Башкы Жаңылыктар ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу

ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу

ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
26-Сен, 2026

Шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү борбордук комиссиясында аккредитациядан өтүүгө тийиш. 

2026-жылдын 14-октябры 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болуп саналат.

Мыйзамдарга ылайык шайлоону маалыматтык камсыздоо шайлоочуларга маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүттү камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү түрдө жана ээн-эркин эрк билдирүүсүн, ошондой эле шайлоонун ачыктыгын камсыздоого багытталган. 

Эфир убактысы же басма аянты үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык саясий партиялар жана талапкерлер үчүн бирдей болушу жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 айдын ичинде белгиленген нарктан ашпашы керек.

Ушуга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө – 2026-жылдын 14-октябрына чейин – автоматташтырылган  маалыматтык тутум аркылуу төмөнкү документтерди бериши керек:

- жетекчинин аты-жөнү, жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр экендиги жөнүндө арызды;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн же болбосо салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патенттин) көчүрмөсүн (интернет-басылмалар үчүн);

- маалымат же маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишмердикти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсүн;

- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);

- эфир убактысын, басма аянтын же жарыялоолорду интернет-басылмада жайгаштыруу укугун бергени үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-басылмалардан жогоруда көрсөтүлгөн документтер кагаз түрүндө, ошондой эле КР БШКнын маалыматтык камсыздоо секторунун pr.shailoo@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынбайт. 

         Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынын башкы бетинде жайгашкан   “ЖМКны аккредитациялоо” бөлүмүнө кирип, арыздарыңыздарды калтырсаңыздар болот. 

Сурап-билүү үчүн телефон: 66 54 52

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө
18-Ноя, 2026

Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө

Бүгүн, 18-ноябрда, өлкө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо инфраструктурасын жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлүүдө. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.Тестирлөө өлкө боюнча 2 492 шайлоо участогун, ошондой эле Бишкек шаарындагы «Дордой Плаза» соода борборунда жайгашкан аралыктан добуш берүү участогун камтыйт.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аталган участкага барып, аралыктан добуш берүү тартибин көрсөтүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.Тестирлөөнүн негизги максаты — шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын алдыдагы президенттик шайлоого даярдыгын текшерүү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
17-Ноя, 2026

КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) менен Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кызматташтык «Жаштардын тандоосу - келечек биздин колубузда» аттуу билим берүү демилгесин ишке ашырууга багытталган.Программа студенттердин жарандык жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана медиасабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган. Ал 2026-жылдын 18-ноябрынан 18-декабрына чейин Бишкек шаарында өткөрүлүп, борбор калаадагы сегиз жогорку окуу жайынан 40 студентти камтыйт.Катышуучуларды шайлоо мыйзамдары, шайлоо укуктары жана добуш берүү жол-жоболору боюнча лекциялар, семинарлар жана практикалык сабактар, ошондой эле медиасабаттуулук жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү боюнча тренингдер күтөт. Программанын жыйынтыгында университеттер аралык сынак өткөрүлүп, анда студенттерден түзүлгөн сегиз команда өз демилгелерин сунуштайт.Бул жаштар демилгесинин автору жана демилгечиси - Rise Up Kyrgyzstan тобу. Анын өкүлдөрү демилгенин концепциясын иштеп чыгып, иш-чаралардын календардык планын даярдап, кызматташуу сунушу менен КР БШКга кайрылышкан.Меморандумга БШКнын алдындагы ЖБШТБнын директору Анара Бейшембаева жана Rise Up Kyrgyzstan тобунун жетекчиси Нурмира Мурзакматова кол коюшту.«Жаштардын шайлоо процесси тууралуу билимин кеңейтүүгө болгон умтулуусун кубаттайбыз. Бул демилгенин өзгөчөлүгү - аны жаштардын өздөрү иштеп чыгышкан. Борбор зарыл болгон эксперттик жана усулдук колдоо көрсөтүүгө даяр», - деп белгиледи А. Бейшембаева.«Жаштар ишенимдүү маалымат алып, өздөрүнүн жарандык укуктары менен милдеттерин билип, коомдук турмушка аң-сезимдүү катышуусу биз үчүн маанилүү. Биздин демилгебиз колдоо тапканына кубанычтабыз», - деп баса белгиледи Н. Мурзакматова.2026-жылдын ноябрь айында Rise Up Kyrgyzstan тобу аталган демилгени Берлин шаарында өткөн Germany & Central Asia 2027 эл аралык форумунда да тааныштырган. Германиянын Copernicus Berlin уюму демилгеге кызыгуу билдирип, аны эл аралык аудиторияга чыгарууга сунуштаган.Тараптардын кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыктыярдуулук, өз ара урматтоо, ачыктык жана саясий бейтараптуулук принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Демилге билим берүү мүнөзүнө ээ.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>