2018-жылдын 19-октябрында Ак-Таш, Сары-Коо жана Ак-Добо айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

19 октября 2018

2018-жылдын 19-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.

Натыйжада:

- Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 20 добуш алган Дооранов Абдулла Абдырайымович шайланды. Ак-Таш айылдык кеңешинде 21 депутат бар, 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган;

- Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Баков Айбек Калыгулович шайланды. Сары-Коо айылдык кеңешинде 11 депутат болуп, алардын ичинен 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган.

- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Оморканов Эрнисбек Макелович шайланды. Ак-Дөбө айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, алардын ичинен 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү