Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча үчүнчү семинар өткөрүлдү
19.10.2018

КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча үчүнчү семинар өткөрүлдү

2018-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсында “Мамлекеттик кызматчыларда коррупцияга каршы жүрүм-турумду калыптандыруу” деген темада семинар болуп оттү. КР БШКнын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери Исмаилова Ч.С. кызматкерлер коомчулук тарабынан коррупциянын көрүнүшү катары кабыл алынган жүрүм-турумга - пара берүүгө убада кылууга, пара берүүнү сунуштоого, пара алууга макулдук берүүгө жол бербөө тууралуу айтып берди. КР БШКнын аппаратынын кызматкерлерине пара талап кылуунун кыйыр белгилери, ошондой эле айлана-чөйрөдөгүлөр тарабынан пара берүү жөнүндө өтүнүч (каңкуулоо) катары кабыл алынчу сөздөр жана жаңсоолор келтирилди. Терс кесепеттердин алдын алуу үчүн мамлекеттик кызматчыларга кесиптештер, уюмдардын өкүлдөрү, башка жарандар менен сүйлөшүү манераларына, мисалы, айлана-чөйрөдөгүлөр тарабынан пара берүү убада же сунуш ж.б. катары кабыл алынчу жүрүм-турумга жол бербөөгө көңүл бурулду. КР БШКнын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлерине коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу фактылары боюнча кабарлоонун маанилүүлүгү тууралуу, мамлекеттик органдын жетекчилигине кабарлоонун тартиби жана таризи, республиканын укук коргоо органдарына кабарлоонун тартиби жөнүндө маалымат берди. Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана ОЭСР өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарындагы коррупция жана аны жоюу боюнча иштер тууралуу көрмө роликтердин сюжеттери корсөтүлүп, талкууланды. Аппаратын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ОЭСРдин коррупциянын алдын алуу боюнча Стамбул планын байкоо жүргүзүүсүнүн 4-раундунун Отчетундагы сунуштамалар жөнүндө маалымат берилди, алар: - Улуттук жана ведомстволук деңгээлдерде коррупцияга каршы аракеттердин жаңы стратегиясын жана пландарын кабыл алуу жөнүндө; - коррупцияга каршы агартуу жана окутуу боюнча натыйжалуу ишти өткөрүү жана уюштуруу жөнүндө; - мамлекеттик кызматчыларды кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана кызыкчылыктарды айкындоо маселелери боюнча үзгүлтүксүз жана тажрыйба жүзүндө окутуу жөнүндө; - кирешелерди жана мүлктөрдү айкындоо жөнүндө; - ведомстволук этика кодекстерин иштеп чыгуу жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды этика маселелери, жүрүм-турумдун этикалык стандарттарын сактоо боюнча окутуу жөнүндө. Семинардын аягында КР БШКнын кызматкерлеринин арасында жүргүзүлгөн купуя анкетанын жыйынтыктары чыгарылды. Анкетада 15 маселе каралып, алардын ичинде төмөнкүдөй суроолор коюлган эле: - КРдин шайлоо тутумунда коррупция барбы? - КР БШКдагы коррупциянын деңгээли кандай? Мындан тышкары, БШКнын кызматкерлери орустун улуу реформачысы Биринчи Петрдун жүргүзгөн бийликтин жогорку эшелонундагы коррупцияга каршы күрөшү жөнүндө тарыхый маалымат алышты. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 19-октябрында Ак-Таш, Сары-Коо жана Ак-Добо айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
19.10.2018

2018-жылдын 19-октябрында Ак-Таш, Сары-Коо жана Ак-Добо айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

2018-жылдын 19-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Натыйжада: - Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 20 добуш алган Дооранов Абдулла Абдырайымович шайланды. Ак-Таш айылдык кеңешинде 21 депутат бар, 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган; - Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Баков Айбек Калыгулович шайланды. Сары-Коо айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, алардын ичинен 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган. - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Оморканов Эрнисбек Макелович шайланды. Ак-Дөбө айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, алардын ичинен 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 19-октябрында Чолпон-Ата шаарынын мэри шайланды
19.10.2018

2018-жылдын 19-октябрында Чолпон-Ата шаарынын мэри шайланды

2018-жылдын 19-октябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Чолпон-Ата шаардык кеңешинде 21 депутат бар, 20 катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында, Чолпон-Ата шаардык кенешинин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүк санын, тактап айтканда 12 добушун «Табылга» депутаттык фракциясынан Сарыбагышев Талант Кыдыргазиевич алды. Мэр башчылыгына 1 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 18-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди
16.10.2018

2018-жылдын 18-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди

2018-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин №533 буйругу менен А.Д. Анарботоев Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэринин кызматынан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №172 токтому менен Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 18-сентябрына дайындалган. 2018-жылдын 11-сентябрында Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын №6 чечими менен Исфана шаарынын мэринин кызматына эки талапкер катталган: “КСДП” жана “Ата-Мекен” депутаттык фракцияларынан – Хамраев А.Н., “Республика Ата-Журт” депутаттык фракциясынан – Касымов А.С. 2018-жылдын 19, 20-сентябрында КР БШКга Исфана шаарынын мэрлигине талапкер А.С.Касымовдон, Исфана шаардык кеңешинин депутаттарынан жана төрагасынан 2018-жылдын 18-сентябрында болуп өткөн Исфана шаарынын мэрин шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар келип түшкөн. Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка субъектилеринен келип түшкөн арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топтун чечими менен, арызга шаардык кеңештин 16 депутаты тарабынан кол коюлгандыгын эске алып, “кээ бир депутаттарга басым көрсөтүлгөндүгүн” текшерүү максатында, арыздар укук коргоо органдарына жиберилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттары жана шайлоо процессинин катышуучулары сурамжыланып, түшүндүрмөлөр алынган. Басым жасоо, көрсөтмө берүү, эрк-ниетин эркин билдирүүгө тоскоолдук кылуу жөнүндө маалыматтар ырасталбагандыктан, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баткен облустук ИИБнын Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн 2018-жылдын 11-октябрындагы токтому менен, КР КЖКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун жана 156-1-беренесинин негизинде, кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. 2018-жылдын 11-октябрында КР БШКга Исфана шаардык кеңешинин 17 депутатынан шайлоо, шайлоо мыйзамдарына ылайык өткөндүгү жана талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул болгондугу жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:           1. Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы эске алынды.   2. Исфана шаарынын мэрин шайлоодогу 2018-жылдын 18-сентябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 21-сентябрындагы протоколдору бекитилип, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылып, мэр шайланган Хамраев Абдивали Набиевич таанылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16.10.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 16-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай, Кара-Суу, Ноокен жана Токтогул АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Ош  облусунун Алай  айылдык кеңешиндеги депутат К.Сагынбаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т.Бопоевге  өткөрүлүп берилди; - Ош облусунун Алай районунун Ленин  айылдык кеңешинин депутаты Э.Чынгараев  каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Б.Айдаралиевге өткөрүлүп берилди; -Ош  облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылдык кеңешиндеги депутат И.Абылкасымов каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Д.Акбураевге өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад  облусунун Ноокен  районундагы Кочкор-Ата шаардык кеңешиндеги депутат  ”Өнүгүү-Прогресс” деп.фракциясынан З.Атчабаров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын  мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –С.Орозматовго (”Өнүгүү-Прогресс” деп.фракциясы) өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад  облусунун Токтогул   районундагы Уч-Терек айылдык кеңешиндеги депутат   А.Байышов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын  мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Б.Ажыкуловго өткөрүлүп берилди; КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ноокен  жана Каракол АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
16.10.2018

Ноокен жана Каракол АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШК Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Ноокен, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Т.Г. Абдувалиевдин, Т.Т. Калдыбаевдин, Ш.Р. Кылычбаеванын комиссиялардын курамдарынан, Кадыракун уулу К. комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдувалиев Таалайбек Гапурович комиссиянын курамынан чыгарылып; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ташиева Айгерим Дуйшеновна резервден комиссиянын курамына киргизилди. Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Калдыбаев Таалайбек Толкунович,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Кылычбаева Ширин Рысалиевна комиссиянын курамынан чыгарылды; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадыракун уулу Калысбек комиссиянын резервинен чыгарылды; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Атантаева Жыпаркүл Идирисовна, Турдукеев Замирбек резервден комиссиянын курамына киргизилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү        
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл  районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди
16.10.2018

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди

2018-жылдын 16-октябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Протоколдордун негизинде: - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылып,  Каниметов Адыл Жанкорозович мэр болуп шайланды; - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Кочоров Эсенгелди Мукамбетович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган мэр жана айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Каракол жана Ысык-Көл  аймактык шайлоо комиссияларына  тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 16-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
16.10.2018

2018-жылдын 16-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 16-октябрь 2018-ж.  Убактысы:12:00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2018-жылдын 12-октябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жонүндо (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ысык- Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүнө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнон мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай, Кара-Суу, Ноокен жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаардык кенешинин депутаттарынын арыздары тууралуу (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. Ар түрдүү маселелер ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 12-октябрында Каракол шаарынын мэри жана Кумбел айыл айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
12.10.2018

2018-жылдын 12-октябрында Каракол шаарынын мэри жана Кумбел айыл айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

2018-жылдын 12-октябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Каракол шаардык кеңешинде 31 депутат бар, 29 катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында, Каракол шаардык кенешинин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүк санын, тактап айтканда 18 добушун «КСДП» депутаттык фракциясынан Каниметов Адыл Жанкорович алды. Мэр башчылыгына 2 талапкер аттанган. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 9 добуш алган Кочоров Эсенгелди Мукамбетович шайланды. Кумбел айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09.10.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 9-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Бишкек,  Бакай-Ата жана Аксы АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешиндеги депутат М.Узденова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – К.Бекеновго өткөрүлүп берилди; - Бишкек шаардык кеңешиндеги депутат Е.Бердникова (Деп.фракция “КСДП”) өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –С.Шинге өткөрүлүп берилди; -Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылдык кеңешиндеги депутат С.Жоробеков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Базаркуловго өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Аксы  районундагы Кашка-Суу айылдык кеңешиндеги депутат М.Артыкбаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Касымовго өткөрүлүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Аксы  районундагы  Авлетим айылдык кеңешиндеги депутат К.Шабданов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Нейталиевге өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
09.10.2018

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

2018-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды. Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 2-октябрындагы № 61 буйругу менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбетова Элмира Кубанычбековна, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 8-октябрындагы № 77-б буйругу менен Нурманбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Ниязов Анарбек Зайнидинович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 26-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. 2018-жылдын 5-октябрына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок. Ошондой эле, 2018-жылдын 5-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда эки катталган талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 23-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал, Ысык-Ата Бакай-Ата жана Ысык-Көл АШКга тапшырылды. Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 9-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
09.10.2018

2018-жылдын 9-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  9 октябрь 2018-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2.   Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Бишкек, Бакай-Ата жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга жана саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ
08.10.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга жана саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин (Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан тышкары) толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт. Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалдык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт. Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүсү тийиш. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.  Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: -аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; -паспортунун көчүрмөсү; -иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси); -байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; - талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.  Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2018-жылдын 9-ноябрынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерге) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин менен) тиешелүү АШКга берет. Тиешелүү АШКдагы БШКнын атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат.  Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2018-жылдын 9-ноябрынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчилик кылуучу органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат. “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор, аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот. Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 66-01-16 Үлгүлөр: Арыз, СП протоколу, Жыйын протоколу Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтында караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жамааты Жумагулов Султанбек Жумагуловичтин мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт
08.10.2018

КР БШК жамааты Жумагулов Султанбек Жумагуловичтин мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, туризм Министрлигинин министри Жумагулов Султанбек Жумагуловичтин мелгилсиз каза болгондугуна байланыштуу жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтууну билдирип, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт. Султанбек Жумагулович мамлекеттин чыныгы патриоту, өз ишинин профессионалы жана моралдык жогорку принциптеги адам болгон. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат. Биз, Жумагулов Султанбек Жумагуловичтин жакындарына жана туугандарына, үй-бүлөлөсүнө орду толгус жоготууларына байланыштуу терең кайгыруу менен азаларын тең бөлүшөбүз. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 5-октябрындагы өткөн Бурана, Миң-Булак жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоолорунун жыйынтыгы
05.10.2018

2018-жылдын 5-октябрындагы өткөн Бурана, Миң-Булак жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоолорунун жыйынтыгы

2018-жылдын 5-октябрындагы Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 8 добуш алган Комурчиев Нурлан Сагынбекович шайланды. Бурана айылдык кеңешинде 11 депутат бар, 10ну катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн шайлоосу кворум болбой калгандыгына байланыштуу шайлоо өтпөй калды. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн шайлоосу 2 талапкер бирдей добуш алганына байланыштуу шайлоо өтпөй калды. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 49 беренесинин 3 пукнтуна ылайык, эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Талас шаардык жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын атайын өкүлү Нусубалиев Абылгазы Бешкемпирович дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат
04.10.2018

КР БШК Талас шаардык жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын атайын өкүлү Нусубалиев Абылгазы Бешкемпирович дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Талас шаардык жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын атайын өкүлү Нусубалиев Абылгазы Бешкемпирович дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, жакындарынын азасын теӊ бөлүшөт. Нусубалиев Абылгазы Бешкемпирович эмгек жолун 1972-жылы Талас райондук курулуш бөлүмүндө (РКБ) жумушчу болуп иштеп баштаган. -1977-жылдан 1978-жылга чейин Талас РКБ таш уста; -1978-жылдан 2003-жылга чейин Талас районундагы Кырк-Казык орто мектебинде пионерлердин жетекчиси, башталгыч класстын мугалими, директордун орун басары, директор; -2003-жылдан 2007-жылга чейин Талас облустук элдик билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, методикалык кабинеттин жетекчиси; -2007-жылдан 2009-жылга чейин Талас районунун Жергетал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы; -2009-жылдан 2010-жылга чейин Талас районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы; -2010-жылдан 2011-жылга чейин Талас облустук шайлоо комиссиясынын катчысы; -2011-жылдын июль айынан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын Талас шаардык жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын атайын өкүлү болуп иштеп келген. Ошондой эле, А.Б. Нусубалиев Талас облусу боюнча кураторлук ишти дагы аткарып келген. Нусубалиев Абылгазы Бешкемпировичке үзүрлүү, ак ниет эмгеги үчүн 1976-жылы СССРдин Жогорку Советинин “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы, 1999-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” наамы, 2008-жылы Талас райондук мамлекеттик админстрациясынын “Ардак Грамотасы”, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын “Ардак Грамотасы”, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. “Муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси” болгон. Абылгазы Бешкемпирович кызматын аркалап турган мезгилде өлкөнүн өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон жана шайлоочулардын, кесиптештеринин арасында жогорку сый-урматка ээ болгон. Ал жогорку даражадагы адис катары эсибизде калат. Абылгазы Бешкемпирович үлгүлүү ата, камкор жолдош, мекенчил инсан болгон. Н.К.Шайлдабекова, А.Г.Бекматов, А.Ж.Эшимов, А.Т.Асаналиев, Г.М.Баатырова, Г.К.Джурабаева, Е.Дж.Джилкичиева, Н.Т.Арипов, Б.С.Кадыров, А.Б.Абдрахматова, А.С.Сатыгулов, К.М.Осмоналиев жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын эмгек жамааты
Кененирээк билүү >>
1 … 367 369 … 483