Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК Кыргыз Республикасындагы аймактык шайлоо комиссияларынын системдик администраторлоруна системаларды жана веб-технологияларды башкаруунун негиздери боюнча окуу өткөрүүдө
02.10.2018

КР БШК Кыргыз Республикасындагы аймактык шайлоо комиссияларынын системдик администраторлоруна системаларды жана веб-технологияларды башкаруунун негиздери боюнча окуу өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо комиссияларынын системдик администраторлору үчүн системаларды жана веб-технологияларды башкаруунун негиздери боюнча окуу курстарын өткөрүү пландаштырылды. Окуу курстары төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт: системаларды, тармактарды жана веб-технологияларды башкаруу.  Курстар үчүн окуу китеби маалыматтык технологиялар боюнча консультант, KOICA/NIPAнын IT-эксперти, “Кореянын дүйнөлүк достору, эксперттер программасынын” алкагында БШКда иштеп жаткан С.С.Ким мырза жана КР БШКнын маалыматтык-коммуникациялык технологиялары Башкармасынын кызматкерлери тарабынан даярдалган. Курстар эки этапта өткөрүлөт (тренер С.С.Ким мырза).  Биринчи этапты өткөрүү 2018-жылдын 16-сентябрынан 25-октябрына чейин пландаштырылган. Ошентип, 2018-жылдын 16-19-сентябрында, Нарын шаарында, Нарын облусунун аймактык шайлоо комиссияларынын жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо АШКнын системдик администраторлору үчүн окуу курстары өткөрүлдү. 20-22 сентябрында Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун аймактык комиссияларынын системдик администраторлору  үчүн курс өткөрүлдү. 27-30-сентябрында Баткен облусунун аймактык комиссияларынын системдик администраторлору Баткен шаарында курс өтүшсө, 1-3-октябрда Ош шаарында Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык комиссияларынын системдик админстраторлору курс өтүп жатышат. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
02.10.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 2-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат, Ысык-Ата жана Талас шаардык АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылдык кеңешиндеги депутат М.Осмонбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – З.Бөрүбековго өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайынды айылдык кеңешиндеги депутат Жайлообай у. Азаматка соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө киришине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Кадырмамбетовго өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылдык кеңешиндеги депутат А.Конкошов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –А.Набиевге өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылдык кеңешиндеги депутат У. Атабаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – К.Каимовага өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун Ноокат районундагы Н.Исановдун атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Э.Эргешов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – С.Пазыловага өткөрүлүп берилди; -Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылдык кеңешиндеги депутат Д.Боронов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – У.Мамбетовго өткөрүлүп берилди; -Талас облусунун Талас шаардык кеңешиндеги депутат С.Жоробеков (Деп.фракция “КСДП”) өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Н.Султаналиевге өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
02.10.2018

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

2018-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын  28-сентябрындагы № 597 буйругу менен Чолпон-Ата шаарынын мэри К.Саралаев, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2018-жылдын 25-сентябрындагы №29/15-1 токтомунун негизинде (ишеним көрсөтүлбөгүндүгү тууралуу), ээлеген кызматынан бошотулган. Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 153-б буйругу менен  Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектиров, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 292-б буйругу менен  Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Адеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 2-октябрындагы №Б-16/VI буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 19-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ысык-Көл, Кара-Суу, Жайыл жана Бакай-Ата АШКга тапшырылды. Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт. Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 2-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
02.10.2018

2018-жылдын 2-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  2 октябрь 2018-ж. Убактысы: 13:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)  3.  Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  карыяларды  Эл аралык күнү менен куттуктады
01.10.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы карыяларды Эл аралык күнү менен куттуктады

БШКнын кызматкерлери  согуштун  ардагерлери Ишенбай Багышбековду, Маркел Ибраевди, Петр Поломощновду, Закия Асанованы, Варвара Шпакты, шайлоо системасынын ардагерлери, КР БШКнын мурунку мүчөлөрү  Жаркын Бапанованы, Рашид Бекбасаровду  карыялардын  Эл аралык күнү менен Боршайкомдун атынан куттуктап, акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды. “Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!  Сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге – биздин ата-энелерибизге, согуштун жана эмгектин ардагерлерине – биздин мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар үчүн  ыраазылык билдиребиз!  Көпчүлүгүңүздөр, жашыңыздарга карабастан, турмуштук жигердүү позицияны сактап, өндүрүштө жана коомдук уюмдарда иштөөнү улантып, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодо катышып келе жатасыздар. Улуу муундун өкүлдөрү жаштарга жарандык жигердүү позицияны көрсөтүүнүн үлгүсү болуп, шайлоолордо жана референдумдарда активдүү катышып келе жатасыздар.  Сиздердин тажрыйбаңыздар жана рухий күчүңүздөр, акылмандык жана кең пейилдигиңиздер менен бизди, жаш муунду жашоодо туруктуулукка жана Мекенди сүйүүгө үйрөтүп келесиздер.  Биз Сиздер менен сыймыктанабыз! Урматтуу ардагерлер, Сиздерге чың ден-соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубат жашоо каалайбыз!” КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жамааты Кара-Буура АШКнын системалык администратору Суванбекова Гульнаранын атасы Суванбеков Бакир каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат
01.10.2018

КР БШКнын жамааты Кара-Буура АШКнын системалык администратору Суванбекова Гульнаранын атасы Суванбеков Бакир каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты Кара-Буура АШКнын системалык администратору Суванбекова Гульнуранын атасынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Башка түшкөн оорду толгус кайгыны тең бөлүшүп, Суванбеков Бакирдин үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына чын жүрөктөн чыккан терең кайгырууну билдиребиз. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
25.09.2018

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

2018-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын  19-сентябрындагы № 576 буйругу менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Д.Арпачиев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 3/13 буйругу менен  Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Дубаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 12-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Каракол жана Ысык-Көл АШКга тапшырылды. Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт. Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
25.09.2018

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди

2018-жылдын 25-сентябрында КРнын БШКсы Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай жана Миң-Куш, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти. Протоколдордун негизинде: - Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Чоодуев Уран Казымбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; -Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Кудайбергенов Рысбек Молдакматович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; -Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Алманбетов Канат Джакупович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; -Майдан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Абдилатов Эсен Акимович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; -Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Асанов Кемелбек Джумабекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Абдусатторов Неъмоншо Махмадшоевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү  Сокулук, Жумгал, Кадамжай жана  Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 25-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
25.09.2018

2018-жылдын 25-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  25 сентябрь 2018-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Чүй облусунун Сокулук районунун Орок, Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай, Миң-Куш, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта)  (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)  2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)  3. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Корумду айылында шайлоо мыйзамдары жана шайлоо жараяны жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары үчүн уюштурулган семинар аяктады
24.09.2018

Ысык-Көл облусунун Корумду айылында шайлоо мыйзамдары жана шайлоо жараяны жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары үчүн уюштурулган семинар аяктады

20-сентябрдан 23-сентябрга чейин КР БШК Шайлоо системалары боюнча эл аралык фондунун (IFES) колдоосу менен Ысык-Көл облусунун Корумду айылында шайлоо мыйзамдары жана шайлоо жараяны жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары үчүн семинар өткөрдү. Семинарга КР БШК төрагасы, КР БШК мүчөлөрү, 54 аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери, БШКнын АШКдагы атайын өкүлдөрү,  борбордук аппараттын кызматкерлери жана IFESтин эксперттери менен өкүлдөрү катышты.  Семинардын негизги максаты, АШКнын ишмердүүлүгүн эффективдүү пландоо,  жергиликтүү бийлик органдары менен байланышта иш алып баруу жана АШКнын иш аракеттерин аткарууну жөнгө салуу. БШК төрагасы Н.Шайлдабекова алдыдагы өтө турган шайлоолорго даярдануунун маанилүүлүгүнө токтолуп, шайлоо укуктарын жана жараяндарын жакшыртуу боюнча иштерге кыскача мүнөздөмө берип жана ал багытта АШК, УШКга тийиштүү тапшырмаларды берди. АШКнын макамынын көз карандысыздыгын бекемдөө бул бирден бир башкы талап болуп эсептелет. Ошондой эле БШК төрагасы АШКнын мүчөлөрүнө буга чейинки орун алган бүткүл элдик добуш берүүдө аткарган ачык-айкын, кесипкөйлүк менен аткарган эмгегине ыраазычылык билдирди. Шайлоо системасында көп жылдык тажырыйбага ээ АШК мүчөлөрү семинардын жүрүшүндө башка кесиптештери менен пикир алмашып, билимдери менен бөлүшүштү.  Тийиштүү аймактарга кураторлук кылган БШК мүчөлөрү семинардын жүрүшүндө эффективдүү иш алып барууга катышуучуларга көмөк көрсөтүштү. Шайлоо системалары боюнча эл аралык фондунун (IFES) жетекчиси Р.Левовски төмөнкүлөргө токтолду; “Биз мындан ары дагы КР БШКга эксперттик-методикалык жактан колдоо көрсөтүү менен, кызыктар болгон жалпы багыттагы иш жүргүзүүгө даярбыз”. Семинар 3 этапка бөлүнүп, бир нече сессиядан турду.  Анда катышуучулар эффективдүү чечимдерди кабыл алуу үчүн топторго бөлүнүп, иш тажырыйбаларын алмашты. Ар бир сессияда шайлоо укуктарынын субъектилерин камтыган суроолор берилди.  БШКнын эксперттери да семинарга активдүү катышып, АШК мүчөлөрү тарабынан шайлоолорду уюштуруу жана даярдоо процесстерине байланыштуу берилген суроолорго жооп беришип, маанилүү суроолордун негизинде атайын презентация даярдалып, жыйынтыктоочу жалпы сессияда көрсөтүлүп, талкууга алынды.   Семинарда төмөнкү темалар талкууланды: -КР шайлоо мыйзамдарын жөнгө салган укуктук-ченемдик актылар; -шайлоону даярдоо жана өткөрүүдөгү тоскоолдуктар; АЭҮ иштетүүнүн техникалык өзгөчөлүктөрү жана анын иштөө тартиби, түзүлүшү жана башкалар.  Мында окутуучу семинарлар системалуу түрдө, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, жалпы эле шайлоо системасындагы кадрлардын кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн планга жараша үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. КР БШК аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар иш-чараларды өткөрдү
19.09.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар иш-чараларды өткөрдү

2018-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында мамлекеттик тил майрамынына карата "Улут болсом-тилим менен улутмун" деген аталыштагы сынак өткөрүлдү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова расмий ачып берип, өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана салттарына токтолуп, ошондой эле кыргыз тилинин маанилүүлүгүн белгиледи. Белгилей кетчү нерсе, 2018-жылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова өз демилгеси менен "КЫРГЫЗТЕСТ"тен тест тапшырып, ийгиликтүү өттү. Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн сынак борбордук аппараттын кызматкерлеринин арасында өтүп, анда саламдашуу, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп берүү, кыргыз элинин элдик ырларынан аткаруу, акыйнек, макал-лакап айтышуу жана кыргыз тилине байланыштуу суроо-жоопторду аткаруу камтылган. Катышуучулар сынакка кызыгуу менен мамиле кылып, ага жигердүү катышты. Калыстар тобунун төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов бекитилип, калыстар тобунун курамын  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимов, аппарат башчысы М.Коңурбаев түздү. Калыстар тобунун төрагасы А.Бекматов мындай сынактар, иш-чаралар эмгек жамааттын ынтымагын бекемдеп,  командалык рухту жакшыртуу жана тиешелүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө чон салым кошоорун баса белгиледи. Иш-чаранын негизги максаты маданий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтууга, кыргыз тилин үйрөнүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка олуттуу салым кошкон жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналды. Сынактын жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн дипломдор жана баалуу китептер, белектер менен сыйланышты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
17.09.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 17-сентябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Өзгөн, Кара-Кулжа жана Сүлүктү АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги депутат М.Адылбеков (Деп.фракция “Өнүгүү-Прогресс”) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Сыдыковго өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги депутат А.Дуйшеев (Деп.фракция “Өнүгүү-Прогресс”) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Турдиевге өткөрүлүп берилди; -Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылдык кеңешиндеги депутат Н.Акматов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Жылкыбай уулу Мурадилге өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылдык кеңешиндеги депутат А.Акматовго соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө киришине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Б. Батыровго өткөрүлүп берилди; - Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешиндеги депутат У. Башиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –С. Калыбаевге өткөрүлүп берилди; - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айылдык кеңешиндеги депутат О. Бокеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –А. Муминовго өткөрүлүп берилди; -Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешиндеги депутат Р.Мавлянова (Деп.фракция “Кыргызстан”) өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –А. Пирматовага өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад, Жумгал жана Токмок АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
17.09.2018

Жалал-Абад, Жумгал жана Токмок АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШК Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Жалал-Абад, Жумгал, Токмок АШКнын мүчөлөрү: Б.С. Алдосованын, К.Т. Талканбаевдин, А.И. Ашырбаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде негизинде токтом кабыл алынды. -Жалал-Абад АШКнын курамынан Б. Алдосова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды. Анын ордуна резервдеги Д.Батыралиева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. -Жумгал АШКнын курамынан К.Талканбаев (“Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан) чыгарылды. Анын ордуна резервдеги Ж.Токтоназарова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. -Токмок АШКнын курамынан А.Ашырбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды. Анын ордуна резервдеги Б.Салманова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
17.09.2018

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

2018-жылдын 17-сентябрында КР Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Чүй районунун Бурана, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады. Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 17-августундагы № 129-т буйругу менен Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ашымов, Бурана айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-августундагы №27 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 75 буйругу менен Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айбалиев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 12-сентябрындагы № Б-15/VI буйругу менен Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоев каза болгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Чүй районунун Бурана, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 5-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди
17.09.2018

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди

2018-жылдын 17-сентябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 5-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Протоколдордун негизинде Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Бейшебаев Эрнис Айнабаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү  Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 17-сентябрында  өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
17.09.2018

2018-жылдын 17-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  17 сентябрь 2018-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө  (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  2. Чүй облусунун Чүй районунун Бурана, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  3. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу  (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  5. Ар түрдүү маселелер ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
1 … 368 370 … 483