Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү жамааттынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктоосу
26.10.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү жамааттынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атыман Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Жергиликтүү жамааттардын көйгөйлөрүн чечүү менен биздин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары толук жана натыйжалуу иштегенде гана мамлекеттүүлүк бекемделет. Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, бейпилдик, ынтымак, үй-бүлөңүздөргө бакыт, кыргыз элине кызмат кылуу жаатында аткарган иштериңиздерге жана өзүңүздөрдүн кесиптик чеберчиликти арттырууда ийгиликтерди каалайм! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
26.10.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 26-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Жумгал жана Баткен АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: -Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги депутат К.Жакыпов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ж.Касымжановго өткөрүлүп берилди; -Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылдык кеңешиндеги депутат И.Султаналиев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –К.Төлөшевго өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаты А.Абдырахмановдун.каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – А.Набиевге өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Б.Жеенбаевдин каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – М.Ниязалиевге өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бурана, Мин-Булак жана Түп  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
26.10.2018

Бурана, Мин-Булак жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

2018-жылдын 26-октябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 5, 23- октябрында Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти. Протоколдордун негизинде: - Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Комурчиев Нурлан Сагынбекович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылып, Джаныбеков Бакытбек Осконович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылып, Асакеев Алманбет Исманович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ысык-Көл, Бакай-Ата жана Түп аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Үч-Дөбө жана Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
26.10.2018

Үч-Дөбө жана Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды

Ош облусунун Алай райондук Мамлекеттик Администрациясынын Башчысы – акиминин 2018-жылдын 19-октябрындагы № 165 буйругу менен Үч-дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Токтомамат уулу Нурмухамед, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 23-октябрындагы № 48 буйругу менен Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Акматов Нургазы Имитиллаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу 2018-жылдын 14-ноябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Чоң-Алай жана Алай АШКларына тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жамангуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, бошогон мандат тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Н. Тотоновго берилди
26.10.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жамангуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, бошогон мандат тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Н. Тотоновго берилди

2018-жылдын 26-октябрында КР БШК “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Жамангулов Акылбек Жекшеновичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2018-жылдын 24-октябрындагы №346-б чечиминин негизинде КРнын ЖК-нин депутаты А. Жамангулов «Альфа Телеком» жабык акционердик коомдун башкы директору болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу КР БШК “Республика Ата-Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Тотонов Нурбек Темирбековичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына күбөлүк жана төш белги тапшырылды Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2,1-бөлүгүнө, 3-пунктуна ылайык, башка ишке өтүү же ал тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишти таштабоо, депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз болуп калат. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 26-октябрында Нурманбет жана Көк-Ой айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
26.10.2018

2018-жылдын 26-октябрында Нурманбет жана Көк-Ой айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү

2018-жылдын 26-октябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Натыйжада: - Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 11 добуш алган Байгазиев Багыш Муратбекович шайланды. Нурманбет айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган; - Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Каратаев Таяныч Асанбекович шайланды. Көк-Ой айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, алардын ичинен 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 26-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
26.10.2018

2018-жылдын 26-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:   26 октябрь 2018-ж. Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Ж. Жамангуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнундө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 3. Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 4. Ош облусунун Алай районунун үч-Дөбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө  (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Жумгал, Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 6.Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
-
24.10.2018

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кайрылуусу!
23.10.2018

КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кайрылуусу!

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №210 Жарлыгы менен Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 2-декабрына дайындалды. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар! Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат. Эске сала кетсек, биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен www.shailoo.srs.kg порталынан текшере алышат. Шайлоочулардын тизмеси тийиштүү шайлоо участокторунда добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калганда, б.а. 2018-жылдын 29-октябрына чейин илинет, Сиз ошол жерден өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактасаңыз болот. Сиз кандай болбосун ката же так эместиктерди, ошондой шайлоочулардын тизмесинде жок экениңизди тапсаңыз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 11 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2018-жылдын 21-ноябрына чейин, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен Сиздин жергиликтүү жамаатка тиешелүү экендигиңизди тастыктаган ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз. Бул арыз токтоосуз участкалык шайлоо комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жөнөтүлөт.     Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партияларынын өкүлдөрү! “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-пунктуна ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз. Өзүн өзү көрсөтүү тартибинде Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганда б.а. 2018-жылдын 9-ноябрында, саат 24.00гө чейин аяктайт. Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күн калганда б.а. 2018-жылдын 17-ноябрына чейин аяктайт. Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жана талапкерлерге карата талаптар жөнүндө эскертмелер жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган.   Урматтуу аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде, айрыкча ишке ашырылып жаткан шайлоо системасын реформалоо алкагында жергиликтүү деңгээлде негизги роль аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө таандык. Калктын шайлоо процесске болгон ишениминин деңгээли Сиздердин иш-аракеттериңиздерге байланыштуу. Ачыктык, айкындуулук, чындык бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишинин негизи. Биздин шайлоону кандай өткөргөндүгүбүз Кыргызстандын туруктуулугуна жана демократияны бекемдөөгө түздөн-түз таасир берет. Шайлоонун жаңы модели бул өлкөнүн түп тамырынан өзгөртүүгө карата ири кадам. Өзгөчө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссиясына жүктөлгөн, алар шайлоочулар менен гана эмес, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз ишти, аймактык шайлоо комиссиясында айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен аяктап, уюштурат. Ушул процесстин башкы талаптары болуп, шайлоонун бардык катышуучуларына карата бейтарап жана бирдей мамилени камсыз кылуу, болууга тийиш! Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2018-жылдын 25-октябрына чейин иштеп чыгат жана КР БШКга бекитүү үчүн берет. Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР мыйзамдарына ылайык, добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн, шайлоо участкалары жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлүүгө тийиш. Шайлоо участкалары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2018-жылдын 29-октябрына чейин ар бир шайлоо учаткасында 2500дөн ашык эмес шайлоочу деген эсепте түзүлөт. Шайлоо округдарынын чек аралары участкалардын чек аралары менен кесилишине жол берилбейт. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну пландаштырган жалпыга маалымдоо каражаттары, обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты жөнүндө маалыматтарды тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басма сөз редакциясы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 8 календардык күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш. Эскерте кетсек, шайлоо алдындагы үгүт Чаек айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 17-ноябрынан тартып башталат. Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттардын ролу жана катышуусу абдан маанилүү. Борбордук шайлоо комиссиясы регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссиялардын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр. Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасында шайлоо процесстин айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган, эркин, атаандаштык жана адилеттүү шайлоонун жалпы таанылган эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу жана практикалык механизмдердин системасы түзүлүп, өнүгүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процесстин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдардын ченемдеринин талаптарын так сактоону жана шайлоо процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө ич ара сый-урматты жана чыдамдуулукту сактоону суранат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жагынан шайлоо процесстин бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты, айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын нугунда, тынч, стабилдүү атмосферада өтүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
23.10.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 23-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Талас, Кадамжай, Ысык-Көл, Ак-Суу, Ош, Кара-Суу, Сузак жана Нарын АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: -Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылдык кеңешиндеги депутат Р.Шатманов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Ниязалиевге өткөрүлүп берилди; - Талас облусунун Талас районунун Өмүралиев атындагы айылдык кеңешинин депутаты С. Малдыбаев каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер –Ж.Сагыналиевге өткөрүлүп берилди; -Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылдык кеңешиндеги депутат К.Каримов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –А.Алмаматовго өткөрүлүп берилди; -Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешиндеги депутат Э.Абдилатов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Сарыбаевге өткөрүлүп берилди; -Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешиндеги депутат Т.Эшмамбетов (Деп.фракция “Республика-Ата-Журт”) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат А.Корголдоевге өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылдык кеңешиндеги депутат Н.Давлетов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Шамиловго өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айылдык кеңешиндеги депутат Э.Султанбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Шамыркановго өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылдык кеңешиндеги депутат Н.Асанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – О.Шабдановго өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты А.Омурзакова каза болгондугуна байлануштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Т.Токтосуновго өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңешиндеги депутат А.Шадыканов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Осмоновго өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңешиндеги депутат Т.Уркадыров депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Сейитовго өткөрүлүп берилди; -Ош шаардык кеңешиндеги депутат Ж.Азимов (Деп.фракция “Республика-Ата-Журт”) депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат Т.Жунусовго өткөрүлүп берилди; - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылдык кеңешиндеги депутат Б.Шерматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Умаровго өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жангак айылдык кеңешиндеги депутат А.Осмоналиев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Темирбаевге өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Нарын районундагы Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги депутат Т.Сейитмамбетов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Амановго өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ак-Таш, Сары-Коо жана Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
23.10.2018

Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ак-Таш, Сары-Коо жана Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

2018-жылдын 23-октябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 19-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти. Протоколдордун негизинде: - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылып, Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич мэр болуп шайланды; - Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Дооранов Абдулл Абдырайымович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Баков Айбек Калыгулович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Оморканов Эрнис Макелович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган мэр жана айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ысык-Көл, Кара-Суу, Жайыл жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти
23.10.2018

КРнын БШКсы 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти

2018-жылдын 23-октябрында КРнын БШКсы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Жалпысынан 4 шайлоо округу жана 6 шайлоо участкасы бекитилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти
23.10.2018

КРнын БШКсы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы №210 Жарлыгына ылайык Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 2-декабрына дайындалды. КРнын БШКсы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн алкагында, 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган шайлоого караштуу негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планын бекитти. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпы чыгымдардын суммасы 1 135 400 (бир миллион жүз отуз беш миң төрт жүз) сом түздү. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы аныкталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 23-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
23.10.2018

2018-жылдын 23-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:   23 октябрь 2018-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 2. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана  Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө  (Баяндамачы – Г.К. Дюшембаева, пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүдүн башчысы) 3. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 4. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык  кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 5. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүнбашчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Талас, Кадамжай, Ысык-Көл , Ак-Суу, Ош, Кара-Суу, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 7. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 23-октябрында Миң-Булак жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кайра шайлоосу өттү
23.10.2018

2018-жылдын 23-октябрында Миң-Булак жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кайра шайлоосу өттү

2018-жылдын 23-октябрында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Натыйжада: - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 10 добуш алган Асакеев Алманбет Иманович шайланды. Миң-Булак айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 10ну катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган; - Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 14 добуш алган Оморканов Эрнисбек Макелович шайланды. Түп айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, алардын ичинен 19 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин сатып алуу боюнча конкурстун жыйынтыктары
22.10.2018

КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин сатып алуу боюнча конкурстун жыйынтыктары

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2018-жылдын 19-октябрында электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин сатып алуунун жыйынтыктарынын протоколун жарыялады. 2018-жылдын 12-сентябрында конкурстук табыштамалардын конверттерди ачылган. Конкурстук табыштамалардын конверттерин ачуунун жыйынтыгында 5 (беш) берүүчүдөн сунуш түштү. Конкурстук документацияны жана техникалык талаптарды баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия эң төмөнкү бааны - бир бирдик үчүн 74 сомду, жалпы суммасы 10 000 бирдик үчүн 740 000 сомду сунуштаган берүүчүнүн конкурстук табыштамалары жеңүүчү деп аныктады. Ошентип, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын төш белгилерибир бирдик үчүн 74 сомго сатып алынат. Маалымат үчүн: Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына конкурс тууралуу кулактандыруу жарыялангандан кийин берүүчүлөрдүн даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясына (мындан ары - КВК) даттануу менен кайрылган. Анда конкурстун катышуучулары 2018-жылга чейин кеминде 5 жыл Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, менчигинде же үзгүлтүксүз ижарада окшош продукция чыгарган цехи барын ырастаган документтерин көрсөтүүгө тийиш экендиги тууралуу квалификациялык талаптардын бири негизсиз деп нааразылыгын билдирген. КВК 2018-жылдын 17-октябрдагы чечими менен берүүчүнүн даттануусун негиздүү деп тапкан. Конкурстук комиссия КВКнын 2018-жылдын 17-октябрдагы чечимин эске алып, конкурстун бардык катышуучуларынын конкурстук  документацияда белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайыктыгын баалоодо жогоруда көрсөтүлгөн квалификациялык талапты эске алган жок. КР БШКнын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 366 368 … 483