КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09 октября 2018
2018-жылдын 9-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Бишкек, Бакай-Ата жана Аксы АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешиндеги депутат М.Узденова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – К.Бекеновго өткөрүлүп берилди;
- Бишкек шаардык кеңешиндеги депутат Е.Бердникова (Деп.фракция “КСДП”) өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –С.Шинге өткөрүлүп берилди;
-Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылдык кеңешиндеги депутат С.Жоробеков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Базаркуловго өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык кеңешиндеги депутат М.Артыкбаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Т.Касымовго өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылдык кеңешиндеги депутат К.Шабданов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Нейталиевге өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
