Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу …

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

09-Окт, 2018

2018-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды.

Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 2-октябрындагы № 61 буйругу менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбетова Элмира Кубанычбековна, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 8-октябрындагы № 77-б буйругу менен Нурманбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Ниязов Анарбек Зайнидинович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 26-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.

2018-жылдын 5-октябрына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок.

Ошондой эле, 2018-жылдын 5-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда эки катталган талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 23-октябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал, Ысык-Ата Бакай-Ата жана Ысык-Көл АШКга тапшырылды.

Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>