (Улуу Британия) талаа ассистенти;
2006–2007-ж.ж. БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) Нарын облусу боюнча адиси;
2008-жылы Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган;
2009–2012-ж.ж. Нарын шаарынын биринчи вице-мэри;
2012–2013-ж.ж. – ЮСАИД Программасынын Нарын облустук жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү боюнча координатору;
2012–2014-жж. Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган;
2014–2017-жж. – БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) «Нарын облусу  боюнча комплекстүү өнүктүрүү» адиси;
2017–2018-ж. март, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри;
2018-ж. март айынын тартып Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким.

Соттуулугу жөнүндө маалымат:

Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББнын 2019-жылдын 23-сентябрында берилген аныктамасында, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:

28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002153 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү дэңгээли (В2).

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү