Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу

Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу

Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий  партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
28-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Тюп, Каракол, Ак-Суу, Ысык-Ата, Аламудун, Чүй, Токмок, Талас шаардык, Талас, Жумгал, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл аларын жарыялайт. 

Саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүүчү субъектер болуп саналат. 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; -  талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. 

Ошондой эле бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайлана алышпайт. 

Саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. 

Саясий партиялар талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2026-жылдын 7-октябрына саат 18.00гө чейин беришет. 

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер 2026-жылдын 7-октябрына саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди тапшыруусу зарыл. 

Жергиликтүү кеңештин шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо боюнча сессиясы шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. 

Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына дароо өткөрүлүп берилет. 

Шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги: - “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы; - паспорттун көчүрмөсү; - иштеген жери, окуган жери, билими  көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча же резюме); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери; - жеке маалыматты чогултууга жана иштетүүгө макулдугу; - көрсөтүүчү субъекттин протоколу. 

Көрсөтүүчү субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуусу зарыл. 

Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук.

Жарандын шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө

жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук

протокол

саясий партиянын протоколу

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>